Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:16

27-май: тарых барактары


2006-жылы 27-майда "Реформа кыймылы" Бишкекте митинг уюштурган
2006-жылы 27-майда "Реформа кыймылы" Бишкекте митинг уюштурган

«Трибуна» аттуу эркин гезиттин редакциясына 2002-жылдын 27-майдын түнү уурулар кирип, гезиттин даяр санын компьютер менен кошо алып кетишти. Атактуу араб тарыхчысы жана философ Абдурахман Абу Зейн ибн Мухаммед ибн Халдун 1332-жылдын 27-май күнү жарык дүйнөгө келген. Айтылуу Цусима салгылашы 1905-жылдын 27-май күнү башталган.

Кыргызстандагы жергиликтүү бийлик бутактарын келиштирүү жана алардын иш багытын аныктоо максатында 1994-жылдын 27-май күнү «Кыргыз Республикасынын өзүн-өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялары туурасындагы» мыйзам чыгарылган.

«Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерди түзүшү, ратификациялоосу, аткарышы жана денонсациялоосу» деген аталыштагы мыйзам 1994-жылдын 27-майында кабыл алынган.

Ички иштер кызматынын кабарлоосуна караганда «Трибуна» аттуу эркин гезиттин редакциясына 2002-жылдын 27-майдын түнү уурулар кирген. Беймаалым адамдар эки жарым миң америкалык доллар көлөмдөгү компьютер жана башка техникалык жабдууларды уурдашкан. Гезиттин баш редактору Ырысбек Өмүрзаковдун айтымында компьютер менен кошо гезиттин келээрки саны кошо уурдалган жана анда өкмөт ишиндеги өксүктүктөр, коррупция сыяктуу материалдар жарык көрмөк.

Кыргызстан президенти Аскар Акаев 2002-жылдын 27-май күнкү жардыгы менен типографиялык-басма ишин көзөмөлдөй турган өкмөттүн көрсөтмөсүн жокко чыгарган. Мамлекет башчысынын жардыгы «Өлкөнүн коомдук жана мамлекеттик жашоосундагы маалымдоо каражаттарынын ролун арттырууга» арналып, анда каралган багыттар эларалык уюмдар тарабынан оң бааланган. Мындан тышкаары, жардыкта Кыргыз мамлекеттик телерадиокомпаниясына караштуу башында мамлекеттик катчы турган коомдук көзөмөлдөө кеңешин уюштуруу маселеси каралган.

Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Николай Танаев 2003-жылдын 27-май күнү Дүйнөлүк Банктын Борбордук Азия бөлүмүнүн жаңы директору Занг Шенгманды жана ушул эле банктын Европа жана Борбордук Азия башкармалыгынын болочок вице-президенти Шигео Кацуну кабыл алды. Сүйлөшүү жүрүшчндө эки тараптуу кызматташуу маселеси талкууланып, Николай Танаев Кыргызстандагы экономикалык, финансылык кырдаал туурасында маалымат берген.

Жогорку Кеңештин 2005-жылдын 27-май күнкү жыйынында экс-президент Аскар Акаевдин мүлкүн иликтөө үчүн уюшулган Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Д. Үсөнов аткарылган иш жыйынтыгы туурасында маалымат берген. Комиссия төрагасынын маалымдоосуна караганда А. Акаев жана анын жакындарына таандык деп белгиленген 42 тизмеге дагы 136 объект кошулган. Мындан тышкаары, Д. Үсөнов экс-президенттин мүлкүн иликтөө ишине америкалык Либерман аттуу компания тартылгандыгын билдирген.

Өлкөдөгү бийликтин туруксуз саясатына нааразы болгон «Реформа үчүн» кыймыл 2006-жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында бейпил митинг өткөргөн. Митингде 10 пунктан турган Резолюция кабыл алынып, эгер алар күзгө чейин аткарылбаса Бакиев-Кулов тандеминин кызматтан кетиш талабы коюлган. Реформа үчүн» кыймылдын жетекчилеринин бири жана митингди алып барган Мелис Эшимкановдун айтымында митингге 30 миң чамалуу адам катышкан.

Кыргызстанда өзбек тилине расмий статус берилишин жактаган 700 чамалуу киши 2006-жылдын 27-май күнү Жалалабадда бейпил митинг өткөргөн.

Атактуу араб тарыхчысы жана философ Абдурахман Абу Зейн ибн Мухаммед ибн Халдун 1332-жылдын 27-май күнү жарык дүйнөгө келген. Анын негизги эмгеги эсептелген «Китаб ал-Ибар» чыгармасында Евразиянын тарыхы, тарыхтын мааниси, тарыхтагы сын жана анын ыкмалары талданган.

Айтылуу америкалык саясатчы, Нобель сыйлыгынын лауреаты Генри Киссинджер 1923-жылдын 27-май күнү туулган.
Петр I 1703-жылдын 27-май күнү Нева боюна Санкт-Петербург шаарын түптөгөн.

Айтылуу Цусима салгылашы 1905-жылдын 27-май күнү башталган. Адмирал Х. Того баштаган япон флоту вице-адмирал З. П. Рожественскийдин Тынч океандык эскадрасын талкалаган.

Афганистан 1921-жылдын 27-май күнү эркин мамлекет аталган.

Советтер Союзу 1973-жылдын 27-май күнү автордук укукту коргоо туурасындагы Женевалык конвенцияга кошулган.
XS
SM
MD
LG