Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Кыргыздын саясий элитасы комсомолдон чыккан


Премьер-министр Игорь Чудинов учурунда Кыргызстан комсомолунун борбордук комитетинин экинчи катчысы болгон.
Премьер-министр Игорь Чудинов учурунда Кыргызстан комсомолунун борбордук комитетинин экинчи катчысы болгон.

Бүгүн мурда комсомол кызматында иштегендер Бишкекте комсомолдун 90 жылдыкты белгилешет. Комсомолдун мектебинен өткөн инсандар учурда жетекчи кызматтарда, коомдук, партиялык иштерди аркалап келатышат.

Комсомолдук куракты баштан өткөргөндөр үчүн бул мезгил бүтүндөй бир доор, айтор жакшысы да, өксүгү да аралаш бир учур эле. Кеңеш доорунда кандай гана маанилүү иштер, өнөктүк болбосун башкы күч, таяныч катары ишти сүрөп кетүүчү курамда жаштар турчу.

Мурза Капаров учурунда он жылдан ашуун комсомолдук жооптуу кызматтарда иштеген. Ал азыр кыргыз өкмөтүнүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү. Бүгүн белгиленип жаткан комсомолдун 90 жылдыгы тууралуу ал мындай деп эскерди:

-Биз дагы ошол комсомол уюмдарынын иш-максаттарын жүзөгө ашырып калган адистерден элек. Менин турмушумдагы унутулгус күндөр комсомол менен байланышкан. Тагдырдын буйругу менен комсомолдук бир топ жооптуу кызматтарда иштедим. Студенттик курулуш отряддарын 1967-жылы алгач Кыргызстанда биз баштаганбыз. Үч жыл мурда бул демилгени кайра жандандырдык. «Ала-Тоо жазы» фестивалын, бир катар демилгени биз баштап уюшурган элек.

Ал эми «Акыйкат үчүн» кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкуловдун пикиринде комсомол кыргыз элине далай мыкты уул-кыздарды тарбиялап, өстүрүп берген. Комсомолдун жакшы жактарын азыр да алып, учурда өлкөдө жаштар менен иштей турган мамлекеттик саясат болушу зарыл.

Тарыхка кылчайсак, Кыргызстанда биринчи жолу 1918-жылы Кызыл-Кыя шаарында 15 адамдан турган алгачкы комсомол уюму түзүлгөн. 1920-жылдан тартып бул уюм жаштардын коммунисттик кошууну деп аталган.

1925-жылы Кыргызстандын комсомол уюмдарынын борбордук комитетинин биринчи катчылыгына Осмонкул Алиев дайындалган. Ошондон тартып комсомол тараганча 29 жетекчи алмашкан. Акыркы биринчи катчы Нурлан Аскаров учурда өлкөнүн кесипчилик-техникалык окуу жайлар боюнча мамлекеттик агентигинин төрагасы.

Кыргызстан эгемен өлкө болгондон бери айрым жетекчилик кызматтарда комсомолдон таалим-тарбия алгандар иштеп келишти. Учурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов да Кыргызстан комсомолунун борбордук комитетинин экинчи катчысы болгон.Тышкы иштер министри Эднан Карабаев, экономика министри Акылбек Жапаров,улуттук статистика комитетинин төрагасы Орозмат Абдыкалыков, Жогорку Кеңештин депутаттары Иса Өмуркулов, Аскар Салымбеков, Рахатбек Ирсалиев жана башкалар учурунда комсомолдук уюмдардын жетекчилери болушкан.

Ал эми оппозиция лидерлери Аликбек Жекшенкулов, Темир Сариев, Эркин Бөлөкбаев, Кубат Байболов, Болот Шерниязов жана башкалар дагы учурунда комсомолдон таалим-тарбия алгандар.

Кыргызстан ЛКЖС борбордук комитетин мурдакы жооптуу кызматкери, коомдук ишмер Шамшыбек Медетбековдун пикиринде өлкөнүн жетишкендиктерин комсомолсуз элестетүүгө мүмкүн эмес.Азыр жүздөн ашуун партия болгону менен алардын жаштар канаттары алгылыктуу иш менен көрүнө элек.

Бишкек шаарынын тургуну Туратбек Жумабековдун пикиринде комсомолдун жакшы жактары менен кошо адам укуктарын тебелеген, мажбурлаган учурлары да болгон.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG