Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

Ошто ыңкылапчылар сыйга бөлөндү


Ошто шаар жетекчилиги 24-мартта ыңкылаптын активдүү катышуучуларына «Кашкар» кафесинде салтанат уюштуруп, тарыхый окуя мезгилинде айырмаланган жарандарга акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Оштун биринчи вице-мэри Арфидин Аланов өз өмүрүн жана үй-бүлөсүнүн тагдырын тобокелчиликке салып, 2005-жылы жаңы бийликти орноткондордун эрдигине таазим этип, аларды мамлекет такай камкордукка бөлөй тургандыгын убада кылды.

Андан кийин кеп улаган коомдук ишмер Токтосун Абдыкадыров элдин жашоо-шарты кыйла жакшыргандыгына токтолуп, ушундай ийгиликтердин башында турган мамлекет башчысы Курманбек Бакиевди дагы бир мөөнөткө шайлоого жердештерин үндөдү.

2005-жылдын 20-мартында таңга маал Ички иштер министрлигинин куралчан тобу облустук акимчиликти ээлеп алган козголоңчуларды уруп-сабап, кууп-тараткан. Ошондо катуу токмоктолуп, жабыр тарткандардын бири Зина Жанботоева жер-жерлерде уюштурулган майрамдык иш-чараларга бийлик тарабынан чыныгы ыңкылапчылар чакырылбай калганына тызылдады.

Зина Жанботоева ыңкылапчыларга эмдигиче мамлекеттик камкордук жоктугун айтып, бул туурасында атайын мыйзам кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.

Оштогу март ыңкылабынын штаб жетекчиси Мырзабек Акматов 2005-жылы улуттук лидерди тандоодо терең жаңылышкандыгын ачыктап, эл турмушу Бакиевдин саясатынан эмес, чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мигранттар жөнөткөн каражаттардын эсебинен жакшырып атканын белгиледи.

XS
SM
MD
LG