Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

“Алай” дагы 50 миң сом айыпка жыгылды


1-ноябрда да быйылкы чемпионатын кезектеги беттешүүсүн Оштун “Алай” командаcы үзгүлтүккө учуратты. Непалда 2010-жылкы Азия Кубогуна Кыргызстан талапкер болбой калды.

Бул күндөрү Непалдын борбору Катмандуда футбол боюнча 18 жашка чейинки уландар арасында 2010-жылкы Азия Кубогуна талапкерлерди тандоо мелдештери өтүүдө. Мында кыргызстандык жаш футболчулар «А» тобунда Тажикстан, Иордания, Йемен, Непал жана Палестина өлкөлөрүнүн командалары менен беттешүүдө. Бул топто 1-2-орунду ээлеген өлкөнүн жаш футболчулары 2010-жылкы Азия Кубогунун финалдык беттешүүлөрүнө жолдомо алат.

Өлкөнүн футбол федерациясынын башкы катчысы Нуртазин Жетибаев Непал мамлекетинде өтүп жаткан мелдештерде кыргызстандыктар үч жолу утулуу ызасын тартып, бир ирет гана жеңишке жеткенин, эми баш байгеге талапкер боло албастыгын өкүнүү менен «Азаттыкка» билдирди:

- Кыргызстан 2010-жылы боло турган Азия Кубогунун финалдык беттешүүлөрүнө жолдомо албай калды. Себеби Непалдагы оюндардын жыйынтыгына жараша – 6 командадан араң 5-орунда турат. Биринчи, экинчи орунду ээлеген өлкөлөр гана Азия Кубогуна катышууга укук алышат. Биздин уландар командабыз үч ирет утулуп, бирөөндө гана Палестина өлкөсүн жеңген.
Кыргызстандык жаш футболчулар Тажикстан, Непал жана Йордания өлкөлөрүнөн жеңилүү ызасын тартышкан.

Кыргызстандын футбол чемпионатынын экинчи финалдык этабындагы оюндар үзгүлтүккө учурап, Оштун «Алай» командасы 1-ноябрда Канттын «Абдыш-Ата» командасы менен беттешүүгө келбей коюп, дагы 50 миң сом айыпка жыгылды.

Футбол күйөрмандарына маалым болгондой, 29-октябрда Нарындын «Дордой-Динамо» командасы менен беттешүү учурунда эрежени одоно бузган "Алайдын" дарбазасы Едгор Маматбаевге башкы калыс кызыл кагаз көрсөтүп, футбол тааласынан чыгып кетүүсүн талап кылган. Калыстын мындай чечимине нааразы болгон Оштун «Алай» командасынын машыктыруучусу Абдумалик Мавлянов футболчуларын оюндан чыгарып кеткен.

Бул жаңжал үчүн футбол федерациясынын тартип комиссиясы «Алай» командасына 40 миң сом, устаты Абдумалик Мавляновго 10 миң сом айып салып, аны 5 оюндан четтеткен.

“Алайдын" башкы машыктыруучусу Абдумалик Мавлянов болсо футбол федерациясынын тартип комиссиясынын чечими өтө катаал болду деп эсептейт:

- «Дордой» менен болгон беттешүүдө эреже бузулганы менен калыс биздин дарбазачыга сары кагаз гана көрсөтүшү керек болчу. Ага кызыл кагазды көрсөтүп, оюндан чыгарып койгонуна макул эмесмин.Тартип комиссиясы дагы катаал чечим чыгарып койду. Эптеп каражат таап ойноп жатсак, дагы баардыгы болуп 90 миң айып салып койду. Мындан башка бизде дарбазачы да жок болгондуктан Канттын «Абыдыш-Ата» командасы менен дагы беттешүүдөн баш тарттык. Эрежелерди биздин команда гана бузуп жаткандай таасир калып жатат. Мындан мурдакы оюндарда эрежелер далай бузулгандыгына федерация көз жумуп, калыстык кылбай келген.

Өлкөнүн футбол федерациясын 17 жыл жетектеген мамлекеттик ишмер Амангелди Муралиевдин пикиринде чемпионаттын оюндарын үзгүлтүккө учураткан командаларга катуу чара көрүп, тартипке келтирүү зарыл.

Учурда өлкөнүн Жогорку Лиганын экинчи этабында Кыргызстандын беш жолку чемпиону Нарындын «Дордой-Динамо» командасы алдыда баратат. Алар финалдык экинчи этапта 11 упай топтоого жетишти.

Экинчи орунда келаткан 8 упайга ээ Канттын «Абдыш-Ата» командасы менен «Дордойдун» футболчулары 9-ноябрда чечүүчү беттешүүсүн өткөрөт.

Кыргызстандын футбол федерациясынын башкы катчысы Нуртазин Жетибаев «Абдыш-Ата» жана «Дордой» командаларынын ортосундагы чечүүчү беттешүүгө Москва жана Алматы шаарларынан калыстар чакырылып жаткандыгын «Азаттыкка» маалымдады.

Эгерде Нарындын «Дордой» командасы менен Каттын «Абдыш-Атасы” бул беттешүүдө тең чыкса, анда “дордойчулар” алтынчы ирет чемпиондугун сактап калат.

Чечүүчү оюнда «Абдыш-Ата» командасы «Дордойду» утуп алса, анда экөөнүн упайлары тең болуп, чемпиондукту чечүү үчүн кайрадан беттешүү өткөрөт.
XS
SM
MD
LG