Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:33

Бишкекте биринчи жолу хоккей мелдеши өтүүдө


20-февралда Бишкекте эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет шайба хоккей мелдеши башталды. Биринчи күнкү оюнда Жумгал районунун жана Бишкек шаарынын командасы утушка ээ болду.

Бишкектин биринчи чемпионатында чүчүкулак кармоодо Ысык-Көл облусунун хоккейчилери Жумгал районунун тандалма командасына атаандаш болду.

Алгачкы күч сынашууда жумгалдык хоккейчилер ысыккөлдүктөрдү 5:4 эсебинде жеңип алышты.

Жумгал районунун тандалма командасынын капитаны Рамис Жуматаев мындай эл аралык талаптарга ылайык муз айдыңында биринчи ирет ойноп, утушка ээ болгондугун “Азаттыкка” билдирди.

Мелдештин ачылыш салтанатынан кийин Нарындын “Ала-Тоо-Дордой” командасы менен жаңы уюшулган Бишкектин командасы беттешти.

Биринчи таймда 1:0 эсебинде нарындыктар алдыга чыгышты. Экинчи таймда бишкектиктер эсепти теңдеп, атаандашуу курчуду. Бишкектик хоккейчилер дагы бир шайба киргизүү менен алдыга озду.

Үчүнчү таймда нарындыктар эсепти теңдеп, мөрөй талашуу 2:2 эсебинде тең болуп калды.

Бул беттешүүнүн жеңүүчүсүн аныктоо үчүн кошумча чечүүчү убакыт берилип, мында күйөрмандардын сүрөөнү менен бишкектиктер Нарындын “Ала-Тоо-Дордой” командасын 3:2 эсебинде утуп алышты.

Хоккей боюнча төрт команда Бишкектеги “Шаардык муз айдыңында” эртең да мөрөй талашып, жеңүүчүлөрү аныкталат.

Нарын шаарынын “Ала-Тоо-Дордой” командасынын капитаны Болот Бектемишовдун айтымында, нарындык жигиттер мындай муз аянтында алгач ирет ойногондуктан өздөрүнүн чеберчиликтерин көрсөтө албай коюшту.

Бишкекте эл аралык талаптарга ылайык шаардык муз аянты курулгандан бери хоккей ойноо ыкмаларын үйрөнүүгө дилгир жаштардын саны өсүп баратат.

Кыргызстанда шайба хоккей оюну 1970-80- жылдары кеңири кулач жайган. Өлкөнүн биринчилиги Каракол, Миң-Куш, Бишкекте өткөрүлүп турган. Бирок эгемендүү өлкө болгону бул оюнга көңүл бурулбай калган. Жумгалдыктардын демилгеси менен оюн кайрадан жандана баштап, Ысык-Көл, Нарын облустарында колдоого алына баштады. Бишкекте биринчи хоккей клубу бир ай мурун түзүлдү.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG