Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:22

Ажылык негизги зыяраттар аягына чыкты


30-ноябрь күнү ажылык негизги зыяраттар аягына чыкты. Медина шаары аркылуу Мекеге баргандар Кыргызстанга кайтуу камылгасын көрүшөт. Ал эми Мединага бара электер ошол жакка сапар улашат.

Адегенде Мекеден Абы уулу Давидбек менен телефон-маек курдук:

- Давидбек-ажы, мына бүгүн 30-ноябрь, саат 22ден өтүп калды Бишкекте. А сиздер кайсы жерде эмне иштерди жасап жатасыздар? Жалпы баарыңыздарды “ажы” деп атай берсек болобу?

- Бүгүн ажылык негизги зыяраттар бүтүрүлдү. Шарияттын негизинде ажылардын акыркылары Минадан бүгүн кайтып келишти Мекеге. Саударабиясында – Мекеде ажылык сапарда жүргөндөрдү, тактай кетели, Арафат тоосуна арапа күнү чыккандарды бүгүндөн баштап “ажы” деп атай берсек болот. Шарият жол берет ага.

- Сиздерди жалпы куттуктайбыз. Ал эми мындан аркы программаңыздар кандай болот?

- Ар бир топтун өзүнө жараша программасы бар. Мисалы, биз Мекеде дагы 5 күнгө жакын турабыз да, Мединага сапар алабыз. Ажылар пайгамбардын кабыры турган жерге, Пайгамбардын мечитине зыярат кылбаса болбойт. Дагы башка да барчу жайлар арбын. Айрым топтор келатканда Медина аркылуу келишкен. Алар эс алгандан кийин дароо Кыргызстанга сапар алышат.

- Ошол Мекенин өзүндөгү ыйык тоолорго, Мухаммед пайгамбар жүргөн чөлкөмдөргө да кошумча сапар жасалчу эмес беле?

- Быйыл зыяратчылар учак менен эртерээк келишкендиктен көпчүлүгү андай нерселерди ажылык негизги ибадаттар баштала электе эле бүтүрүп коюшкан.

- Давидбек-ажы, кыргызстандык ажылар аман-эсенби? Башында бир киши көз жумду эле...

- Тынч калганы. Быйыл салкын болгондуктан жылдагыдай катуу ооругандар, кыйналгандар деле жокко эсе. Анын үстүнө быйыл учак менен эртерээк келгендиктен, бул жактын аба-ырайына кыйла көнүшүп калышты кыргызстандыктар.

Андан кийинки телефон-маегибиз ажы башчы Нурланбек Масылбаев менен уланды:

Нурланбек-ажы, ооруп-сыркагандар чын эле азбы быйыл?

- Биз тигил жактан – Кыргызстандан чыгаарда тумоолорго каршы эмделгенбиз да. Ошон үчүн го, сасык тумоо менен ооругандар бирин-экин эле. Бирдаарынын тамагы ооруп жүрөт – ал муздак суу ичкендиктен.

- Чочко тумоосунан Саударабстанда айрым зыяратчылар көз жумду деген маалыматтар чыгып атат. Албетте, алар таптакыр башка жактыктар экен. Кыргызстандыктарга коркунуч жокпу?

- Коркунуч деле жок. Чынын айтсам, аны ойлогон деле эчким жок. Өз табынуу-сыйынуулары менен алек.

Кошумчалай кетерибиз, кыргызстандык ажыларды Саударабстандан Кыргызстанга апкеле турган алгачкы авиакаттам 2-декабрда сапар алып, Кыргызстанга 3-декабрь күнү конот.

XS
SM
MD
LG