Россия империясынын жер иштетүү жана мамлекеттик мүлк министрлиги 1898-жылдын бул күнү жер которуучулар үчүн атайын жардам фондду курган. Көрсөтмөдө белгиленгендей империянын ортоңку аймагынан жер которгондор үчүн жеңилдиктер каралып, жергиликтүү элдин кызыкчылыгы эске алынган эмес. Эгер керек учурда жер которгондорго жер керек болсо, жергиликтүү калктын айыл, кыштактары тартылып берилчү жагдайлар каралган.
Пишпектеги уйгур башталгыч мектеби 1904-жылы ачылган. Жаңы окуу жай шаардагы билим берүүчү диний мекетптердин катарын толуктаган.
Түркстан башкы курорттук башкармачылыгы тарабынан 1924-жылы Жалалабад курорту мамлекеттик маанидеги денсоолук сакайтуучу тизмеге киргизилген. Мамлекеттик бюджет эсебинен мында суу иче турган дартка даба булактар таш менен тосулуп, эсала турган жайлардын курулуш долбоору каралган.
Токмок шаарынын жанынан 1929-жылдын бул күндөрү селитра менен кара топурак запасынын ачылганы коомчулукка белгилүү болгон. Адистер селитраны аскердик максат үчүн кара топуракты болсо жер семирткич катары талаага чачуу максатында колдонууга сунуш кылышкан.
Фрунзе жумушчулар, кызыласкердик жана дыйкандардын шаардык кеңеши 1935-жылы борбордон акыр-чикирлерди ташып чыгаруунун жаңы тартибин кабыл алган. Ал убакта шаарда канализация курула электигине байланыштуу, акыр-чикирлер түн ичинде ташылып, анын маршруту белгиленген.
Болочок академик А. П. Окладников жетектеген СССР Илимдер Академиясынын археолого-этнографиялык экспедициясы Сталин, азыркы Московский районунун Мамай өрөөнүндө байыркы турак жайды тапкан. Анда колодон жасалган эстелик үлгүлөрү табылып, Кыргызстандын тарыхы үчүн маанилүү материалдар чыккан.
Быстровка-Рыбачье багытында каттоочу поезд 1948-жылдын бул күндөрү жүрүп баштаган. Поезд Чалдыбардан баштап көл кылаасына чейинки калк жашаган аймактарды байланыштырып, өлкө экономикасын көтөрүү багытында маанилүү роль ойногон.
Карл Маркс Пруссиядан чыгарылгандан кийин «Жаңы Рейн газетасынын» акыркы саны 1849-жылдын 19-май күнү жарык көргөн. Буга чейин газетаны Карл Маркс идеологиялык жолдошу Фридрих Энгельс менен биргелешип чыгарып келген. «Жаңы Рейн газетасынын» акыркы саны кызыл түстө жарыялангандыктан ал коомчулуктун көңүлүн айрыкча бурган.
Дүйнөлүк экономика жана финансы маселелерине арналган Генуядагы Эларалык конференция 1922-жылдын 19-май күнү ишин аяктаган. Генуя конференциясына 28 капиталисттик мамлекет, Британиялык 5 доминион жана Г. В. Чичерин баштаган РСФСРдин делегациясы катышкан.
Ленин атындагы пионердик уюм 1922-жылдын 19-май күнү уюшулган. Пионердик уюмдун курулушу Экинчи Бүткүл Россиялык комсомолдун конференциясынын чечимине ылайык Москва шаарында пионердик отряддардын уюушулушуна байланыштуу болгон. Советтик партия тарыхына караганда пионердик уюмдун курулуш башатында Надежда Константиновна Крупская турган деп айтылат. Кыргызстанда пионердик кыймыл кулач жая өнүгүп, миллиондогон кыргызстандыктар коомдук кызматташуунун баштапкы даярдык тепкичинен өтүшкөн.
Атактуу ойлоп тапкыч Томас Эдисон 1926-жылдын 19-май күнү биринчи жолу радиодон сүйлөгөн. Атлантик Ситидеги Улуттук электр компаниясы уюштурган кечеде аны микрофонго сүйлөп берүүсүн өтүнүшкөн. Толкундануудан апкаарыган ойлоп тапкыч микрофонго «Мен эмне дээримди да билбейм... Мен биринчи жолу момундай нерсеге сүйлөп жатам. Түнүңөр бейпил болсун!» деген экен.