Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:30

Баткенге куралчан топ басып кирди


Баткен областына Тажикстан менен чектешкен жагынан түн ичинде чек араны бузуп өткөн куралчан топ басып кирди. Алар кыргыз чек арачыларына куралдуу каршылык көрсөтүп, тоо таянып качып жашынышты.

14-октябрда кечки саат 23:00дө Баткен облусундагы Көк-Таш чек ара бекетинде ок атышуулар болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат катчысы Жоодар Исакунов бүгүн "Азаттыка" билдирди.

Маалыматка караганда, куралдуу ондой киши Тажикстан аймагынан сүрүлүп качып келип, Кыргызстан чек арачыларына тушуккан. Ошол мезгилде Тажикстандын күч структуралары аларга каршы операция өткөрүп жаткан.

Кыргызстан чек арачылары куралчандарды ок менен тосуп алган. Атышууда чек арачылар жабыркаган эмес. Азыркы мезгилде Кыргызстан чек ара кызматынын жетекчиси Токон Мамытов жана анын орун басары Чолпонбек Турусбеков окуя болгон жерде куралдуу адамдарды издөө ишине жетекчилик кылып жатат.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Көк-Таш, Үч-Дөбө айылынын тургундары айтышты. Алардын сөзүнө караганда, түн ичинде чек арачылар менен белгисиз куралчан топтун ортосунда ок атышуу Баткендин Тажикстан менен чектешкен Кожо-Карым участкасында болду. Кыргызстандын чек арачыларына куралдуу каршылык көрсөткөн топ тоо таянып качып кеткен.

Түндө болгон окуяны Баткен областтык акимчиликтин маалымат катчысы Мамажан Бердишев "Азаттыкка" ырастады. Анын айтымында, куралчан топту таап кармоо жана куралсыздандыруу үчүн чек арада чек арачы аскерлер тарабынан издөө-иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ок атышуу болгон жерден граната жана атылган октун калдыктары менен аскердик мешоктор табылды. Түнкү жоболоңдуу окуядан кийин Кыргызстанда да, Тажикстан тарапта да чек араны кайтаруу күчөтүлгөн тартипке өткөрүлдү.

Жергиликтүү кеңештин депутаты Тыныбек Сейитов кол салып кирип келген куралчан топ бир айдан бери кошуна Тажикстандын Исфара районунуда укук коргоо кызматкерлерин атып, карматпай жүргөн топ болушу мүмкүндүгүн билдирди.

XS
SM
MD
LG