Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

“Улукман:" Узак жашоонун кандай сырлары бар?


Соңку жылдары Кыргызстанда жүрөк дартына чалдыккандар көбөйүүдө
Соңку жылдары Кыргызстанда жүрөк дартына чалдыккандар көбөйүүдө

Бишкекте дем алуу органдарынын курч кармачу респиратордук түрү менен катталгандар көп болууда. Орусиянын кардиохирургдары Бишкекте бекер жүрөк операцияларын жасоону улантат. Өмүрдү узартуунун кандай эрежелери бар?


Медицина кабарлары

Бишкектеги республикалык инфекциялык ооруканага дем алуу органдарынын курч кармачу респиратордук түрү менен оорулуулар көп түшүп, соңку учурда бул дарт менен кичинекей наристелер да көп катталууда. “Улукмандын” өткөнкү чыгарылышында аталган оорукананын башкы дарыгери Нарынбек Айткулуев “Азаттыкка” борбордун реанимация бөлүмүндө бир-эки жаш курактагы 30 наристе жатканын кабатырлануу менен кабарлаган болчу.

Бул жагдай боюнча учурдагы абал тууралу республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Нарынбек Айткулуев буларды маалымдады:

- Биздин ооруканага дем алуу органдарынын курч кармачу респиратордук түрү менен бир жаштан үч жашка чейинки наристелер көп түшүп жатат. Абал мурдагыдай эле. Азыр ооруканада баары болуп 375 оорулуу дарыланууда. 27 бала реанимация бөлүмүндө. Дарылар жетиштүү эле азырынча. Бирок биз бул жагдайды жеңилдетүүдө - шаардагы №3 балдар ооруканасы жана Энени жана баланы коргоо улуттук борбору менен биргеликте иштеп жатабыз. Өзгөчө жаш энелерге кеңешим – жаш балдарын алып көчөлөп, коноктоп жүрүшпөсө. Балдардын саламаттыгына зирек мамиле жасашса.

Жаңы жыл алдында Москвада Орусиянын Бакулев атындагы Жүрөк хирургиясы институтунда аталган борбордун директору, академик Лео Бокериянын 70 жылдык мааракеси белгиленди. Лео Бокерия 2009-жылы жаз айында Борбордук Азияда алгачкы жолу жүрөккө операция жасаган кыргыз академиги Иса Ахунбаевдин 100 жылдык мааракесине келип, Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу улуттук борборунда бир канча оорулууга, анын ичинде ымыркайларга бекер жүрөк операцияларын жасап кеткен.

Андан сырткары Лео Бокериянын шакирттеринин бири кардиохирург Александр Кимдин жетекчилигинде да орусиялык кардиохирургдардын бригадасы бекер операцияларды жүргүзүп кайткан.

Академик Лео Бокерия Кыргыз жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо улуттук борборунун ардактуу директору болуп саналат. Кыргызстандан Лео Бокериянын 70 жылдык мааракесине аталган институттун директорунун орунбасары Айдар Шералиев барып катышып келди.

Институттун директору профессор Калдарбек Абдраманов “Азаттыкка” Орусия менен Кыргызстандын кардиохирургдарынын тажрыйба алмашуу байланыштары 2010-жылда да уланарын маалымдады:

- Эки-үч айдын ичинде биздин Улуттук борборго Орусиядан академик Лео Бокериянын, профессор Александр Кимдин жетекчилигинде кардиохирургдардын бригадалары келет. Алар өзгөчө жүрөктүн тубаса кемтиктери менен төрөлгөн жүздөгөн ымыркайга татаал операцияларды жасоодо бизге тажрыйба көрсөтүшөт.

“Жүрөк дартынын дарысы өзүңдө”

Ушу тапта Кыргызстанда жүрөк оорусу менен ооругандар көбөйдү. Жүрөк кан тамыр дарттары менен каза тапкандар Кыргызстандагы жалпы өлүмдүн жарымын түзүп жаткандыгы да коомчулуктун тынчын алууда. Айрым эксперттер жүрөк дарты менен ооругандардын көбөйүшүн коомдогу чиеленишкен күндөлүк турмуш-шарт, социалдык абал менен байланыштырышууда. Кымбатчылык, акыйкаттуулуктан акыйкатсыздыгы күч алган мыйзамсыздык - адамдардын ден соолугуна терс таасирин берип жатат деген пикирлер да басымдуу.


Жүрөк оорусунун алдын алуу боюнча сөздү - бул дарттын дарысы ар адамдын колунда деген изги тилек менен баштайлы. Анткени, коомчулуктун бири-бирине жагымдуу мамиле жасоосу “жүрөк оорудан сактайт” дейт жашоонун сырын өздөштүрө билип, узак жашаган замандаштар. Анан да өлкөдөгү социалдык-экономикалык жалпы кырдаал элдин ден соолугуна өз залакасын тийгизбей койбосу маалым.

Окумуштуу дарыгерлер арасында жүрөк оорунун жайылышын экологиянын бузулушунан жана тамак-аштын сапатынын жакшы эместигинен көрүп жаткандар бар. Ошондой эле өз убагында дарыгерлердин кеңешинен өтүп турбагандык деп сыркоолуулардын өздөрүн кинөөлөгөндүк да жок эмес.

Айрым адистер болсо жүрөк оорусу тубаса кандайдыр бир өнөкөт оорулардын, тукум куучулуктун себеби деп санашат. Кан тамыр оорулары, кан басымдын жогорулашы - жүрөк ооруларын пайда кылары айтылат. Ал эми өнүккөн мамлекеттерде, же болбосо калкы бакубаттуу деп эсептелген өлкөлөрдүн расмий медицинасынын жана элдик дарыгерлеринин, изилдөөчү-эксперттеринин айтымында, жүрөк оору бул жан дүйнө оорусу деп коюшат экен. Айрым аалымдар “дубал кыйраса тургузулат, жан дүйнө кыйрабасын” деп калышат. Жан дүйнө демекчи руханий дүйнө дегенди кошо камтып караганда, жан дүйнөнүн руханий жарыктыгы чексиз ааламга салыштырылып, аруулук- сулуулук деп айтылат.

Андай ырахатты сезе билген адамдын жүрөгү оорубайт деп айтышат медицинаны, жашоодогу ички-тышкы кубулуштарды өздөштүрө алгандар. Демек жүрөк сезгич. Айтып калышат да акылың менен эмес, жүрөгүң менен кеңеш, жүрөк алдабайт деп. “Жүрөк оорунун ачкычы ар бир адамдын өзүнүн колунда” делген сөздүн бир чындыгы бардай. Анын сыңарындай жүрөк - организмди машинанын мотору сыяктуу кыймылдаткыч күчкө ээ.

“Айтмакчы коом ооруса анда жашаган адамдар да ооруйт” демекчи, социалдык шарттын начардыгы ар бир жаранды жүрөк оору кылары айтылууда. Демек ар бир адамды тиричиликтеги кездешкен кыйынчылыктарды жеңүүдө чыдамкайлык менен, жүрөккө күч келтирбеген абалда жашоону өткөрө билүүгө чакырып келишет психологдор.

Канча жылдан бери ооруканадан ооруканага каттаган бир айым, жүрөгү кантип ооруп калганын айтат:

- Менин ооруп жүргөнүмө көп болду. Баягы союз ыдырагандан жалпыга келген кыйынчылык биздин үй-бүлөдөн өтүп кеткен жок. Балдарым окуйт. Контракт деген чыккан. Акыры үйүмдүн документин бир “частный” кредитчиге берип, үстөк пулу менен акча алдым. Анын проценти эле эки үйдүн акчасын түзүп калса болобу. Ушундан акыры жүрөк ооруга кабылдым. Канча жылдан кийин, балдарым чет жактарга барып иштешип, кичине абалыбыз жеңилдеди окшойт, жүрөгүм да жеңилдеп азыр ооруган жерим жок жүрөм. Жүрөк оору деген бул кайгыдан, санаадан экен.

Ушундай деген маектеш айымдын пикирин врач-адистерге билдирип, сөзгө тартканыбызда алар деле калпыс дешкен жок. “Какаганга муштаган болуп” ооруканага эле жата коюу оңой болсо экен. Дары-дармек, күндөлүк тамак-аштын кымбаттыгы, булардын баары жүрөк дартына кабылтуучу себептердин бири экенин тастыкташты.

Жүрөк дарты боюнча дарыгер Абди Мусаев мындай дейт:

- Албетте сар-санаа деген башта турат да. “Башы оорубагандын Кудай менен иши жок” дегендей орусча айтканда “стресс”, кыжалатчылык мунун баары жалпы социалдык-экономикалык абал менен байланыштуу. Канча адамдар жүрөк дарты менен кайрылышат. Сурай келсең бирөө менен урушканын, же бир соттордун туура эмес өкүм чыгарып койгонун айтып, акыры жүрөгүнөн инсульт алганын айтышат.

Ушундай деген врачтын пикиринен соң шарият мыйзамдарын иликтеп жүргөн жазуучу Садык Гавай жүрөк дартынан кантип сактанса болот деген теманы минтип улады:

- Момун адамдардын ичинен дегеле жүрөгү ооруп, инсульт болуп каттоого алынгандар болбоптур. Анткени мунун себебин эки мааниде караса болот. Биринчиден көп дүйнө жыйнабайт. Күнүгө намаз окуп өзүнүн дилин тазалап дегендей, сууну да шүгүр кылып шорпо ичкендей ырахаттанып ичет. Канча мүчүлүштүк-жетишпестиктер болбосун өзүн сабырдуулукка чакырып алат. Ал намазда аткарылып жатпайбы. Жакында бир кишини көрдүм. Өмүр бою СНБда иштептир. Жүрөгү ооруп өзү жалгыз жашап калыптыр. Бул анын жашоосундагы кечирген өмүр-таржымалынын жыйынтыгы болуп жатпайбы. Ак сарай үйү бар экен. Карапайымдардын мал-дүйнөсү өп-чап болгону менен руханий жан дүйнөсү таза болот демекчимин да.

Анан дагы адам укуктарынын тебеленип-тепселиши да калк ичинде жүрөк оорунун көбөйүшүн шарттоодо дешет талдоочулар. Адам укугун коргоо милдети жүктөлгөн милиция, сот-прокуратура органдарынын айрыкча карапайым адамдарга жасаган кайдыгер мамилеси, мыйзамсыздык кадамдарга баруулары жүрөк оорусуна кабылтып, ал эмес өмүрдү мерт кыйган окуяларды көп эле угууга болот. Мына ушундай жагдайларды Кыргызстанда адамдардын арасында жүрөк оорусунун көбөйгөндүгүнүн олуттуу мисалы катары караса болот.

Өмүрдү узартуу эрежелери

Абалтан адам баласы жаш болуунун, өмүрдү узартуунун аракеттерин көрүп келет. Өзгөчө 50-60 жашка келген адамда ар кандай өнөкөт оорулар пайда болот. Дегеле ар бир адам өмүрүн узартуусу үчүн кандай эрежелерди сактоосу зарыл?

Окумуштуулардын белгилешинче, эркектер аялзатына караганда аз жашайт. Эркектин организминде суюктук аялзатынын организмине салыштырмалуу 20 пайызга көбүрөөк болот. Ошого карабай алар суюктукту көп колдонот. Ошондой эле тамеки тарткан адамдын өмүрү тартпагандарга салыштырмалуу бир нече жашка кыскарат. Андыктан карылыкка ар бир адам жаш кезинен даярдануусу зарыл дейт Кыргыз Улуттук медициналык академиясынын тамактануу гигиенасы жана диетология кафедрасынын бөлүм башчысы Мария Кадырова:

- Жаш кезден арак ичпей, тамеки тартпай, көп кыймылдап, көп иштесе карыганда да алардын ден-соолугу чың болот. Жаш кезден карылыкка даярданыш керек, ичкен тамагың таза болуш керек, жаш кезден аң-сезимиңди даярдашың керек экен.

20дан 90 жашка чейинки аралыкта адам 30 пайыз, же 8-10 миллиард мээ клеткаларын жоготот. Ошого карабай, өмүр бою иштеп жүрүп, анан пенсияга чыккан адамдардын көпчүлүгү бат карып, ден-соолугу начарлайт. Ал эми грентология боюнча окумуштуулар туура уюштурулган жана моралдык жактан пайда алып келүүчү иш-аракет - кары-картаңдардын ден-соолугуна пайда алып келет деген жыйынтыкка келишкен.

Мария Кадырова да кары-картаңдарга атайын курстар ачылса жакшы болмок деген пикирде:

-Кары-картаңдар иштеш керек. Эгер алар иштебесе, кыймыл жок болсо, тамакка табити да, көңүлү да жок болот. Мисалы, азыр Кореяда, Хабаровскиде атайын курстарды ачып атышат, 60тан ашкан кемпир-чалдар келип компьютер үйрөнүшүп, бир офиске кирип алышып ишке орношуп атышат. Кары кишилерди жашарта турган бул - иш экен да. Мен ойлойм биздин өкмөт деле кары-картаңдарга ушундай факультеттерди ачып коюп, пайдалуу иш берип койсо жакшы болмок. Турмушка кызыгуусу да башкача болмок. Жаңы келген техниканын пайдасы көп тиет экен аларга.

Бишкек шаарынын тургуну Гүлийпа Туякова ушу тапта 70 жашта. Ал өз өмүрүн иш менен узартып жатканын айтат:

- Мен 70 жаштамын. Өмүрдү узартыш үчүн иштеш керек. Мына мен үйдө жатпай эле, дүкөндө иштеп атам, балдарга жардам берем, көп басам. Ден-соолугум жакшы болуш үчүн убагында тамак ичем, убагында жатып эс алам.

Өмүрдүн узактыгынын орточо көрсөткүчү Орусияда – 65 жаш, Эстония, Малайзияда – 73 жаш, Кыргызстанда- 69 жаш болуп саналат. Ал эми статистикага ылайык, эң узак жашаган адамдар Японияда көп катталган.

Терапевт-адис Жамийла Мамбетжанова өмүрдү узартууда атайын эрежелерди сактоо керектигин белгилейт:

- Кары адамдар көп басыш керек, нервин бузбаш керек, көп эс алыш керек. Пайдалуу нерселерди жасоо керек, мисалы, эртең менен адегенде жылуу суу менен, анан муздак суу менен куюнса жакшы. Ал мээ тамырларынын иштешине жакшы таасир берет. Ошондо жүрөк дагы жакшы иштейт. Ошондой эле эртең менен кичине гимнастика жасаш керек. Колдон келсе таза абада да көп жүрүү пайдалуу.

Ал эми Мария Кадырованын кеңешинде, өмүрүн узартуу үчүн адамдар албетте эң башкысы туура тамактануусу зарыл:

- Айран ашказанда тамактын сиңишине абдан жакшы жардам берет. Ошондуктан сүт, айран көп ичиш керек. Кары кишилер тамакты бат-бат, анан аз-аздан ичиши керек. Жер-жемиш, дымдама, сууга, бууга бышырлган тамакты көп колдонуу зарыл.

Ошондой эле диетолог-адис кары-картаңдарга саламаттыгынын чың болушу үчүн мындайча кеңештерин берет:

- Күрүч, гречка, акшактан жасалган буламыкты күндө эртең менен сүткө бышырып жешсе, сүт менен чай ичсе, көк чайды көп пайдаланса жакшы. Ошондой эле кычкыл сүт, айран, кымыз аябай ден-соолукка пайдалуу.

XS
SM
MD
LG