Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

14-апрель: Тарых барактары


Титаник» суперлайнери чөгүптүр деген суук кабар 1912-жылдын 14-апрелинде дүйнө коомчулугунун көңүлүн бийлеген.
Титаник» суперлайнери чөгүптүр деген суук кабар 1912-жылдын 14-апрелинде дүйнө коомчулугунун көңүлүн бийлеген.

Түркстан генерал-губернатордугунун жардыгына ылайык, Шабдан Жантай уулу 1879-жылдын 14-апрелинде Аннен лентасына тагылчу Алтын медаль менен сыйланган. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын сактоо туурасындагы» мыйзам 1994-жылдын 14-апрелинде кабыл алынган. «

Энесайлык кыргыз өкүмдары Еренактын маалында кыргыз мамлекетинин таасири артып, эми аны менен Сибирдеги орус бийлиги жана калмак контайшилери эсептешүүгө аргасыз болушкан. Еренак да жаралган кырдаалды жетик баамдап, улам кубаттана баштаган орус бийлигинен кыргыз жерлерин коргоп калуу саясатын жүргүзгөн. Энесайлык кыргыздардын Сибирь бийлигине каршы аракетин орус воеводаларынын баскынчыл саясаты экендигин билдирип, ал 1683-жылы Томь воеводасына кат жолдогон. Томь воеводасы Еренактын катына жооп ирээтинде И. Петров менен А. Поспеловду элчилик максат менен 1683-жылдын 14-апрелинде кыргыз жергесине жөнөткөн.

Түркстан генерал-губернатордугунун жардыгына ылайык, Шабдан Жантай уулу 1879-жылдын 14-апрелинде Аннен лентасына тагылчу Алтын медаль менен сыйланган. Шабдан баатырга ыйгарылган сыйлык «Россия империясы үчүн көрсөткөн айрыкча салымы үчүн» берилген. Тарыхчылардын тактоосуна караганда Түркстан чөлкөмүндө мамлекеттик сыйлыктарды Шабдан баатырдан арбын алган адам болгон эмес. Ал 1-даражадагы 5 чапан; 2-даражадагы 1 чапан; Станислав жана Аннен ленталарына тагылып моюнга салынчу эки чоң алтын медаль жана мындан тышкары төрт медаль менен сыйланган.

Пржевальск, Ош уездеринин VI, Пишпек уезддик партиясынын VII конференциялары 1924-жылдын бул күндөрү өткөрүлгөн. Конференцияда партиялык системаны орнотуу жана партиялык принциптер талкууга алынып, партиянын калк арасындагы аброюн арттыруу жолу менен иштөө ыкмаларын жолго коюу проблемалары тегерегинде пикир алмашуу жүргөн.

СССР Жогорку Кеңеш Президиумунун 1961-жылдын 14-апрелиндеги Жардыгы менен «СССРдин летчик-космонавты» деген наам менен биринчи болуп космоско учкан Юрий Гагарин сыйланган. Мындай наам алган адамдардын катарында кыргызстандык космонавт Салижан Шарипов да бар.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын сактоо туурасындагы» мыйзам 1994-жылдын 14-апрелинде кабыл алынган.
«Титаник» суперлайнери чөгүптүр деген суук кабар 1912-жылдын 14-апрелинде дүйнө коомчулугунун көңүлүн бийлеген. Ошол убактагы чоң да, техникалык жактан кынтыксыз деп да эсептелген «Титаник» кемесинин чөгүшү ааламдагы эң көлөмдүү катастрофа деп бааланган. «Титаник» түнкү саат 2:20 суу астына түшүп, өзү менен кошо экинчи жана үчүнчү класстагы 1500 жүргүнчүнү суу астына алып кеткен.

Америка Кошмо Штаттары 14-апрелде Мугалимге Ыраазычылык күнүн өткөрүшөт.

Англиядагы Оксфорд университетинин башаты эсептелген Ыйык Мария колледжи 1386-жылдын 14-апрель күнү ачылган.
Принц Федерико Цезии 1611-жылдын 14-апрелинде биринчи жолу «телескоп» терминин колдонгон.

Казак орустардын отряды 1618-жылдын 14-апрель күнү Сибирдеги Томь суусунун боюна түшүшүп, мында Кузнецк чебин, азыркы Новокузнецк шаарын түптөшкөн.

Венгриядагы революция 1848-жылдын 14-апрелинде башталган. Венгриянын парламенти өлкө эгемендигин жарыялап, мындагы Габсбургдардын династиясы соңуна чыккан.

Америка Кошмо Штаттарынын 16-президенти, республикалык партиядан шайланган шайланган биринчи президент Авраам Линкольнго 1865-жылдын 14-апрель күнү кол салуу жасалган. Граждандык согуш аяктаганына 5 күн өткөн соң Авраам Линкольн «Менин америкалык бөлөм» аттуу спектаклге келген. Джон Бут аттуу түштүктүк актёр президенттик ложага өтүп, Авраам Линкольнду башка аткан. Президент бир күндөн кийин эсине келбей дүйнөдөн кайткан.

Француз президенти Эмиль Любэ 1900-жылдын 14-апрелинде Париждеги Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөнү ачкан.

Окумуштуу Гарри Плотц 1903-жылдын 14-апрелинде келте оорусуна каршы вакцинаны ойлоп тапкан.

Советтер Союзунун «Смерш» контр чалгындоо башкы башкармачылыгы 1943-жылдын 14-апрелинде уюшулуп, анын жетекчилигине Виктор Абакумов дайындалган.

Орус агартуучусу жана драматургу Денис Фонвизин 1744-жылдын 14-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

Россия мамлекетинин көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмери Петр Столыпин 1862-жылдын 14-апрелинде туулган. Ал 1906-1911-жж. Россия империясынын премьер-министрдик кызматын аркалаган жана анын тушунда мамлекетте олуттуу экономикалык реформалар жүргүзүлгөн.
XS
SM
MD
LG