Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Адам укугу: Кыргызстандагы абал абыдан начар


Кийинки үч жылда Кыргызстанда адам укугунун сакталышы боюнча мактанарлык жылыш болбогонун бейөкмөт уюмдар, жарандык коом өкүлдөрү ырасташууда. Өзгөчө кабатырланууну сөз эркиндигинин абалы туудурууда.

Айрым бейөкмөт уюмдар абал А.Акаев бийлиги кезиндегиден да начар деген пикирлерин билдиришүүдө.

Кыйла күндөн бери Улуттук телерадиокорпорациянын топ журналисттери укугун коргоп Бишкектеги Максим Горький аянтында турушат. Бир жылдан ашуун убакыттан бери белгилүү журналист Алишер Саиповду кимдер атып кеткени дайынсыз бойдон калып келет. Демократиянын негизги принцибинин Кыргызстанда сакталышы бейөкмөт уюмдардын өзгөчө тынчсыздануусун жаратууда. Алардын пикирин угуп көрөлү.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдырасулова:

- Ал эми бизде болсо жалгыз Максим Кулешовду чыгып-чыкпай кармап кетип жатат. Ушул жагынан биз Өзбекстандан да артта калдык. Алишер Саиповдун өлтүрүлгөнүнө бир жылдан ашып кетти. Бир кыймыл болуп ошону издеген адамды көрбөйбүз. Канчалаган журналисттерибиз чет мамлекетке качканга мажбур болуп жатышат.

Ушундай эле пикирин “Демократия жана жарандык коом үчүн” бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Динара Ошурахунова да билдирди:

- Өткөн парламенттик шайлоо ушундай одоно мыйзам бузуулар болгон үчүн кризиске биз азыр келип жатабыз. Мына келген парламент энергетика, бюджет, экономика боюнча кандай мыйзамдарды кабыл алып жатат?

Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акундун ырасташынча, адам укугунун сакталышы боюнча антип бир түстүү бүтүм чыгарыш туура эмес.

- Кылмыш-жаза кодексинин жумшартылышы боюнча 6 000 адам боштондукка чыгарылды. Андан тышкары Факультативдик протокол жактырылды.

Ошону менен азыркы Кыргызстан бийлигинин жетишкендиги түгөнөт.

- Жетишпеген жактары мына “Азаттык” баштап, “Би-Би-Си” баштап жабылып жатат. Бул өзү жакшы эмес. Жарандардын маалымат алуу укугу чектелип атат бул жагынан алганда. Анан мурдагыдай эл пикет, митинг, демонстрация өткөрө албай, чыкса коркутуп, камап, ушундай жумуштар болуп жатат.

Кыйладан бери Улуттук телерадионун журналисттери укугун коргоп Бишкектин Максим Горький аянтында пикет өткөрүшүүдө. Кыргызстанда адам укугунун, сөз эркиндигинин сакталышы тууралуу пикирин сурап кесиптештерибизге микрофон сундук.

Бейшенбек Бекешов:

- Мына биз канча күндөн бери мобу М.Эшимкановго каршы нааразылык акциясы менен турабыз. Анын маалымдоо каражаттарында чагылдырылышы баа койсоң килейген “2” деген баага жарашчу абалда болуп жатат. Башка эмне деп айта алабыз?

Тележурналист Шайырбек Абдырахманов:

- Буга чейин мен байкабай жүрүпмүн. Чынын айтыш керек, азыр өз жон терим менен сезип жатам. Биздин пресс-конференцияларыбыз эфирлерден кетпей жатат. Биздин сүйлөгөн сөздөрүбүз бир дагы телекөрсөтүүдөн чыкпай жатат. Мунун баарысын Кыргызстандагы сөз эркиндигине көлөкө түшүрүү деп түшүнөм.

Ушундай эле пикирин тележурналист Алтынбек Жумаев да билдирди:

- Кысым болуп атабы, бизди чагылдырбай, бизди көрсөтпөй жатышканын көрүп, өзүбүздүн журналисттер болгонду болгондой көрсөтүп койбойбу деп, кандайдыр бир зээнибиз кейип жатат.

Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акун жарандардын өлкө ичинде бир жерден экинчи жерге баруу укугу да чектелип жатканын ырастап, адам укугунун сакталышы жаатындагы толгон-токой проблемаларды бүгүн Бишкекте өтчү чоң жыйында айтышарын, бийлик көңүлүн буруу аракети такай жасалып жатканын маалымдады.

XS
SM
MD
LG