Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

“Улукман”: аял-эркек мамилелери


Алгачкы кыргыз сексопатологу маркум Күлчоро Аскаров көз жумардын алдында "Азаттык" радиосунун угармандарына аял менен эркектин коомдогу жана жеке мамилелери тууралу ой бөлүшкөн.

Сексопатологдун пикиринде көпчүлүк кыргыз аялдарынын басыңкы жүрүшү, ал эми эркектердин өздөрүн көтөрүңкү сезүүсү – бала кезден калыптанат. Кыз балдарга эркек балдарды, эркек балдарга кыз балдарды сыйлоо тууралу, бири бирине мыкты сапаттар менен көрүнүүгө далалаттануу жөнүндө ар бир эле кыргыз үйбүлөсүндө айтыла бербейт:

- Биздин аялды сыйлабагандыгыбыз – тээ пайдубалды туура эмес тургузуп жатканыбыздан болуп жатат. Пайдубал начар болгон соң, дубалы кийин урап түшөт. Пайдубалы эмнеде? Кыз баланы сыйлап тарбиялоодо, тең тарбиялоодо. А бизде көбүнчө кандай? Уул баланы – биздин “тукумубуз” деп өзгөчө көрүшөт. А кыз балага “бирөөнүн бүлөсү, кетип калат” деген мамиле жасашат.

Кыргыздын ушагы да балдардын психологиясын бузат... Көпчүлүк үй бүлөлөрдө балдарды кагып-силкип, ат коюп, ата-энелер, чоңдор суук сүйлөшөт. Мисалы кыздарды “тултук”дешип, балдарды болсо “о, сен кыйратпайсың го, колуңан эмне келет?” деген сыяктуу мамиле – балдардын психологиясын акырындан жабырката берет... Өздөрүнө болгон ишеним ыдырай берет... Ошондон улам мектептерде өзгөчө эркек балдар кыздарга ат коюп, чымчылап тийишишет, кемчил жактарын белгилеп капа кылышат.

Башкалардан уккан өзүнүн кемчил жактары кыздын психологиясына уюп калат. Ошондон басыңкы тарта берет. Мисалы мага бир келин айтып жатпайбы: мен күйөөм менен жатканда көйнөгүмдү чечпейм. “Көкүрөгүң кичине турбайбы” дегенден кийин эле, көйнөгүмдү чечкенден уялып калдым - деп. Карачы, бул кандай туура эмес мамиле. Көкүрөгү чоң болобу, кичине болобу – эмчек сүтүн берип, баланы чоңойтуп жатпайбы. Кыргыздын басымдуу эркектеринде “эркектик шовинизм”, өзүмчүлдүк күчтүү...

Мисалы аялдар саясатта көп кармалбай келатат. Себеби эл-жерге берилген акылдуу аялдарды саясаттан да жанагы эле эркектер четтетишет. Аялдын жан дүйнөсү, касиети башка да. Чоң кызматтагы аял эч качан коррупциячы болбойт. Себеби психология илими боюнча – аялдын баш мээсинде боорукерлик, чынчылдык сезими күчтүү. Мындай аялдарды саясаттан сүрүп чыгарышат.

Мисалы, Чынара Жакыпованы алалы. Анын акыл-сезими абдан күчтүү да. Мен билем, аны саясаттан эмнеге кетиришкенин. Чынара Акаевдин тушунда билим берүү министри болуп турбады беле. Ошондо министр Чынара Жакыпова айыл жерин кыдырат. Бир үй бүлөгө баш бакса, кичинекей үч-төрт баласы бар, өтө кедей жашаган келин тосуп чыгат.

Ал Чынарага өздөрүнүн жашоосун айтып, мындай бир мисалды сүйлөп берет: Кичинекей балдар “апа, кант бер”, “апа кант бер” деп ыйлай беришет... Айласы түгөнгөн байкуш келин сырттан апаппак таштарды терип келип, чай куюлган чыныга салып, “мына балдарым, силерге кант” деп алдаптыр... Чынара мына ушул окуяны гезиттерге бере коюп, министрликтен кеткен. Көрүңүзчү Чынара кызыбыздын аруулугун, чынчылдыгын.

XS
SM
MD
LG