17-март Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрдигинин уюулуш күнү. СССР Верховный Совети 1944-жылдын февраль айында союздук республикалардын өз алдынча тышкы саясат жүргүзүшү үчүн атайын кызмат уюштурууга жол ачкан мыйзам кабыл алган.
Мыйзамда союздук республикалардын чет элдик мамлекеттер менен эларалык байланыш куруп, консулдук өкүлчүлүк ачуу мүмкүнчүлүгү каралган. Кыргыз ССР Жогорку Кеѕешинин VII сессиясы аталган мыйзам алкагында 1944-жылдын 17-март күнү Кыргыз ССРинин Тышкы иштер Элдик комиссариатын жана Коргоо комиссариатын уюштуруу туурасында мыйзам кабыл алган. Аталган мыйзамда Кыргыз Советтик социалисттик республикасы чет элдик мамлекеттер менен өз алдынча саясий жана дипломатиялык мамиле кура ала тургандыгы белгиленген.
Бул күнү айтылуу адабиятчы, таанымал окумуштуу, көп кырдуу талант ээси Салижан Жигитов 73-жашка чыкмак. Салижан Жигитов 1936-жылдын 17-март айында Ош областынын Өзгөн районундагы Көлдүк айылында жарык дүйнөгө келген. 1951-ж. туулган айлындагы жети жылдык мектепти бүтүрүп, борбор шаардагы айтылуу № 5-орто мектепке келип, 1959-ж. Кыргыз мамлекеттик университеттин филология факультетин ийгиликтүү аяктаган. 1962-1965-жж. Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын тил жана адабият Институтунун аспирантурасында окуп, 1956-ж. кандидаттык диссертацияны, 1992-ж. филология илимдеринин доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
Салижан Жигитовдун жемиштүү эмгек жылдары Илим Академиясы, Улуттук университет, Кыргыз энциклопедиясы жана Кыргыз-түрк «Манас» университети менен байланышкан. Кези келгенде ал-Кыргыз Республикасынын Президентинин улуттук саясат боюнча мамлекеттик кеѕешчиси, Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген. Салижан Жигитов 300 чамалуу илимий, илимий популярдуу жана популярдуу макалардын автору болчу.
СССРди сактап калууга арналган Бүткүлсоюздук референдум 1991-жылдын 17-март күнү өткөрүлгөн.
Эгемен Кыргызстандын тарыхында кайгылуу дата катары калган «Аксы окуясы» 2002-жылдын 17-март күнү болгон. Камакка алынган А. Бекназаровдун тарапташтары буга чейин Кербен, Жаѕы жол, Карасуу жана Сары челек кыштактарын байланыштырган жолду тосуп, бийлик менен митингчилер арасындагы тирешүү чегине жеткен. Тартипти көзөмөлдөөгө алган ОМОН 17-март күнү Бозпиек айлында топтолгон 500 чамалуу адамга каршы ок атып, 5 киши өлүп, 80 чамалуу адам жаракат алган.
17-март Ирландиянын коруучусу Ыйык Патриктин күнү катары белгиленет. Уламыштарга караганда 432-жылдын 17-март күнү жарык дүйнөгө келген Патрикти уурдашып, аны Ирландияга кулдукка сатышкан Патрик Ирландияда чоңойгон соң, кайырдин аралга христиан динин алып келип, мындагы жылаандарды жоготкон адам катары бааланат. Бул күнү пиво суудай агып, ыр, күлкү адамдын жан дүйнөсүн ээлейт. Ыйык Патрик майрамы жалаѕ эле Ирландияда эмес, ирланддыктар жашаган өлкөлөлөрдө майрамдалат.
Батый баштаган моңгол колу 1238-жылдын 17-март күнү Новгороду карай жортуулга чыккан.
Петр I 1711-жылдын 17-мартында болочок Екатерина I атыга турган Марта Скавронскаяны расмий жары деп жарыялаган.
Айтылуу композитор Фредерик Шопендин биринчи концерти 1830-жылдын 17-мартында Варшава шаарында өткөн.
Стивен Перри 1845-жылдын 17-март күнү эластик бинтти патенттеген.
Россиянын тарыхын түп тамырынан өзгөрткөн «Крепостной адамдарга эркиндик берүү» туурасындагы Манифест 1861-жылдын 17-мартында кабыл алынган.
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Теодор Рузвельт 1906-жылдын 17-март күнү журналисттерге карата «таштанды ташыгычтар» деген каардуу салыштырмасын айткан экен.
Гилердик Германия 1935-жылдын 17-март күнү Берлин шаарында 500 миң адам катышкан эбегейсиз аскер парадын өткөргөн.
Экинчи дүйнөлүк согуштун мыкты танктарынын бири эсептелген Т-34 танкасынын биринчи сыноосу 1940-жылдын 17-март күнү Москва шаарында өткөрүлгөн.
Тибеттин Лхас шаарында миңдеген адам катышкан митинг 1959-жылдын 17-март күнү өткөн. Кытай бийлиги бейпил митингге күч колдонуп, Тибетте көтөрүлүш чыккан. Кытай өкмөтүнүн күч колдонушунун натыйжасында 65 миң адам өлүп, Далай Лама Индияга качкан.
Дүйнөдөгү аялдар арасынан биринчи жолу өкмөт башына келген Голда Мейер 1969-жылдын 17-март күнү 70 жашында Израилдин премьер-министрдик кызматына көтөрүлгөн.
Биринчи мотоциклди чыгарган атактуу немец инженери Готлиб Даймлер 1834-жылдын 17-мартында жарык дүйнөгө келген. Готлиб Даймлер мотоцикл менен бош убактысында көңүл үчүн алектенип, негизги изденүүсүн автомобиль жана ичтен күйүүчү кыймылдаткычка арнаган.
Готлиб Даймлер Вильгельм Майбах аттуу жардамчысы менен мотор үчүн карбюраторду, андан кийин суу салкындаткычты ойлоп тапкан. Готлиб Даймлердин көзү өткөнчө ал чыгарган автомобилдер анын ысмында аталып, кийин ал «Мерседес» аталышын алган.