Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

13-январь: Тарых барактары


1918-жылы большевиктердин бийлиги Борбордук Азияда дээрлик орнотулган.
1918-жылы большевиктердин бийлиги Борбордук Азияда дээрлик орнотулган.

Пишпек уездинде, ошондой эле жалпы Жетисуу областында совет бийлигинин орношуна 1918-жылдын 13-январында ишин аяктаган дыйкандардын II областтык съезди маанилүү роль ойногон. Бишкек шаарында 2006-жылдын 13-январь күнү Мамлекеттик тилге арналган республикалык жыйын өткөрүлгөн.

Буга чейин «абдрахмановчулар менен сыдыковчул бай-манаптардын идеологу» катары айыпталган профессор Касым Тыныстановго партиялык диктат менен бирге, анын коомдук жана илимий иштерине кысым жасалып келген. Фрунзе шаарында 1934-жылы өткөн Кыргыз областтык VII партиялык конференцияда, 13-январь күнү профессорго капыстан сөз берилген. Партиялык конференциянын официалдуу отчетунда, «өзүнүн пролетардык революциячылдыгын билдириш үчүн Тыныстанов ырларын окуп жүрөт. Бирок угармандарга ал, анын жасакерлене моюнга алышындай сезилет»,-деп белгиленген.

Пишпек уздинде, ошондой эле жалпы Жетисуу областында совет бийлигинин орношуна 1918-жылдын 13-январында ишин аяктаган дыйкандардын II областтык съезди маанилүү роль ойногон. Дыйкандардын курултайы тап күрөшү курчуган оор кырдаалда өткөн. Бир жагынан ага Убактылуу өкмөттүн жактоочулары комиссар Шкапский, Иванов жана башкалар чыкса, экинчи жагынан казактардын «өкмөттүк аскерлери» дыйкандардын жыйынын болтурбоого аракет жасашкан. Анткен менен алар дыйкандардын каалоосун чектей алышкан эмес. Жыйынга катышкан дыйкандар толугу менен областта Совет бийлигинин орногондугун таанышып, областтык Советти шайлашкан.

Бишкек шаарында 2006-жылдын 13-январь күнү Мамлекеттик тилге арналган республикалык жыйын өткөрүлгөн. Мамлекеттик катчы, тийиштүү министрдиктерден, областтык бийликтердин өкүлдөрү жана акын-жазуучулар катышкан жыйында кыргыз тилинин колдонуш тармагы талкууланган. Мамлекеттик тилдин көйгөйлөрү туурасында билдирүү жасаган тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Ташбоо Жумагулов кыргыз тилине жетиштүү көңүл бурулбай жаткандыгын белгилеген. Жыйында баш мыйзамдан орус тилине берилген расмий статусун жоюп, орус тилин эл аралык байланыштын тили катары саноо туурасында сунуштар айтылган. Акырында жыйын катышуучулары өлкө калкына кайрылуу кабыл алышып, анда өлкө эгемендүүлүккө жеткени менен эне тил толук эгемендикке ээ боло албай жатканы, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн кечеңдетилиши, кыргыз тилинин келечеги үчүн жалпы журт жапа-тырмак киришүү зарылчылыгы белгиленген.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында кийин арбын кездешкен кезектеги басып алуу аракети 2006-жылдын 13-январында Ош обласыттык сотунда жасалды. Папан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жүрүшүндө чуулгандуу чыр чыгып, акыры сот жана жергиликтүү бийликтин кийлигишүүсү менен ал андан да алоолоно тутанган. Ош областтык шайлоо комиссиясынын шайлоо өнөктүгүндө үчүнчү орунду ээлеген талапкер Абдымиталип Приизди айыл өкмөтүнүн башчысы деп чечим чыгарышы кырдаалды ого бетер курчуткан. Окуянын мындай өнүгүүшүнө нааразы болгон анын атаандаштары, өз жактоочулары менен А. Приизди Папан айыл өкмөтүнүн имаратына киргизбей, андан соң алар Ош областтык сотунун имаратын басып алууга аракет жасашкан.
XS
SM
MD
LG