Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:32

3-апрель:Тарых барактары


В. И. Ленин 1917-жылдын 3-апрелинде Финляндия аркылуу Петроградга келген.
В. И. Ленин 1917-жылдын 3-апрелинде Финляндия аркылуу Петроградга келген.

Кыргызстандын биринчи Конституциясы 1929-жылдын 3-апрелинде кабыл алынган. Көчмөн жана жарым көчмөн кыргыздарды отурукташтыруу максатында 1931-жылдын 3-апрелинде Республикалык комитет уюшулган. Кыргыз ССР илим комиссиясы жана агартуу наркомунун демилгеси менен 1941-жылдын 3-апрелинде «Кыргыздар жана Кыргызстандын тарыхы» аттуу I илимий конференця өткөрүлгөн.

Кыргызстандын биринчи конституциясы 1929-жылдын 3-апрелинде кабыл алынган. Бул күнү Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын Экинчи Кеңешинин жыйыны өтүп, анда сунуш кылынган Баш мыйзам бир добуштан жактырылган.

Көчмөн жана жарым көчмөн кыргыздарды отурукташтыруу максатында 1931-жылдын 3-апрелинде Республикалык комитет уюшулган. Комитет Кыргыз АССРинин Наркоматына караштуу айыл чарба жана отурукташуу секторуна карап, ал кыргыздардын жер алып, чарба күтүп айыл, кыштактарда турмуш курушу үчүн иш алып барган.

Отурукташтыруу Комитетинин ишкер аракетинин натыйжасында кыргыздар кыска аралыкта көчмөн чарбадан отурукташкан маданиятка өтүшүп, сабатсыздыкты жоюу сыяктуу цивилизация өрнөктөрү менен таанышышкан. Мындай аракет жана ушул убактан тарта Кыргызстандын азыркы айыл-кыштактары түптөлүп, шаарлар курулушуна багыт берилген.

Кыргыз ССР илим комиссиясы жана агартуу наркомунун демилгеси менен 1941-жылдын 3-апрелинде «Кыргыздар жана Кыргызстандын тарыхы» аттуу I илимий конференця өткөрүлгөн. Илимий конференцияга Москва, Ленинград шаарларынын илимпоздору жана жергиликтүү окумуштуулар катышып, кыргыздардын байыркы мезгилден XX кылымга чейинки саясий, этникалык тарыхын тактоо туурасында пикир алмашышкан.

СССР география коомунун илимий кеңеши 1947-жылдын бул күнү Кыргызстанда география коомунун филиалын ачуу туурасында чечим кабыл алган. Кыргызстан географиялык коомунун филиалы башында Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтуна баш ийип, кийин ал Кыргыз Илимдер академиясынын курамына киргизилген.

Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши 1951-жылыдын 3-апрелинде «Эмгек сиңирген агроном» жана «эмгек сиңирген ирригатор» наамдарын тапшыруу чечимин кабыл алган. Жогорку Кеңештин чечимине ылайык, ал наамдарга арзыгандар жогорку билимдүү жана өз тармагында 15 жыл үзүрлүү эмгектениши керек болгон.

Кыргыз парламентарийлери 2005-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынынын биринчи президенти Аскар Акаев менен Москва шаарында сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Сүйлөшүү президенттин бийлик ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу маселесине арналып, анын натыйжасында Аскар Акаев эки тараптуу протоколго кол койгон. Протоколдо биринчи президенттин укуктарын коргоого байланышкан төрт шарт каралган.

Учу кыйыры көрүнбөгөн франко-испандык согуштун соңу 1559-жылдын 3-апрелинде токтогон. Бул күнү эки тарап Като-Камбрезийлик келишимге кол коюшуп, 65 жылга уланган согушту жыйынтыкташкан.

Француз королу Людовик XIV 1669-жылдын 3-апрелинде Канадада дайыма кызмат өтөй турган милицияны куруу туурасында буйрук берген.

В. И. Ленин 1917-жылдын 3-апрелинде Финляндия аркылуу Петроградга келген. Февраль революциясынын маалында ал Швейцарияда жүргөн. Германия империясы Россия менен согушуп жатканына карабастан В. И. Ленин жана анын шакирттерине ак көңүлдүүлүк менен пломбаланган вагонду берген.

Согуш маалына карабастан алар Германиянын территориясы аркылуу Финляндияга жашыруун кирип, андан Петроград шаарына жеткен. Петроград Совети Ленинди шаң салтанат менен тосуп алган. Революционерге деп броневик тартылып, Ленин анын чокусунан дүйнөлүк тарыхтын өнүгүү нугун өзгөрткөн жалындуу сөз сүйлөгөн.

РКП (б)нын XI съезди 1922-жылдын март айынын соңу жана апрельдин башталышында өткөрүлгөн. РКП(б)нын 3-апрелиндеги пленумунда партиянын Генералдык секретардык кызматы киргизилип, В. И. Лениндин сунушуна ылайык, И. В. Сталин бул кызматка шайланган.

Америкалык шахматист Бобби Фишер 1975-жылдын 3-апрелинде шахмат боюнча дүйнө чемпиондугу титулунан ажыратылган. ФИДЕнин катаал чечими Бобби Фишердин Анатолий Карпов менен дүйнө чемпиондугу үчүн оюндан баш тарткандыгына байланыштуу чыгарылган.

Бельгиялык архитектор жана декоративдик искусствонун мастери Хенри ван де Велде 1863-жылдын 3-апрелинде жарык дүйнөгө келген. Ван де Велде архитектурадагы «модерн» стилинин негиз салуучуларынын бири болгон.
XS
SM
MD
LG