Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:30

А. Бекназаров: Зомбулук шайлоо - мыйзамдуу эмес


Президенттик шайлоону мыйзамсыз деп жарыялаган Бириккен оппозиция жакын арада саясий акцияларга чыгууну караштырып жатат. Бул жөнүндө “Азаттыкка” БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров билдирди.

- Президенттикке БЭКтен бирдиктүү талапкер Алмазбек Атамбаев эмне үчүн катышуудан баш тартты?

- Бул туура эмес, президенттике талапкерликтен Алмазбек Атамбаев баш тарткан жок. Алмазбек Атамбаев шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин төрт саат убакыт калганга чейин болгон бийликтин зомбулугунан, шайлоочуларга көрсөткөн кордугунан, зөөкүрдүгүнөн кийин ушундай чечим кабыл алды. Кандай гана болбосун бул шайлоонун жыйынтыгы легитимдүү болуп эсептелбейт деп белгилеп, бийликтин ушунчалык күч колдонуп, зордук-зомбулук көрсөтүп, шайлоодон өзү каалагандай жыйынтык чыгарып алуу аракеттерин айтып айыптап чыккан.

Бирок бийлик ошону ММК, айрыкча радио-теле аркылуу Атамбаев талапкерлигинен, шайлоодон баш тартты деген саясатты жүргүзүп атат. Бирок Атамбаев шайлоодон баш тарткан жок. Ал тескерисинче “бийлик өзү каалагандай жыйынтык чыгарып алам деп атат, биз тааныбайбыз кандай гана жыйынтык болбосун, мыйзамсыз деп эсептейбиз” дегенди гана билдирет.

- Балыкчыда СДП депутаттык фракциясынын мүчөлөрү Кубанычбек Кадыров менен Мирбек Асанакунов жергиликтүү бийликти басып алууга аракет кылды деп айыпталып, шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кармалганы тууралуу маалымат бар. Бул боюнча эмне айтмаксыз?

- Бийликтин байкоочуларга, ошондой эле биздин өкүлдөргө болгон зомбулугун токтоткула деп айтышкан эки депутат бийлик тарабынан мыйзамсыз камакка алынган. Ондогон байкоочуларды, Атамбаевдин ондогон жактоочуларын дагы депутаттар менен кошо камаган. Мына шайлоонун жыйынтыгы бүткөндөн кийин гана аларды чыгарып ийди.

Кыргызстан боюнча ошого окшогон ондогон-жүздөгөн фактылардан кийин биздин талапкер Атамбаев кандай гана шайлоо жыйынтыгы чыгарбасын бул легитимсиз дегенди айтып чыкты. Атүгүл Жогорку Кеңештин депутаттарын дагы камакка алды, курал колдонду, зомбулук кылып шайлоо участкаларынан көтөрүп туруп эшике ыргытып жибергендер болду. Ондогон бюллетендерди мыйзамсыз салып аткандарды кармаган адамдарды кайра тескерисинче уруп-сабоого алды. Ошондуктан жанагыдай чечим алууга аргасыз болгон.

- БЭКтин кийинки кадамы кандай болот эми?

- Биздин талапкердин мындай чечимге барышына БЭКтин саясий мүчөлөрүнүн көпчүлүгү макулдук бергенбиз. Биз кечээ кечинде чогулуп бир чечимге келдик, жакын арада шайлоонун расмий түрдө жыйынтыгы чыкканга чейин, анан жер-жерлерден бир топ фактыларды бүгүн-эртең топтогондон кийин саясий жыйын менен чечкиндүү саясий акцияларга чыгууну чечип атабыз. Кандай чечимге келебиз, аны жакын арада айтабыз. Бирок биз Атамбаевдин тыянагын, чечимин колдоо менен Бакиевдин шайлоосун легитимсиз деп жарыяладык. Ошого байланыштуу саясий чараларды көрүүгө чечим алабыз.

-Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG