Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

14-март: Тарых барактары


М. Горбачев 14-мартта CCCР Эл депутаттарынын съездинде.
М. Горбачев 14-мартта CCCР Эл депутаттарынын съездинде.

Советтик полководец Михаил Васильевич Фрунзенин музейи 1927-жылдын 14-мартында борбор шаарда салтанат менен ачылды. Советтер Союзунун Чукул чакырылган III Элдик депутаттар съезди 1990-жылдын 14-мартында М. С. Горбачёвду СССР президенттигине шайлаган. В. В. Путин 2004-жылдын 14-мартында Россия Федерациясынын президенттик кызматына экинчи мөөнөткө шайланган.

Кыргызстандын тарыхый окулары:

Аскер соту тарабынан жазага тартылган Мамырбай Кубатбековдун бошотулушун суранган Шабдан Жантаев менен Сооромбай Кудаяровдордун өтүнүч каты Жети-Cуу Аскер губернатордугунда колдоого алынган эмес. Жети-Cуу Аскер губернаторунун Жети-Cуу канцеляриясына 1885-жылдын 14-март күнү жолдогон катында, Мамырбай Кубатбеков жолоочу сарт Шакирбаевди себепсиз ур-токмокко алып, аны тоногондугунан улам соттолгондугун кабарланган. Жасаган иши үчүн М. Кубатбеков сот жообуна тартылып, азыркы тапта Усть-Каменогорскидеги аскер-сүргүн бөлүмүндө жаза мөөнөтүн өтөп жаткандыгы белгиленген.

Советтик полководец Михаил Васильевич Фрунзенин музейи 1927-жылдын 14-мартында борбор шаарда салтанат менен ачылды. Михаилди тарбиялаган бала баккыч Мишинанын айтуусуна ылайык, болочок аскер башчы жарык дүйнөгө келген бөлмө жасалгаланып, музей шекилине келтирилген. Музей Фрунзенин үй бүлөсү жашаган үйдө орун алып, кийин ал жерге азыркы музей курулган.

Кыргызстан жергесинде териси баалуу айбанаттарды асыроо максатында 1944-жылдын 14-март күнү Чүй жана Ысык Көл областарына ондатрлар коё берилген. Териси баалуу айбанаттарды алып келүү, аларга көзөмөл салуу ишин Кыргыз чийки заткамсыздоо конторасы жүргүзүп, адегенде Кыргызстанга 500 баш айбанат жеткирилген.

Эларалык демократия боюнча Лондон институту менен Шериктеш мамлекеттерден келген байкоочулар 2005-жылкы Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун экинчи туру ачык, эркин жана мыйзамдуу өттү деген бааларын беришкен.Лондон институтунун адиси Кеми Пирстин айтымында, майда мыйзам бузуулар шайлоонун жалпы жыйынтыгына шек келтирген эмес.

«Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмдун ушул эле күнкү билдирүүсүнө ылайык Кыргызстандагы парламенттик шайлоо акыйкатсыз, тандоо эркиндигинен алыс, чынчыл эмес, ыплас ыкма менен аралаш өткөн.

Дүйнөлүк тарых окулары:

Ермактын азганакай колу 1583-жылдын 14-мартында Кучум хандын көп сандуу аскерин талкалап, Сибирь хандыгынын борбору Искерди басып алган.

Германиядагы Империялык банк (рейхсбанк) 1875-жылдын 14-мартында негизделген.

Император Николай II 1897-жылдын 14-март күнкү жардыгы менен 2453 км. Москва-Виндав-Рыбинск темир жолун куруу туурасында чечим чыгарылган.

Советтик маалымдоо каражаттары большевиктик бийликтин архитектору В. И. Лениндин ден соолугу туурасында кабарды 1923-жылдын 14-мартынан тарта жарыялай башташкан. Бул убакта дүйнөлүк пролетарийлердин жол башчысы окуй да, жаза да албай ал түгүл, адамдарды ажыратып тааныбай калган экен.

Айтылуу англис «Челси».футболдук клубу 1905-жылдын 14-мартында негизделген.

Советтер Союзунун Чукул чакырылган III Элдик депутаттар съезди 1990-жылдын 14-мартында М. С. Горбачёвду СССР президенттигине шайлаган.

Советтер Союзунун бийлик системасында ыксыз орун алган КПССтин жетекчилик ордун көрсөткөн, СССР Конституциясындагы 6-статья 1990-жылдын 14-март күнү алынып салынган.

В. В. Путин 2004-жылдын 14-мартында Россия Федерациясынын президенттик кызматына экинчи мөөнөткө шайланган.
XS
SM
MD
LG