Быйыл жайында Малайзияда чүчүкулак кармалып, 2010-жылы Азия чемпионатынын мыктыларды иргеп алуу таймаштарынын ирети, тобу аныкталган. Мында Кыргызстандын тандалма командасынын атаандаштары аныкталып, даярдыктар башталган.
Учурда Вьетнам өлкөсүнүн Хошемин шаарында 2010-жылкы Азия чемпионатынын мыктыларды иргеп алуу таймаштары өтүүдө.
Кыргызстан "Борбор Азия жана Түштүк" тобунда Ооганстан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен күч сынашып жатат.
Биринчи беттешүүнү Ооганистандын футболчулары менен өткөрүп, аларды 8:3 эсебинде утуп алышты. Ал эми 11-ноябрда экинчи оюнда Тажикстандын тандалма командасын дагы 3:2 эсебинде кыргызстандык футзалчылар жеңип, 6 упайга ээ болгон.
Кечээ 12-ноябрда Түркмөнстандын командасы менен болгон беттешүүнүн жыйынтыгы 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Жалпы упайлардын айырмасы боюнча Кыргызстандын футзал командасы 7 упайга ээ болуу менен өз тобунда биринчи орунду ээледи. Бул жеңиш келээрки жылы Ташкентте өтө турган Азия чемпионатынын финалдык беттешүүлөрүнө катышууга Кыргызстанга жол ачты.
Өлкөнүн футбол федерациясынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Нурдин Букуевдин пикиринде Кыргызстан чоң футболдон таанылбаса да футзалдан (кичи футболдон) Азияга абдан жакшы таанымал.
-Азия өлкөлөрү Кыргызстандын командасын футзалдан негизги атаандаш деп билет. 2010- жылы Ташкенттен Азия чемпиону үчүн жигиттер азыртан даярдык көрүүдө. Тилекке каршы футзал командабызга кыргыз өкмөтү көз кырың салып, каражат жагынан жардам берсе дурус болмок. Мисалы Иран, Жапон, Тайланд өлкөлөрүнүн футзал командалары Европа, Америка мамлекеттеринде биргелешип машыгууларды өткөрүү менен чеберчилигин жогорулатып жүрүшөт. Биз казактарга барууга да каражат жагынан кыйналабыз. Чынында, футзалды өнүктүрүш үчүн биринчиден, профессионалдык деңгээлге көтөрүшүбүз керек. Биздин өлкөдө чоң футболдун келечеги тумандуу болуп турганда футзалга көбүрөөк көңүл буруу учур талабы болуп турат.
Вьетнамдагы мыктыларды иреп алуу оюндарында кыргызстандык Кирилл Ермаков, Дилшат Кадыров, Нуржан Жетибаев, Эмил Каниетов, Эркин Байтиковдун чеберчилиги жогору бааланды.
Кыргызстандын футбол федерациясын 16 жыл жетектеген экс-премьер министр Амангелди Муралиев дагы өлкөнүн футзал командасынын ийгиликтерине кубанып, Азиядагы эң мыкты 5 команданын катарында экенин айтып, футзалдын келечеги кенен экенин «Азаттыкка» билдирди.
- Кыргызстандын командасы бир топ жылдан бери күчтүүлөрдүн тобуна кошулуп, таанылып жүрөт. Азырынча Азияда футзал боюнча Иран мыкты болуп алдына эч кимди чыгара элек. Жалпы жонунан бардык командалардын спорттук деңгээли өсүп жатканы кубандырат. Азиядагы спорт державалары: Жапония, Тайланд, Сингапур, Малайзия, Кореяда бразилиялык машыктыруучулар иштеп жатат. Азияда футзалдын өсүп-өнүгүшүнө өтө кунт коюлуп, камкордукка алына баштады. Азия футбол конфедерациясынын генералдык катчысы Питер Велапан жана Азия футзалынын төрагасы жапандык Жан Жак Агура жана ФИФАнын жооптуу кызматкерлери Кыргызстандын футзалынын деңгээли өсүп келатканын баса белгилеп жүрүшөт. Азиядагы биринчи 5 мыкты команданын катарына Кыргызстанды кошуп, келечегинен үмүттөндүргөн команда катары баа берүүнү өзү чоң жоопкерчиликти жүктөйт. Өлкөдө футзалды өнүктүрүп, ийгиликтерди жаратууга мүмкүн экендигин биздин жигиттер айгинелеп койду.
Кыргызстанда азырынча футзал боюнча элүүгө жакын команда бар. Алардын чеберчилиги жыл өткөн сайын жогорулап баратат. Ал эми дүйнө жүзүндө футболдун бул түрүн келечекте олимпиадалык оюндардын программасына киргизүүгө азыртан аракеттер көрүлүүдө.
Футзалдан Азия чемпионаты 2010-жылы 22-майда Ташкентте башталып, 30-майда жеңүүчүлөр аныкталат. Ошондуктан оюн ээси катары Өзбекстандын командасы иргеп алуу мелдештерине катышпай, финалдык беттешүүлөрдө мөрөй талашат.
Ошондой эле мурдагы Азия чемпионатынын байге ээлери Иран, Жапон жана Тайланд өлкөлөрү да финалдык беттешүүлөргө иргеп алуу оюндарысыз катышууга укуктуу.
Кыргызстандын футзал командасы 1999-жылдан бери эки жылда бир өткөрүлүп келаткан Азия чемпионаттарына катышып жүрөт.
2005-жылы Вьетнамда өткөн Азия чемпионатында кыргызстандыктар байгелүү үчунчү орунга жетип, коло медалдын ээлери болушкан. Андан кийин бир нече ирет жарым финалга чейин жетип, төртүнчү орун менен чектелген.