Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

1-Май: Тарых барактары


1-Май эмгекчилердин эл аралык майрамы
1-Май эмгекчилердин эл аралык майрамы

1-Май Кыргызстанда «Жаз жана эмгек майрамы» деген аталышта майрамдалып, биринчи жолу ал 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген. Кыргызстандын расмий бийлиги 1995-жылдын 1-майында Борбордук Азияны ядролук куралдардан эркин аймак деп жарыялоо сунушу менен дүйнө коомчулугуна кайрылган.

Орус бийлиги Ормон хандын элин Россия империясынын курамына алуу маселесин 1853-жылдын 1-майында көтөргөн. Казактардын Чоң ордо приставы майор Перемышльскийге жолдонгон катта кыргыз манабы Ормон Ниязбековду эли менен бирдикте Россия имперясынын букаралыгына алуу зарылчылыгы белгиленет. Таасирдүү манаптын империя тарабына өтүшү аймактагы саясий абалды ыңгайлуу оңтойго оодара тургандыгы туурасында кең-кесири кабарланат. Мындан тышкаары, катта Ормонду орус ордосуна чакыруу жана аздектеп күтүү, сый-урмат көрсөтүү сыяктуу кеп-кеңеш келтирилет.

1-май Кыргызстанда «Жаз жана эмгек майрамы» деген аталышта белгиленет. Совет мезгилинде 1-май эмгекчилердин майрамы деп эсептелинип, анын жаралыш тарыхы 1886-жылдын 1-майындагы америкалык жумушчулардын эмгек талабына байланыштырылып келсе, Кыргызстан эгемендик алгандан бери 1-май майрамына жазгы түс берилип, идеологиялык басымдан арылуу аракети жасалганы байкалат. Бүгүнкү күндө 1-май дүйнөнүн 66 өлкөсүндө салтанаттуу белгиленет.

1-май майрамы Кыргызстанда биринчи жолу 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген. Большевиктер уюштурган салтанатка шаардын калкы чогулуп, митинг өткөрүлүп, майрамдык маанай жаратуу жана 1-майды белгилөө жөрөлгөсү жасалып, майрамдык салт түптөлгөн. Майрамга чогулган большевиктер, кызыласкерлер жана шаар калкы революциялык ыр менен Пишпек шаарынын борбордук көчөлөрү аркылуу Эмен паркына келип, андагы Боордоштордун көрүстөнүнө гүл коюшкан.

Түркстан-Сибирь темир жолунун салтанаттуу ачылышы 1930-жылдын 1-майга туштай өткөрүлгөн. Темир жолдун ишке киргизилиши менен аймактын экономикасы өнүккөн Россия, аны менен бирге Европа өлкөлөрү менен байланыш курууга өбөлгө берген. Түркстан-Сибирь темир жолунун алкагында Кыргызстандын Чүй жана Жалалабад аймагын камтыган темир жол куруу долбоору ишке ашырылган.

Кыргызстандын расмий бийлиги 1995-жылдын 1-майында Борбордук Азияны ядролук куралдардан эркин аймак деп жарыялоо сунушу менен дүйнө коомчулугуна кайрылган. Кыргыз бийлигинин пикирине ылайык, мындай кадам аймактагы тынчтык жана өзара ишенимди арттырмак, ошондой эле башка өлкөлөрдүн ядролук куралдарды көбөйтүү программасына бөгөт коймок.

Америкалык жумушчулар 1886-жылдын 1-май күнү 8 сааттык иш күнүн орнотуу талабы менен забастовкага чыгышкан. Забастовка полиция тарабынан күч менен басылып, кан төгүлгөн. II Интернационалдын 1889-жылы өткөн Париж конгрессинде Чикаго жумушчуларын эскерүү максатында ар жылдын 1-май күнү демонстрация уюштуруу чечимин кабыл алынган. Эмгекчилердин эларалык биримдик күнү биринчи жолу 1890-жылы Австро-Венгрия, Бельгия, Германии, Дания, Испания, Италия, АКШ, Франция, Швеция жана башка өлкөлөрдө белгиленген.

Христиандык чиркөөнүн Бүткүл ааламдык Экинчи собору 381-жылдын 1-май күнү Константинополь шаарында ишин баштаган.
Биринчи почта маркалары 1840-жылдын 1-май күнү Англия мамлекетинде колдонууга киргизилген. Почта кызматы үчүн акы төлөмүн колдонуу идеясын Роулэнд Хилл ойлоп тапкан. Анын учкул идеясы кийин рыцардык титулга арзыган.

«Небосреб» аталышын алган биринчи көп кабаттуу имарат 1884-жылдын 1-майында Чикаго шаарында курулган. Биринчи небекреб ал убак үчүн асман тиреген 10 кабаттык бийиктикке көтөрөлгөн.

Биринчи электр фонарлары 1885-жылдын 1-майында Оттава шаарында жанган.

Узак жылдар бою дүйнөдөгү эң бийик курулуш эсептелип келген Нью-Йорк шаарындагы 102 кабаттык «Эмпайр стейт билдинг» имаратынын ачылыш салтанаты 1931-жылдын 1-май күнү өткөрүлгөн.

Москва-Волга каналынын курулушу 1937-жылдын 1-майында бүткөрүлгөн.

Вашингтон шаарындагы Капитолий имаратын курган америкалык архитектор Бенджамин Латроб 1764-жылдын 1-май күнү жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG