Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

Башыбыз бакага, көзүбүз көгөнгө айландыбы?


Гезиттерде Эшимановдун тегергиндеги чуулгандуу окуялар кызуу талкууланууда.
Гезиттерде Эшимановдун тегергиндеги чуулгандуу окуялар кызуу талкууланууда.

Бүгүн жарык көргөн гезиттер коомдук-саясый турмуштун ар кыл жагдайы жөнүндө жазылган макалаларды, саясатчылардын ойлорун, интервьюларын жана УТРКнын айланасындагы чыр-чатак тууралуу көз караштарды, каттарды жарыялады.

“Кыргыз туусу” гезити белгилүү журналист Эсенбай Нурушевдин “Молдосу” бучуктун тили бузук болот” аттуу интервьюсуна орун берген. Автор анысында кыргыз коомчулугунда бүгүн мите сөздөр менен сүйлөө кадыресе көрүнүшкө айланганын кеп кылат. Мисалы күнүмдүк сода-сатык кылып жүргөндөр: “зарабатка кылганы кетишкен”, “стройматериалдар менен таргавайт кылабыз”, “ доллар чейнж кылабыз”, “гринкрат выйграт эткибиз келет” дешсе, укук коргоочу дегендерибиз же жарандык коом куруу үчүн күрөшүп аткандар: “выборлорго мониторинг кылабыз”, “гендер боюнча трейнинг өткөрөбүз”, “пилоттук проекттерди сынап жатабыз” деп сүйлөп калышканын далилге тартат. Эсенбай Нурушев кыргыз тилинин кыйрап баратышы “... баягы эле башы жок бакага, көзү жок көгөнгө айланган азыркы заман себепкер. Өөдүк-сөөдүк замандын тили да өөдүк-сөөдүк болот. Бучуктар көбөйгөн жерде эл да ошолордун тилинде сүйлөй баштайт” деп кеп салган.

“Ачык саясат” гезити, “Сыдыков сыр ачабы же чыр ачабы?”, “Акаевдарга кечирим берүү – айбандык”, “Эшимкановдун жетекчилиги алдында иштей албайбыз”, “Субанов милиционерлерди кылмышка түртүүдө” деген ж.б. макалаларды басты. Гезит Темиркан Субановдун өзү менен сүйлөшүп: “Сиздин буйругуңуз менен эми милийсалар көчөдөгүлөрдүн документтерин эле эмес чөнтөктөрүнө да кол сала берет экен да” деп суроо бергенде генерал милийса “Менин айтканым күндүз эмес, түнкүсүн жүргөндөргө гана тиешелүү, бирок баарынын эле чөнтөктөрүн текшере бербейт” деп жооп берген.

“Жаңы ордо” гезити өкмөт башчысы Игорь Чудинов менен баарлашкан. И. Чудинов аңгемесинде оппозиция экономикалык программасын коомчулукка тартуулай албай жатканын, өкмөт кышка карата азыркыдай кылдат даярдыкты эгемендиктин бир дагы жылында жасабаганын, көмүрдүн бир тоннасынын баасыны 2700 сомдон ашпаганын, азыркы учурда элдин бийликке болгон ишеними жогору экендигин баса белгилеген.

“Кыргыз руху” гезити буга чейин жарыкка чыккан гезиттер жазып бүткөн Элдик курултай жана анда сүйлөгөн саясатчылардын сөздөрүн, жыйын тууралуу ой-пикирлерди жарыялаган.

“Жаңы кылым” гезити “Жаңы Кыргызстан” партиясынын Ноокаттагы мүчөсү Хасилжан Рахимовдун “Президент убадамды 3 жылдын ичинде аткарбасам, жумуштан кетем деген” аталыштагы алакандай катына орун берген. Партия мүчөсү президентке кайрылып:” Урматтуу Курманбек Салиевич, сиз 2005-жылдын 19-мартында “Акаевчилер бул электр энергиясын өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн иштетип жатат” деген элеңиз деп, “азыр ал кимдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат?” деп суроо салган.

Ө. Текебаев ушул эле гезит аркылуу Үсөн Сыдыковвдун кызматтан кетишин президентке таасир этүүчү 2 күчтүн кармашынын натыйжасы экендигин, эми алардын бири жеңип, бири утулганын, Бакиев бул ирет аны бийликке алып келүүнүн символу болгон Сыдыковлду эмес жеңген тарапты тандап алганын айтты.

“Жаңы Кыргызстан” партиясынын баш катчысы И. Исаковдун : “Үйбүлөлүк башкарууну сыйлагандарды куугунтуктоого Акүйдүн 7-кабатынан “фас” деген команда берилген” деген интервьюсу да ушул гезит аркылуу окурмандарга таратылууда. Генерал Исаков ушундай буйрук берилди деп анын партиялаштары эле эмес, кээ бир бийликте олтургандар да айтып атканын, демек үйбүлөлүк, криминалдык-кландык бийликтин Кыргызстанда түзүлүшүн, анын кемчилигин бетине айткандарды куугунтукка алат, коркутат, токмоктойт, оозун басат, керек болсо өлтүрүүгө барат деп тыянак чыгарганга негиз берерин, бул өтө чоң коркунуч экендигин белгиледи.

Партия башчысы ошондой эле: “Президенттин инисинин мамлекеттик-күзөт кызматына жетекчи болгону моралдык, этикалык жактан туура эмес. Таза, демократиялуу коомдо бир дагы жетекчи мындай жолго барбайт. Бүгүн ошолор кызматтык мыйзамдарды бузуп, кээ бир адамдардын артынан түшүп, илгерки КГБнын ишин жүргүзүп жатышат” деп билдирди. Ошондой эле Акаев учурунда анын күзөт кызматынын башчылары президенттин жакын же алыс туугандары эмес, бөлөк кишилер болгон деп кошумчалады.

Орус тилдүү “Репортер Бишкек” гезити “Конец Кеминизму” деген макаласы үчүн ур-токмокко алынары менен өлкөсүнөн качып чыгып, азыр Швецияда баш калкалап жүргөн журналист Хабира Мажиева менен маектешкен. Журналист Швеция бийлигинен башпаанек сураганын, азыр күнүнө 60 крон аларын, бул өлкөдө нандын баасы эле 40 крон турарын, ушу күндө иш издеп атканын, Мекенине кайтып баруудан чочуларыначыкка чыгарган. Гезит анын аягындагы түушүндүрмөсүндө, бирок автордун эмгеги текке кетпегендигин, ал жарык көргөндөн кийин “Чоң Кемин” улуттук паркында мындан ары кенчалгындоо иштерине уруксат берүүгө тыюу салынганын кабарлады.

“Агым” гезити, президенгт дүйнөлүк кризисттен белгилүү деңгээлде пайда көрсө болот деп айтты, Кыргызстан өнөржай продуктыларын өндүрүү боюнча КМШ өлкөлөрүнүн алдына чыкты, “Манас” аэропортунун президенти Бакыт Сыдыков президент Бакиевге чөгөлөп: ”Эсеп палатасы кайра-кайра текшере берип жанымды сууруп алмай болду, өзүңүз бирдеме дебесеңиз болбой калды” маанисинде ыйлап ийген имиш” деп маалымдады.

Гезит майда маалыматтарынан тышкары “Ак жолдун” келечеги быйылкы кышка көз каранды” аттуу депутат А. Мамасалиевдин маегин, “Президент болууну Обомадан үйрөнгүлө”, “Каптагаев периштедей тазабы?” деген макалаларды, А. Бекназаров жөнүндө “Такшалган юрист, популист саясатчы” аттуу ой-пикирлер топтомун, “Таких друзей врагов ненадо”, “Адиль Тойгонбаев собирается выпустить свои мемуры” деген орус тилиндеги макалалрды жарыкка чыгарды.

Ошону менен бирге эле “Сары Өзөндөн кат” же Жайнагүлдүн “жашыруун” жоруктары” деген ат менен ушу тапта УТРК баш деректири М. Эшимкановго каршы нааразылыкта жүргөн Ж. Максимова тууралуу “Сары Өзөн” телерадиокомпаниясынын 12 журналисти кол койгон каты басылды.

XS
SM
MD
LG