Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:03

Кыргызстан дзю-до боюнча Азия чемпионатында коло байгелүү болду


24-майда Тайвандын Тайпей шаарында чоңдор арасында дзю-до күрөшүнөн Азия Чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Анда кыргызстандык жаш балбан Азат Кубакаев коло байгелүү болду.

24-майда Тайвандын Тайпей шаарында дзю-до күрөшү боюнча Азия чемпионатынын таймашуулары жыйынтыкталды. Бул Азия таймашына Кыргызстандын дзю-до боюнча тандалма командасы да катышты.

Азия чемпионатында Кыргызстандын намысын эркектер арасындагы мөрөй талашууларда Эдил Беккулов (60 кг.), Азат Кубакаев (66 кг.), Жолдошкелди Кайназаров (81 кг.), Чыңгыз Мамедов (90 кг.), Акрамжан Маразыков (100 кгю), жана Талант Жанагулов (100 кг. дан ашуун салмакта) коргоп, күч сынашты.

Чоңдор арасындагы дюз-до күрөш боюна Азия чемпионатынын күч сынашууларында кыргызстандык алты жигит кимдер менен күч сынашты? Спорт күйөрмандары үчүн ирети менен баяндап берели.

60 кг. салмакта өлкөнүн намысын Азия чемпионатында коргогон балбан Эдил Беккулов биринчи беттешүүдө эле өзбекстандык Рашид Сабировго алдырып коюп, мелдештен четтеп калды.

66 кг. салмакта мөрөй талашкан кыргызстандык Азат Кубакаев биринчи беттешүүдө гонгонгдук Гаук Нгуэнди утуп алып, чейрек финалга чыкты. Чейрек финалда дагы индиялык Санжу Иромду да жеңип чыкты.

Бирок Азат Кубакаев жарым финалга чыгуу үчүн күч сынашууда түштүк кореялык Жонг Анга аз упай менен утулуп калды. Эгерде аны утуп алганда баш байгеге талапкердин бири болмок.

Үчүнчү орун үчүн күч сынашууда Азат түндүк кореялык Чол Мин Пакты утуп алды. Натыйжада кыргызстандык Азат Кубакаев Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси болуп, үчүнчү орунга татыктуу болду.

81 кг. салмакта кыргызстандык Жолдошкелди Кайназаров Азия чемпионатында биринчи күч сынашууда Бириккен Араб Эмираттары өлкөсүнүн балбаны Абдурахман Минуафуну утуп, ал экинчи беттешүүдө кувейттик Мешал Ал-Шейбуну да жеңип алды.

Жарым финалга чыгуу үчүн мөрөй талашууда Жолдошкелди Кайназаров өзбекстандык балбан Шакир Момуновго алдырып койду.

Бирок ал үчүнчү орун үчүн талапкерлердин таймашуусунда Жолдошкелди пакистандык Майражды жеңип алды.

Коло байгеге талапкер катары Жолдошкелди кытайлык Лей Гуо менен килем үстүндө күч сынашты. Ал үчүнчү орун үчүн таймашууда утулуп, коло медалдан куру калып, бешинчи орунда калды.

90 кг. салмакта кыргызстандык Чыңгыз Мамедов биринчи беттешүүдө эле ирандык Реза Чан Хандажи менен күрөшүп, жаштык кылып атаандашына алдырып койду.

100 кг. салмакта Акрамжан Маразыков биринчи таймашууда өзбекстандык Шералы Пулатов менен мөрөй талашып, жеңилүү ызасын тартып калды.

Бул салмакта казакстандык Максим Паков Азия чемпиону аталды.

Оор салмакта Бээжин олимпиадасына катышкан Талант Жанагулов Тайпейде да үмүттү актай албады. Ал биринчи беттешүүдө эле казак балбаны Улан Рыскулдан жеңилип калды.

Өлкөнүн эркин күрөшү федерациясынын вице-президенти, СССРге жана Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Жеңиш Дөңбаевдин айтымында, Тайпейдеги Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Азат Кубакаев гана үмүттү актап, коло медаль жеңип алды.

Ал эми дзю-до күрөшүнөн кыз-келиндер арасындагы Азия чемпионатына Айгерим Сеитова (48 кг.), Мээрим Момунова ( 52 кг.), Елена Исакова (57 кг.) жана Динара Кахарова (78 кг.) Кыргызстандын намысын коргоду.

Жеңил салмакта кыргызстандык Айгерим Сейитова биринчи беттешүүдө Вьетнам өлкөсүнүн өкүлү Ван Туну утуп алды. Бирок чейрек финалда монгол балбан кызы Мунхват Урантсетсегден утулуп калды. Үчүнчү орунга талапкерлердин таймашуусунда Айгерим казакстандык Келбет Нургазинден жеңилүү ызасын тартты.

Ал эми 52 кг. салмактагы кыргызстандык балбан кыз Мээрим Момунова да 24-майда килем үстүндө күрөшкө чыгып, биринчи беттешүүдө эле казакстандык Ленура Мингазовадан жеңилүү ызасын тартты.

57кг. салмакта өлкө намысын коргогон Елена Исаков биринчи таймашууда малайзиялык Норбай Ник Азман менен мөрөй талашып, Елена утуп алды.

Бирок ал чейрек финалда жапон балбаны Хитоми Токухизадан жеңилип калды. Жапон балбаны баш байгеге талапкер болгондуктан Елена Исаковага оңдой берди болуп, үчүнчү орун үчүн талапкер катары күрөштү.

Тилекке каршы ал кытайлык Ронг Сундан жеңилип, коло медалды колдон чыгарды.

Ал эми 78 кг. салмакта кыргызстандык балбан кыз Динара Кахарова биринчи беттешүүдө вьетнамдык Вуй Чи Ду менен күрөшүп, атаандашын утуп алды. Ошондой эле Динара экинчи ирет татами үстүндөгү таймашууда Иран мамлекетинин өкүлү Сахар Чахалвандды дагы жеңип алууга жетишти.

Бирок Динара жарым финалда жапон балбан кызы Хитоми Икодага туш болуп, ага жеңилип Азия чемпионатынын коло байгеден куру калды.

Өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Марс Акеровдун пикиринде, кыргызстандык балбандар Тайпейдеги Азия чемпионатында 1 коло медаль утуп, 2012-жылкы Лондон олимпиадалык мөөнөттү дурус баштаганы менен жергиликтүү балбандарга көңүл буруу зарыл.

Эми дзю-до боюнча дүйнө чемпионаты августта Германияда болмокчу.


  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG