Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Мекеде бүгүн ажылык зыяраттар башталууда


Ажылык зыяраттар бүгүн, 6-декабрь – ишемби күнү Мина өрөөнүндө башталууда. Таңкы багымдат намазын окугандан кийин зыяратчылар бүт Мекеден Мина өрөөнүнө жөнөшөт.

Биз жума күнү кечинде адегенде Кыргызстандын Мекедеги ажылык штабынын башчысы Мамбетасан-ажы Ибраев менен сүйлөштүк телефондо:

- Мамбетасан-ажы, жалпысы азыр Кыргызстандан канча зыяратчы бар Мекеде?

- Төрт миң алты жүз сексен жети болуш керек...

- Королдун чакырыгы менен канча зыяратчы барды?

- Отуз.

- Алматыдан виза алып, ажыга жөнөгөн кыргызстандыктар да бар эмес беле, алардын саны канча экен?

- Так билбейбиз. Паспорттору бизге түшпөйт экен алардын.

- Мамбетасан-ажы, учак менен эмес, автоунаа менен да Кыргызстандан өз алдынча зыяратчылар барып алчу эле. Андайлар байкалдыбы бу жолу?

- Келишкен имиш. Бирок, чегарадан киргизбей коюшуптур. Мекеде жок алар.

- Кыргызстандык зыяратчылар толук аман-эсенби баягы төрт киши кайтыш болгондон кийин?

- Андан кийин дагы бир кыз “өттү”, Ош жактан болот экен. Аты-жөнүн эстей албай атам – азыр биз штабда эмес, башка жерде жүрдүк эле. Оорулуу кыз экен өзү. Ата-энеси ушул ыйык жер, замзам суу шыпаа болобу деп апкелишкен экен. Ошо ата-энесинин уруксаты менен сөөгү Мекеге коюлду.

- Ысыкпы Меке?

- Күндүз 30 градус, түнкүсүн 20 градус ысык.

- Ооруп-сыркагандар бар деп угуп атабыз...

- Көпчүлүгүн бизде жашы улуулар келет экен да. Сырткы ысыкты, бөлмөдөгү кондиционердин суугун көтөрө албай ооруп калышууда.

- Минага качан сапар алганы турасыздар?

- Бүгүн түн ичинде. Уктабай таң атканча Минадагы бизге бөлүнгөн чатырларыбызга жетип алалы деп атабыз. Өзү эрте менен багымдат намаздан кийин чыгышат жалпы эл. Анда тыгын болуп калабы деп биз түнү менен кеткени жатабыз кыргызстандыктар.

Ушул эле күнү биз Жалал-Абаттан барган ажы башчы Дилмурат-ажы Орозовго телефон чалсак – азан жаңырды.

- Дилмурат-ажы, сиз азыр Мекенин кайсыл жеринде турасыз?

- Азыр каабатулланын жанында турам. Мечитте жума намазга азан айтылып жатат.

- Бизге ишембиде башталчу ажылык зыяраттардын ирет-түзүмүн айтып бериңизчи?

- Ишембиде багымдат намазынан кийин бүт зыяратчылар Мина деген жерге чыгышат. Ошол жердеги чатырларда кечке ибадат кылышат да, түнөп калышат. Жекшембиде – арапа күнү Арафат тоосуна кетишет. Ал жерде кечке чейин ибадат кылышып, кечинде Муздалифа деген жерге барып жатышат. Курман айт – майрам күнү ажылыктын эң негизги ибадаттары жасалат: шайтанга таш атуу, курмандык чалуу, чач алдыруу ж. б. Анан Мекеге кайра келишип Каабатулланы жети жолу айланып чыгыш керек.

Жума күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев да жалпы мусулмандарды алдыдагы курман айт майрамы менен куттуктады.

XS
SM
MD
LG