“Кыргыз руху” гезити “Үчүнчү күчтөр кимдер же төртүнчү күч керекпи?” деген макаласын К. Жумалиев, Ү. Сыдыков, А. Матубраимовдун сүрөттөрү менен чогуу басты. Үүнчү күчтөр бейкапар тынччылыкта, саясый туруктуулук учурда эч билинбейт, чөптөн жапыз, суудан тайыз болуп жүрө берет, алар бороон болор алдында, чагылган түшөрдө коңултукка кирип, бийликке да, оппозицияга да жан тартпай күтүп турат да, чечүүчү мезгил келгенде жеңип бараткан тарапка өтө качышып, алтургай аздан соң революциянын гегомону болуп чыга келишет деп белгиледи. Автор бүгүн мына ошол үчүнчү күчтөрдү ачык айтчу мезгил келди деп: Ү. Сыдыков, А. Мадумаров, М. Кайыпов, И. Исаковдун, экс-акаевчилерден О. Ибраимов, Б. Жанузаков, Т. Акматалиев, К. Жумалиев, А. Чотбаев өңдүүлөрдүн ысымдарын атады.
“Кыргыз туусу” гезити “Жумушсуздук жоюлса жашообуз оңолот”, “Улуттук журналистиканын триумфу жана трагедиясы” жана башка макалаларга, журналисттердин кесиптик майрамына карата гезиттин айрым кызматкерлеринин өздөрүнүн ойлоруна орун берген. Гезит баяндамачысы Папан Дүйшөнбаев дүйнөлүк стандарттагы журналистикада жазуу дегенибиз чын эле жылаңач фактыларды жана сандарды гана кайталаган бечара тоту куштун ролуна түшүп калабы деп суроо коюп, жашырганда эмне, жылаңач фактыларды констатациялоону дүйнөлүк стандарт деп, аны ар кимдерге таңуулап келаткандар радиожурналисттер деп айтты. Папан Дүйшөнбаевдин оюнча улуттук журналистикада азырынча аналиткалык журналистиканын аты тургай жыты да жок.
“Жаңы ордо” гезити “Оштогу Өзбек университетинин артында ким?”, “Агенттиктин айтканына ишенүү кыйын” деген макалаларды, ЖК депутаты Мурат Жураевдин “Ички миграция келечекте чыр-чатак алып келиши мүмкүн” деген интервьюсун ж.б. макалалардын топтомун сунуш кылды. Аталган гезит коррупцияга каршы алдын алуу деп аталган агенттик Кыргызстанда коррупцияга эң чөмүлгөн уюм облустук, райондук акимчиликтер дегенине шилтеме кылып, деги ушуга ким ишенет, эгер агенттик коррупция менен булганган Акүй, Көкүй, прокуратура, сот, милийса десе ишенет элек деп сөз кылды.
“Агым” гезити” “Өз үйүн чанган өкүлдөр”, “Дүйнө дүрбөдү. Бизчи?” деген макалаларды, Ф. Куловдун “Менде баары алдыда” деген маектешүүсүн, журналисттер менен соболдорду, кыргыз киносуна арналган макалаларды тартуулады. Кулов өлкөдөгү абал, оппозициядагы, бийликтеги санаалаштары, кызматташтары, өзү, өз өлкөсү, башка өлкөлөр жөнүндө сөз кылып келип, өткөнүн эскерип, “эгер күч колдонуу жолун тандасам түрмөгө да олтурмак эмесмин. Элди көтөрүп, колго курал алып, Акаев менен согушмакмын. Түрмөгө олтургузса да биз көздөгөнүбүзгө жетебиз дегенбиз. Эми кийинки шайлоого камынабыз, анда татыктуу орун алабыз” деп жооп берди.
Орус тилдүү “Репортер Бишкек” гезити баш макаласынын атын “Человек-невидимка...” деп атап, анысын президент К. Бакиевге багыштаган. Гезит макаласын, Германиянын тургундары кыргыз президентинин алардын өлкөсүндө дарыланып жаткандыгынан күнөм санашпайт, бирок Бакиевдин бул өлкөгө келгендиги тууралуу орус тилиндеги да, немис тилиндеги ММКлардын бири да үн каткан жок. Ал жаткан клиниканы эчким деле кайтарбайт, эчким барып айнегин шыкаалабайт, эчким гүл көтөрүп да деп барбайт деп баштап, Бакиевдин Германияга кандай самолет менен барганын, канча акчага барганын, катардагы эле жолкаттам самолету менен бардыбы же жеке менчик самолет менен бардыбы, бүгүн муну президенттин алдындагы кызматкерлеринин бири да айталбайт, алтургай алар анын Германиянын кайсыл клиникасында дарыланып жатканын, дарт белгиси кандай экендигин да билишпейт, болгону муундарын дарылатып атат, баары жакшы дегенди гана билишет деп жазды. Макаланын автору андан ары, азыр өтө бай жана белгилүү адамдар Германияга барып дарыланмайды адат кылып алышты. Учурунда бул өлкөдө Ч. Айтматов, А. Абдулов, А. Пугачева ж.б. дарыланган. Көрүнуп тургандай чет элдик медицина деле кээ бирин ажалдан алып кала алган эмес деп баяндап, кыргыз президенти ооруган дарт менен ооругандарды дарылагандыгы үчүн канча акы аларын Кассел деп аталган немис клиникасынын мисалында шардана кылды.
“Ачык саясат” гезитине Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттарынын бири Ташполот Балтабаевдин “Президенттин “секретный” оорусу бар же ал кыргыз медицинасына ишенбейт” деген аталыштагы баарлашуусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры, куруучу Акбаралы Кабаевдин өлкөдөгү ГЭСтердин азыркы абалы тууралуу айтып бергендери, Басма сөз күнүнө арналган материалдардын топтомдору, гезит баяндамачысы Эртабылды Аттокуровдун “Отун-энергетикалык кризисине кимдер жоопкер?” аттуу макаласы ж.б. маалыматтар жарык көрдү. Экс-депутат Ташполот Балтабаев, дүйнөлүк практикада өлкө башчысынын карапайым адамдан айрымасы, анын баскан-турганы, ичкен-жегени, берген убадалары, жеке турмушу да коомчулуктун көз алдында болорун, Бакиев бул жагынан өзүнүн жасап келаткан кадамы менен түз жүрбөгөн “коварный” саясатчы экендигин көрсөткөнүн белгиледи. Т. Балтабаев, эгер Бакиев өзү айткандай куландан соо болсо, анда кембагал Кыргызстандын бюджетинин эсебинен аркы-терки самолет менен учуп, үйбүлөсү менен чет өлкөдө жашап, элдин чөнтөгүнөн чогулган миллиондогон сомго чыгым келтирбей эле президенттин карамагына баш ийген медициналык борбордон дарыланса болбойт беле деп айтып чыкты.