Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

11-январь: Тарых барактары


Кыргыздын туңгуч тарыхчыларынын бири эсептелген Белек Солтоноев кол жазмасынын биринчи вариантын 1917-жылдын бул күнү бүткөргөн. Жылдыз астрономиясынын негиз салуучусу У. Гершель 1787-жылдын 11-январь күнү Оберон жана Титания аталган Урандын эки спутнигин ачкан.

Кыргызстан:

Падышалык Россиянын Сибирдеги колонизатордук саясатына каршы айыгышкан каршылык көрсөткөн жападан жалгыз күч энесайлык кыргыздар болгондугун орус архивдик материалдары каттоого алган. Кыргыздардын эл жери үчүн күрөшү Эренактын убагында туу чокусуна жетип, 1673-жылдын күз айында алар Красноярск жана Томск чептерине каршы кыргындуу чапкын жасашкан.

Кыргыздардын капыстан кол салуусу жана чапкындын көлөмү Сибирь воеводаларын эле эмес, Москва бийлигин беймазага салган. Падышалык бийлик кыргыздарга каршы жортуул планын иштеп чыгып, 1680-жылдын 11-январында Р. Старков менен И. Гречанин баштаган 1018 адамдык кол кыргыздарга каршы чапкын жасаш үчүн Томск шаарынан аттанышкан.

Кыргыздын туңгуч тарыхчыларынын бири-Белек Солтоноевдин кыргыз тарыхына арналган кол жазмасы албан түйшүк менен жазылганы белгилүү. Автордун 1916-жылкы элдик көтөрүлүшкө катышып Кытайга качышы, жол азабы жана үркүн түйшүгү чыгарманын ырааттуу жазылышына кедерге келтирип, топтолгон материалдын тушкелди пайдаланышына кириптер кылган.

Белек Солтоноевдин жазганынан байкалгандай, жазалоочу отряд качан кармап кетет деген кооптонуу авторду түйшөлткөн маселеге айланган. «Эгер кармалып кетсем, эзелден мурунку Николай заманында жашырып жазып жүргөн зарларым кокустан жоголуп кетпесин үчүн аларды жамдап бир дептерге жаздым. 11-январь, 1917-жыл. Кучанын тоосу, Каракол кыштагында Румкан айыккан соң жаздым. Туулгандан 1916-жылга чейин»,-деген жазуу калтырган.

Совет мезгилинин башталыш убагындагы жер реформасынын жүзөгө ашырылышы кыргыз калкынын калыптанышына, теңчил мамиленин орношуна зор салым кошкон. Анткен менен айрым «жолдоштор» убагында тартылып алынган жер менчигин кайра ээлерине кайтарып берүү аракетин көрө башташкан. Акыры маселе Москва деңгээлинде чечилип, 1922-жылдын 11-январында РКП (б) саясий бюросу Түркстан компартиясына ортого алынган жерди ээлерине кайтарып берүү саясий жаңылыш экендигин эскерткен.

Партиялык көрсөтмөдө Жетисуу областында жүргүзүлгөн жер реформасынын мисалы катары кыргыздар келтирилип, анын натыйжасында теңчил заман орногондугу белгиленет. Эгер, жер эски ээлерине кайра кайтарылса, ал кулактык системаны сактоого барабар экендиги баса белгиленип талаш маселеге чекит коюлган.

Нарын уезддинин IV партия конференциясы 1921-жылдын 11-январында ишин баштаган.

Кыргыз басма сөз кызматына эмгеги сиңирген таланттуу акын Мукамбеткалый Турсуналиев 1926-жылдын 11-январында жарык дүйнөгө келген. М. Турсуналиев убагында «Кызыл Кыргызстан» гезити менен «Чалкан» журналынын жооптуу редактору сыяктуу кызматтарда эмгектенип, анын коомдук жат көрүнүштү ашкерелеген сатиралары «Крокодил», «Чалкан» журналдарында үзбөй жарыяланып турган.

Дүйнө:

Англиядагы биринчи мамлекеттик лотерея 1569-жылдын 11-январь күнү Лондон шаарында өткөрүлгөн.

Петр I баштаган «Улуу элчилик 1698-жылдын 11-январында Лондон шаарына келген. Петр I Гринвич обсерваториясын, Акча сарай, Оксфорд университети жана Англис королдук илимий кому менен таанышкан.

Россия 1757-жылдын 11-январында Версаль келишимине кошулган.

Жылдыз астрономиясынын негиз салуучусу У. Гершель 1787-жылдын 11-январь күнү Оберон жана Титания аталган Урандын эки спутнигин ачкан.

Россия аймагындагы биринчи корук 1917-жылдын 11-январында ачылып, ал – «Баргузин коругу» деп аталган. Ушул датага байланыштуу Россияда 1997-жылдан бери 11-январь Корук күнү катары белгиленип келет.

Совет өлкөсүнүн Элдик комиссарлар комитети 1919-жылдын 11-январында тамак-аш топтоо туурасында Декрет кабыл алган.

Петроград шаарындагы Кышкы сарайда 1920-жылдын 11-январь күнү революция Музейи ачылган.

К. Маркс жана Ф. Энгельс (ИМЭ) атындагы Институт 1921-жылдын 11-январында Москва шаарында салтанат менен ачылган.

Ленинград шаарында жарык көрчү «Красная газета» аттуу кечки гезит 1927-жылдын 11-январь күнкү санында иш биржасында 170 миң жумушсуз адам катталгандыгын кабарлаган.

Улуу Британия 1943-жылдын 11-январында Кытай менен келишимге кол коюп, бул өлкөдө орун алган мурдагы территориялык ээлигинен баш тарткан.

Бириккен Улуттар Уюму 1952-жылдын 11-январь күнү куралсыздандыруу боюнча Комиссия курган.

Чад өлкөсү 1960-жылдын 11-январында Францияга болгон күңкордугунан баш тарткан.

Советтер Союзунун Министрлер Совети 1960-жылдын 11-январында космонавттарды даярдоо борборун куруу туурасында Токтом кабыл алган.

Россия Федерациясынын жогорку мыйзам чыгаруучу органы эсептелген Федералдык жыйын 1994-жылдын 11-январында өз ишин баштаган.
XS
SM
MD
LG