Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

3-ноябрь: Тарых барактары: Кыргыз элинин теги иликтене баштаган


1936-жылдын бул күнү Франклин Рузвельт экинчи жолу АКШ президенттигине шайланган
1936-жылдын бул күнү Франклин Рузвельт экинчи жолу АКШ президенттигине шайланган

Түркстан генерал-губернатору 1909-жылдын 3-ноябрында Шабдан баатырга жер бөлүп берүү маселесин кайрадан козгогон. 1920-жылдын бул күнүндө «Кошчу» биримдигин уюштуруу туурасында чечим кабыл алынган.


Шабдан баатырдын империялык бийликтен Чүй өрөөнүнөн жер алуу туурасындагы өтүнүчү жергиликтүү деңгээлде колдоого алынганы менен жогорку инстанцияда ал идея жактырылган эмес. Орус бийлиги Шабдан баатыр сураган Атаке, Токмок болуштугундагы жерлерди Россиядан көчүрүлө турган дыйкандар үчүн камдагандыктан анын өтүнүч арызына улам вето коюлуп келген. Шабдан баатырга жер бөлүп берүүнү жактаган Түркстан генерал-губернатору бул маселени кайрадан козгоп, 1909-жылдын 3-ноябрында өтүнүч катты империянын Жертейлөө жана жериштетүү боюнча башкы башкармалыгына жолдогон.

Түркстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитети 1920-жылдын 3-ноябрында өткөн пленумда «Кошчу» биримдигин уюштуруу туурасында чечим кабыл алган. Жаңы уюшулган биримдик дыйкандар менен жарды, жалчылардын жергиликтүү жумушчу отрядына жардам берип, көмөк көрсөтөт деген ниетте курулган.

Ташкентте уюшулган Кыргыз тарых комиссиясы 1922-жылдын бул күндөрү кыргыз элинин теги жана маданияты туурасында материал топтоого киришкен. Комиссия кыргыз жана казак терминдеринин айырмасы, алардын тарыхына байланышкан материалдарды чогулткан. Пишпек уездинде болсо, комиссия мүчүлөрү 1916-жылкы кыргыздардын көтөрүлүшүнө байланышкан эскерүүлөрдү жыйнашкан.

Фрунзе шаардык жумушчу жана кызыл аскер депутаттардын кеңеши 1929-жылдын 3-ноябрында бардык мекемелерге мамлекеттик желектердин илинишин милдеттендирген чечим чыгарган. Шаардык кеңештин чечими жеке же кооперативдик менчиктин түрүнө карабастан атакарылып, мамлекеттик символдор бир ай аралыгында бардык мекемелердин имараттарына илинген.

Донор өлкөлөрдүн консультативдик кеңешининин Бишкектеги жыйыны 2004-жылдын 3-ноябрында өткөрүлгөн. Жыйында Кыргызстандагы жакырчылыкты азайтуу багытында улуттук стратегияны ишке ашыруу; иштелип чыккан программаларды координациялоо талаптарын жакшыртуу, мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү сыяктуу маселелер талкууланган.

Бул күнү, 1903-жылы голланд физиологу Ф. Эйнтхофен электрокардиогрфты тапкандыгын жарыялап, 1936-жылы Франклин Рузвельт президенттик шайлоодо жеңип, экинчи мөөнөткө АКШ мамлекетинин башына келип, 1500-жылы атактуу италиялык зергер, скульптор Бенвенуто Челлини, 1619-жылы голланд живописчиси Виллем Калф, 1633-жылы италиялык врач Бернардино Рамацини, 1788-жылы шотланд химиги, азотту ачкан Даниэль Резерфорд, 1896-жылы тарыхчы Михаил Кутузов-Толстой, 1900-жылы «Адидас» фирмасын негиздөөчүлөрдүн бири Адольф Дасслер жарык дүйнөгө келсе, 1953-жылы төкмө акындардын алпы Калык Акиев жарык дүйнө менен кош айтышкан.

XS
SM
MD
LG