Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

Жалал-Абат: Газ жок, электрге күч келүүдө


Жалал-Абат облусунда жаратылыш газы өткөн айда карыз көбөйүп кетип токтотулган. Азыр көп кабаттуу үйлөрдө электр жарыгына күч келүүдө.

Облуска Өзбекстандан келчү газ 25-сентябрда өчүрүлгөн. Анын токтотулушуна газ карыздарынын көбөйгөнү себеп болду. Газдын качан кайра жанары белгисиз. Керектөөчүлөр ал үчүн 60 миллион сомдон ашык акча төлөөсү зарыл.

Губернатордун орунбасары Айбек Акбаровдун билдиришинче, күн сайын элден топтолууга тиешелүү болгон 400 миң сомдун жарымдайы гана жыйналууда. Кайдигер адамдардан акча топтоо оор болууда. Карыздын өсүүсүнө техникалык жоготуулар, карыздын үстөк пайыздары жана уурдап жагуулар да түрткү берди.

Жаратылыш газын облустун борбору менен Майлуу-Суу шаарынын калкы жана ал шаардагы электр шамдарын чыгаруучу ишкана жагат. Аталган завод 55 миллион сом карыздар. Карызы миң сомдон ашкан жарандардын газ түтүктөрү кыркылууда. Аны төлөгөн соң, түтүгүн кайра улаарда аларга эки жарым эсе ашыкча акча төгүүгө туура келет, дейт Айбек Акбаров:

- Газга болгон элдин карызы азыр 5 млн. тегерегинде болуп атат. Азыркы күндө коюлган установка боюнча 400 миңдин тегерегинде биз акча топтошубуз керек. Тилекке каршы, биз азыр 50 пайызын топтоп атабыз 250 миңге чейин. 55 млн. лампа заводунун карызы, ал убактылуу өкмөттүн токтомунун негизинде токтотулган. Азыркы карызды лампа заводу төлөп атат. Уурулуктар баары бир болот, миң сомдон көбөйүп кеткендер кесилип атат.

Өзбекстан газды токтотуп койгондон кийин электр тогуна күч келип, базарда таламайга түшкөн электр мештеринин баасы өстү. «Жалал -Абат электро» акционердик коомунун төрагасы Назиржан Сарбаевдин жообуна караганда, электр жарыгынын карызы да баштан ашат. Карызын төлөбөгөн кайдигер адамдарга электр тогун өчүрүүлөр, айып салуулар да таасир этпей жатат:

-Газды токтотуп койгонунун себеби менен биздин сеттерге күч келип атат. Жөнөкөй эле үйлөрдү алсак, бүгүн бир жарым, эки киловаттык электр плитаны иштетип атат.1-октярга алсак, элдин карызы 106 млн. сомду түзүп атат, өчүрүп атабыз, бирок жакшы төлөнбөй атат.

Талдоочулар газ тармагында уурулуктун көптүгүн, жарандар төлөгөнү менен көзөмөлчүлөр газ акысын өндүрмөк тургай, чоң кызматта иштегендердин үйлөрүнө баш бага албай тургандыгын белгилешүүдө. Кымбатчылыктын жана маянасынын аздыгынан газ акысын төлөөгө карапайым адамдардын шаасы жетпей жатат.

Жалал-Абад шаарынын тургуну Уларкан Аттокурова газ күйбөгөндүгүнөн анын акысын алдын-ала жана убагында төлөгөндөрдүн да укугу бузулуп жаткандыгына кабатыр. Баш аламандыкка жол коюп, керектөөчүлөрдүн укугун коргой албаганы үчүн газды улоо жагын өкмөт өз моюнуна алуусу абзел, деп эсептейт ал:

-Газдын өчүп калганы шаарда жашаган адамдар үчүн оор эле болуп атат. Бардыгыбыз электрге асылып атабыз. Отуну барлар отун жагып атат. Канчалык оор болсо дагы мамлекет жакшылап караштырып чечип койсо жакшы болот эле, карызы бар элдер уялып төлөшсө андан да жакшы болот эле. Газы жок отурган бизге оор, бир да карызыбыз жок газсыз отурган биз үчүн таарынычтуу болуп атат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG