Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

25-декабрь: Тарых барактары


Румыниянын мурдакы президенти Николае Чаушеску аялы менен 1989-жылы 25-декабрда атылган.
Румыниянын мурдакы президенти Николае Чаушеску аялы менен 1989-жылы 25-декабрда атылган.

АКШ 1991-жылдын 25-декабрында Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик эгемендигин тааныды. Түштүк Чыгыш Азияда башталган 1998-жылкы экономикалык кризис Кыргызстанга да кесепети тийип, 1998-жылдын 25-декабрында министрлер кабинетинин башына Жумабек Ибраимов турган өкмөт келди.

Мурда Советтер Союзуна кирген Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Украина мамлекет башчылары 1991-жылдын 21-декабрында Алматы шаарында чогулушуп, Шериктеш мамлекеттердин биримдигин куруу туурасында келишимге кол коюшкан. Ал укуктук жактан СССР мамлекетинин тарагандыгын жыйынтыктаган.

Анын натыйжасында, ушул жылдын 25-декабрында АКШ Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик эгемендигин тааныган.
Түштүк Чыгыш Азияда башталган 1998-жылкы экономикалык кризис Кыргызстанга да кесепетин тийгизбей койгон эмес. Жети ай ичинде өлкөдө эки өкмөт алмашып, 1998-жылдын 25-декабрында министрлер кабинетинин башына Жумабек Ибраимов турган үчүнчү өкмөт келген.

Мындан эки күн мурун президенттин аспиранты аталган жана чарбалык жетекчиликтен кабары жок Кубанычбек Жумалиев жетектеген өкмөт отставкага кетирилген. Бирок Кыргызстандагы кризистик кырдаалды андан да күчөткөн К. Жумалиев Жалалабад областына губернатор болуп дайындалган.

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чегарасын аныктоо үчүн курулган өкмөт аралык комиссия, 2002-жылдын 25-декабрында ишин уланткан. Комиссиянын бул күнкү жыйынында эки өлкө арасын бөлгөн чегара маселесин тактоо принциптери боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

Кыргызстан президенти Аскар Акаевдин Казакстан Республикасына жасаган расмий визити 2003-жылдын бул күнү башталган. Ушул эле күнү ал Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, мамлекет аралык сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Сүйлөшүү маалында аймактык коопсуздук жана экономикалык кызматташуу маселелери козголуп, анын жыйынтыгында Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда «Биримдик келишимге» жана өкмөт аралык беш документке кол коюлган.

Монголия Улуу Мамлекеттик Хуралдын төрагасы Санжбегзийин Тумур Очирдин Кыргызстанга жасаган эки күндүк визити 2003-жылдын 25-декабрында башталган. Ушул эле күнү ал Жогорку Кеңештин кош палата төрагалары-Алтай Бөрүбаев жана Абдыганы Эркебаев менен жолугушкан. Сүйлөшүү жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланып, парламент аралык туруктуу иштей турган топ куруу туурасында проблема көтөрүлгөн.

Бул күнү, 1699-жылы Петр I Россияда христиандык жыл саноо туурасында жардык чыгарып, 1979-жылы Советтер Союзу Афганистанга аскер киргизип, 1989-жылы Румыниянын мурдагы жетекчиси Николае Чаушеску менен анын аялы Елена атылып, 1991-жылы М. Горбачев СССР президентигинен отставкага кетип, 1642-жылы англис физиги Исаак Ньютон, 1879-жылы америкалык автомобиль конструктору Луи Шевроле, 1897-жылы америкалык ишкер, «Хилтон» мейманканасын негиздөөчүсү Конрад Хилтон жарык дүйнөгө келсе, 1974-жылы кыргызстандык жазуучу Михаил Аксаков дүйнөдөн кайткан.
XS
SM
MD
LG