Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Кандуу кагылыш канча кишинин саламаттыгын алды?


Кандуу кагылышуудан жараат алгандар.
Кандуу кагылышуудан жараат алгандар.

7-апрелде башталган кагылышуулардан жалпы республика боюнча ооруканаларга 1642 адам кайрылган. Алардын 577 си ооруканаларга жаткырылып, негизинен кайрылгандардын 70 пайызына операция жасалды.

79 киши октон алган жаракаттан каза болду. Көп оорулууларга экинчи ирет операция жасоо күтүлүүдө. Ооруканалардын реанимация бөлүмдөрүндө учурда 48 киши жатат.

Санына ок жеп Бишкектеги Травматология жана ортопедия Улуттук борборуна түшкөн Майрамбек Борбордук аянтта тек гана эл ичинде жүргөн. Алдыңкы саптагы митингчилердин деле арасында эмес экен:

- Мен эл ичинде көпчүлүк менен жүргөм. Алдыда деле эмес болчум. Ок саныма тийди. Абдан кыйналып турам.

Учурда Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүндө жаткан Руслан Сагынбеков эшикте басып жүргөн экен. Анын башына ок тийген:

- Башыма ок тийди. Алдыңкы катарда болчум. Алдыңкыларды бүт снайпер менен кырышпадыбы... Азыр эми акыбалым жакшы эле. Операция болгонум жок. Ийне сайып жатышат.

Башынын үч жерине ок тийип Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүндө реанимациядан жаңы чыккан 25 жаштагы Турдалиев Алтынбектин апасы Калиева Жамийла баласынын акыбалы боюнча “Азаттыкка” төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Уулум Алтынбек базарда иштечү. Жаңы эле үйлөнгөн. СНБга киришкен экен. Эшикти ачып кирип барышса эле, ошол жерде иштегендер автомат менен токтотпой ата беришиптир. Ок башынын эки жерине, мурдунун үстүнө тийиптир. Бир ок баш мээсинин ортосунда алынбай турат. Доктурлар чоочуп, операция жасабай жатышат.

Ал эми нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Бектемир Мукамбетөмүров башынын үч жерине ок тийген 25 жаштагы Турдалиев Алтынбектин саламаттыгы жана анын баш мээсинин орто жеринде турган ок боюнча буларды айтты:

- Октун ар кандай түрү болот. Чоңу-кичинеси, чачырап кеткени. Эгер бул жигиттин баш мээсиндеги ок кичирээк болсо, майда тамырларды аралап кетпесе, зыяны болбогудай болсо, калтырып деле коюуга болот. Себеби кичинекей окту кууп отурганда, ал улам арылап, мээнин майда кан тамырларына зыянын тийгизиши мүмкүн.

Саламаттык сактоо министрлигинин калк менен байланышуу бөлүмүнүн жетекчиси Динара Сагымбаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, 7-апрелде башталган кагылышуулардан жалпы республика боюнча ооруканаларга 1642 адам кайрылган. Алардын 577си ооруканаларга жаткырылып, негизинен кайрылгандардын 70 пайызына операция жасалды. Таласта үч адам дарыланууда. Аларга операция да, кан берүү да талап кылынган жок. 79 киши октон алган жаракаттан каза болду.

Учурда оорулууларга кан жана дары-дармектер жетиштүү. Алгачкы күндөрдө жаракат алгандар орун-жайдын тартыштыгынан шаардагы балдардын эки ооруканасына да жаткырылган эле. Учурда оорулуулар Улуттук хирургия борборунда, Травматология жана ортопедия Улуттук борборунда, Бишкектеги №1-ооруканада, Улуттук госпиталда дарыланышууда.

Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы профессор Бектемир Мукамбетөмүров улам жаңы оорулуулар түшүп, алардын саны азайбай жатканын белгиледи:

- Биздин эле бөлүмдө учурда 70ке жакын киши жатат. Алтоо реанимацияда. Абалдары оор. Оорулуулардын саны учурда да азайбай жатат. Кечээ, бүгүн да түшкөндөр бар. Кийинкилер талап-тоноо учурунда жаракат алгандар. Кан, дары-дармек баары эле жетиштүү.

Үч күн ичинде Бишкектеги кан куюу борборуна кан берүү үчүн миңден ашык адам кайрылган. Бирок алардын 700үнөн 400 граммдан кан алынды. Кан берүүчүлөр дагы да келишүүдө.

48 киши учурда реанимация бөлүмдөрүндө жатышат. Алардын абалдары Саламаттык сактоо министрлигинин башкы дарыгери Самат Тойматовдун билдиришинче өтө оор эмес:

- Учурда 48 адам реанимация бөлүмдөрүндө. Бирок бул эсеп тез эле өзгөрүп жатат. Жаңы түшкөндөр болуп калат, чыккандар болот. Бирок алардын абалдары абдан оор деп айткыдай эмес.

Көпчүлүк дарыгерлердин билдиришинче жаракат алгандардын ооруканаларга массалык түрдө түшүшүнөн улам, ооруканаларда медициналык техникалык шаймандардын, жабдыктардын жетишсиздиги келип чыкты.

Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 151 жаракат адам кайрылганын аталган борбордун башчысы Сабырбек Жумабеков айтат:

-7синен 8ине караган түнү биздин ооруканага 151 адам кайрылды. 116 адамды биз ооруканага жаткырдык. Калганына амбулатордук түрдө жардам көрсөтүлүп, жараттарын тазалап, тигип үйлөрүнө жөнөттүк. 116 адамдын 20сы өтө оор абалда түштү. Алар башка, моюнга, денеге, ички органдарга, буту-колго жаракат алган биздин жарандарыбыз жана ички иштер, аскер органдарында иштегендер. Анын ичинен экөө аял. Андан тышкары 4 өтүп кеткен адамды бизге алып келди. Аларды биз аркылуу моргго жөнөттүк.

Ошондой эле борбордун башчысы 9 адам оор абалда реанимация бөлүмүндө жатканын кошумчалады.

- Тогуз адам өтө оор абалда реанимацияда жатышат. Алардын өмүрү үчүн биз күрөшүп атабыз.

Тополоңдо окко учкандардын көбү жаштар. Учурда ооруканада дарыланып жаткандардын айрымдарына микрофон сунуп, кайрылганыбызда, алар буларга токтолушту:

- Мен Асылбек Султанов. Аянтта турганбыз, снайперлер атканда, ок саныма тийди. Азыр абалым жакшы болуп калды. Азыр операция боло элекмин. Дарыгерлер операцияны 2-3 күндөн кийин жасайбыз дешти.

-Кожокеев Дүйшөнбек, өзүм Жумгалдан болом, учурда Бишкек шаарында турам. Ок түштөн кийин саат бештерде жамбашыма тийди. Балдар көтөрүп Тез жардамга жеткирди, ошону менен ооруканага жеткиришти. Азыр бул жерде жакшы карап атышат.

Ок жамбышма тийип табырсыктан чыкты. Ооруканада операция кылышты.

- Батырбек Султаналиев, Токтогул районунун тургунумун. Кечээ ийниме ок тийип, арка жактан чыгып кетти.

- Мен Шамшиев Мирлан, Кеминден келгем. Ок сол бутума жана томугума тийди. Мени жарадарларды көтөрүп баратканда атты. Операцияны аянттын жанындагы ооруканада жасашты. Ал жактан бул ооруканага которушту. Азыр бутума гипс салышты.

Республикалык кан борборуна тополоңдо жабыр тарткандарга кан берүү үчүн тургундар келип жатышат. Борбордун башкы директору Мухамедалим Турсунбаевдин айтуусунда, бул күндөрү миңге жакын адам келип, алардын жарымы кан тапшырышкан:

-Кечээ күнү миңдин тегерегинде адам келди. Анын 426сы кан тапшырышты. 8-апрелде 191 литр кан топтолду. Ооруканалар 7-апрелде сураганда бир ирет бердик, анан кийин 1-2 сааттан кийин дагы бир сурашты, эки толкун болду окшойт менин байкашымча. Ошону менен 8-апрелде түндө саат бир жарымда акыркы жолу сурашты.

Борбордо заманбап жабдыктардын жоктугунан улам келген адамдардын баарынан кан алууга адистер жетишпей жатканын кошумчалады Мухамедалим Турсунбаев:

-Биздин лабораторияда жабдыктар толугу менен эски. Ошондуктан 4 кандын кутучасын 25 мүнөт айлантып күтүп отурабыз. Сегиз центрафугадан үчөө эле иштеп атат, калгандарынын эскилиги жетип, кыймылдаткычтары күйүп, оңдогонго болбой калган. Анан азыр баары иштен чыгып калса эмне кылабыз? Ал муздаш керек. Ошондуктан күч келтирбегендей кылып иштетип атабыз.

Ал эми ушу тапта Бишкектеги травматология жана ортопедия борборунда дарыланып жаткандардын айрымдарына экинчи ирет операция жасоо зарыл. Ооруканада ага керектелүүчү медициналык темир жабдуулар жок дейт медицина илимдеринин доктору Сабырбек Жумабеков:

- Түшкөн оорулардын 50гө жакынына экинчи ирет чоң операциялар алдыда турат. Булардын сөөктөрүн бириктирип, атайын темир жабдуулар менен карматыш керек. Мындай темирлер жок бизде бүгүнкү күндө. Ал үчүн биз атайын заказ кылып алдыртышыбыз керек. Ушул маселе менен убактылуу өкмөткө кайрылалы деп жатабыз. Орусиядан болобу, Түркиядан болобу, ошолор менен келишим түзүп, акчасын которуп берсе, биз аларга заказ кылып алат элек.

XS
SM
MD
LG