Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:56

Орусиядагы кыргыздардын санаасы тынч эмес


Бүгүн Мигранттардын эл аралык күнү. Бул датага байланыштуу Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Асылбек Исаев “Азаттыкка” Урал жана Сибирь жергесиндеги кыргызстандык эмгек мигранттарынын турмушу жөнүндө айтып берди.

-Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө 200 миллиондон ашуун эмгек мигранты бар. Ал эми кыргызстандык мигранттардын негизги бөлүгү Орусияда. Анын ичинен көпчүлүгү Орусиянын Урал, Сибирь аймагында экендиги айтылып жүрөт. Бул аймактагы кыргызстандык мигранттардын так саны тууралуу сиздерде маалымат барбы?

-Так санды айтыш кыйыныраак болот. Себеби, расмий жана катталбай жүргөндөр менен реалдуу цифралар дал келбейт. Бирок биз жер-жерлердеги биздин диаспоралардын маалыматына таянсак, Урал жана Сибирь аймактарында кыргызстандык эмгек мигранттардын саны 100 миңдей.

-Урал, Сибирь аймагында бүгүнкү күнгө чейин Орусиянын атуулдугун алган жарандар канча пайызды түзөт?

-Бизде эгерде 100 миңдей эмгек мигранттары бар десек, 50 пайызынан көбүрөөгү Орусия атуулдугун алгандар болуп эсептелет.

-Орусияда бир гана Кыргызстандан эмес, мурдагы союздук республикалардын дээрлик бардыгынан эле мигранттар бар. Алардын арасында биздин мекендештердин орду кандай. Мисалы, орусиялык иш берүүчүлөрдүн, дегеле жергиликтүү элдин баасы кандай болуп атат кыргызстандыктарга?

- Орусиялык иш берүүчүлөр жана мамлекеттик уюмдардын кызматкерлеринин айтымында, кыргызстандыктар ишке жөнөмдүү деген ой бар. Биринчи иретте кыргызстандыктарды жумушка алганга аракет кылып атышат. Башка өлкөлөргө караганда Кыргызстандын эмгек мигранттары бул жакта баалуу деп айтсак болот.

- Буга чейин айтылып келди эле, кыргызстандык мигранттар, көбүнчө эмгек мигранттары мектепти бүтүп эле паспорту колуна тиери менен эле жөнөшөт деп, эч кандай билими, эч кандай кесипчилиги жок эле. Анан талаптар да коюлуп атты эле, жок дегенде курстардан кесипке ээ болуп окуп келгиле деп. Азыркы учурда акыбал кандай?

- Ушундай талаптар коюлуп жатат. Азыркы учурда каржылык кризис жөнүндө көп сөз болуп атат. Орусия федерациясынын расмий органдары тарабынан ушундай талаптар болуп атат. Себеби бул жакта кризиске байланыштуу чочулап жатышат, эмгек орундар азаябы деген ой бар.

- Каржы кризисин айтып кеттиңиз, Орусияда курулуш жана башка иштер токтоп иш азайып атат деп. Мындай шартта кыргызстандык мигранттардын абалы кандай болуп атат, мисалы айлык акыларын албаган даттануулар менен силерге кайрылышабы?

- Айлык акыларын албагандыгы жөнүндө кайрылуулар бизге кризиске чейин эле болуп келген. Жумушсуздук массалык түрдө азайды деп айтуудан алыспыз. Өзгөчө курулуш тармагында кризистин көбөйгөнү байкалууда, бирок массалык түрдө деп айтуудан алыспыз.

-Маегиңизге чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG