Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:26

2-апрель: Тарых барактары


 Ханс Христиан Андерсен 1805-жылдын 2-апрелинде туулган.
Ханс Христиан Андерсен 1805-жылдын 2-апрелинде туулган.

Кыргызстан советтик жазуучулар кошууну 1934-жылдын 2-апрелинде Басма үйүндө жыйын өткөрүшкөн. Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитетине караштуу партия тарыхынын институту 1991-жылдын 2-апрелинде Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитетине караштуу коомдук-саясий изилдөө институту болуп өзгөртүлгөн. 2-апрель Балдар адабиятынын эл аралык күнү. Балдардын ажайып жазуучусу Ханс Христиан Андерсен 1805-жылдын 2-апрелинде туулган.

Кыргызстан советтик жазуучулар кошууну 1934-жылдын 2-апрелинде Басма үйүндө жыйын өткөрүшкөн. Жыйында адабият ийримдеринин жана комсомол активисттердин ишкердиги талкууланып, алардын саясий сабаттулугу сыноого алынган. Жыйынга чакырылган жолдоштор саясий жана адабият тематикасы боюнча түзүлгөн 100 суроого жооп беришкен. Аталган суроонун токсонуна жооп бергендер баалуу сыйлыктарды алышкан.

Фрунзелик архитекторлор 1962-жылдын 2-апрелинде борбор шаарда курула турган микрорайондордун орун алышына байланышкан жыйын өткөрүшкөн. Жыйынга Москва, Ленинград, Новосибирск, Ташкент жана Душанбе шаарларынан атактуу архитекторлор катышып, Кыргызстандын ордо калаасынын курулуш принциби, жасалгаланыш жөрөлгөсү жөнүндө пикирлерин билдиришкен. Архитектекторлордун сунушуна ылайык борбор шаардын чыгыш тарабына 1000 гектарлык фабрика, завод, складдар үчүн «өнөр жай ишканалары орун алчу» жер камдашкан. Чыгыш промзонанын долбоорун даярдоо иши фрунзелик жана москвалык архитекторлорго жүктөлгөн.

Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитетине караштуу партия тарыхынын Институту 1991-жылдын 2-апрелинде, Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитетине караштуу коомдук-саясий изилдөө Институту болуп өзгөртүлгөн.

2-апрель Балдар адабиятынын эл аралык күнү. Балдар адабиятын белгилөө жөрөлгөсү Балдар адабияты боюнча эл аралык кеңештин 1967-жылдын 2-апрель күнкү чечимине ылайык жасалып келет. Эл аралык кеңеш Балдар адабиятынын белгилениш саамалыгын Ханс Христиан Андерсендин туулган күнүнүн урматына ыроологон.

2-апрель Белоруссия менен Россия калктарынын биригүү күнү катары белгиленет. Россия президенти Борис Ельцин менен Александр Лукашенко 1996-жылдын бул күнү эки мамлекеттин бириши туурасындагы келишимге кол коюшкан.

Теңдешкиз полководец Гай Юлий Цезарь б. з. ч. 47-жылдын 2-апрелинде понтий падышасы Фарнактын колун талкалап, чагылгандай согуш операциясын «Veni, vidi, vici» «Келдим, көрдүм, жеңдим» деп түшүндүргөн.

Франция императору Наполеон Бонапарт 1810-жылдын 2-апрелинде Австрия императору Франц I кызы Мария Луиза менен үйлөнгөн. Наполеон Бонапарттын буга чейин мураскору жок экендигине байланыштуу, ал Жозефина Богарне менен ажырашып 41-жаштагы император 20-жаштагы герцог айым менен баш кошкон.

Франция мамлекетинин түптөөчүлөрдүн бири-Улуу Карл 742-жылдын 2-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

Жарыктын дифракциясын ачкан италиялык физик, астроном Франческо Мария Гримальди 1618-жылдын 2-апрелинде туулган.

Италиялык жазуучу-мемуарчы Джованни Джакомо Казанова 1725-жылдын 2-апрелинде жарык дүйнөгө келген. Казанованын «Менин жашоомдун тарыхы» аттуу мемуары толугу менен жарыяланып, анда сүрөттөлгөн окуялар коомчулуктун эсин эки кылган.

Балдардын ажайып жазуучусу Ханс Кристиан Андерсен 1805-жылдын 2-апрелинде туулган. Жазуучу жомокторду кайра иштетип фольклор менен көркөм адабият ортосунда жаңы багыт ачкан. Мындан улам Ханс Христиан Андерсен бүгүнкү күндө да эң көп окулган жазуучулардын көч башында турат.

Атактуу француз жазуучусу Эмиль Золя 1840-жылдын 2-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

XS
SM
MD
LG