Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

Генерал И. Исаков да оппозицияга өтөбү?


Бүгүн гезиттердин дээрлик баары 19-ноябрда болуп өткөн “Элдик революция кыймылынын” Таласта өткөн жыйыны тууралуу жана өлкөнүн учурдагы оор абалына карата макала-маектерди, ой-пикирлерди жарыялады.

“Асман преss” гезити “Жаңы Кыргызстан” саясый партиясынын баш катчысы Исмаил Исаков менен маектешти. Исаков мырза энергетикалык кризис тууралуу сөз кылып: “...коңшу Тажикстан өткөн жылдагы кыйналганын эске алып, быйыл ГЭС куруп, миллиарддаган киловатт саат энергияны алып турмай болуп Өзбекстан, Түркмөнстан менен келишим түзүп алды. Бизде болсо элдин кызыкчылыгын ойлогон бирөө жок. Кызматта олтургандар эптеп жеп калайын, мамлекет ач-жылаңач калса да мейли деп, элдин ырыскысын, байлыгын тоноп жатат” деди. Кабарчынын “Сиз президенттин кадр саясатына кандай баа бересиз?” деген суроосуна генерал Исаков: “Президенттин кадрдык саясатына каршымын. Анткени ал элди ушундай оор заманга алып келгендер менен иштешип жатат. Биздин партия президентке бир топ сунуштарды берди...эгер бийлик өзүм билемдик кылып, энергетиканы менчикке берсе биз дагы оппозициянын катарын толуктап калышыбыз мүмкүн” деп айтты.


“Жашообузда сөзсүз жаңылануу, өзгөрүү болушун каалайбыз. Өлкөбүздүн турмушун ушул бойдон калтырууга ар бирибиздин моралдык укугубуз жок. Биздин жашообузга президенттин баласы же бир тууганы жеке көр тирлигибизге кийлигишип, жайы менен азап тартып өстүргөн төө буурчагыбыздын баасын ошолор бычып, ошолор аныкташын каалабайбыз. Бул бийлик кетмейинче биз оңолбойбуз” деп айтышты Талас эли, таластыктар ревкомдун койгон талаптарын колдоду деп баяндады ушул эле гезит бүгүнкү санында.

“Учур” гезити “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин “Бүгүн өлкөнү үйбүлөлүк-криминалдык система башкарууда” деген интервьюсун жарыялады. Меморандум жөнүндө сөз кылган Текебаев, бул документте К. Бакиевдин кетиши же кызматында акырына чейин калышы тууралуу сөз болбогонун, мында Бакиевсиз деле Кыргызстанды кандай уюштуруу керектиги тууралуу өзөктүү кеп элдин эркине коюлганын, учурда ушуну чечип, бекемдеп алуу зарылдыгын, антпесе 2005-жылдын март окуясы кайталанарын эскертти.

“Лица” гезити АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татиана Гфэллер айым менен интервьюсун окурмандарга сунуш кылды. Кабарчынын “Айтыңызчы, сиз Америкада болуп өткөн шайлоого канааттандыңызбы?” деген суроосуна элчи айым “Бул тарыхый тандоо болду. Биринчи жолу афроамерикалык жаран президент болуп шайланды. Биз америкалыктар ушундай шайлоо өткөргөнүбүз үчүн сыймыктанабыз” деп жооп берди. Ушу кезде беш тилде эркин сүйлөгөн Татиана айым учурда кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет кылып жатканын да кошумчалады. Элчи айым андан ары кыргыз-америка мамилелерине токтолуп, ушул жылдын июнь айында америкалык элчилик демөөрчүлүк кылган семинар өткөнүн, ага кыргызстандык ишкерлер катышканын, мына ушул программанын алкагында эле кыргыздын көп сандаган азык-түлүктөрүн арзандатылган бажы тарифине ылайык Американын рыногуна алып чыгууга боло тургандыгын айтып берген.

“Жаңырык апта” гезити президент Бакиев түшкөн учак Бишкекке эмес Ошко конгон, анын келишин эмнегедир аба ырайы да жактырбай турат өңдөнөт деп кабарлады. Ушул эле гезит “Февралда караманча жарыксыз калышыбыз мүмкүн” деген макаласында “Ушу кезде Токтогул суу сактагчындагы суунун көлөмү 9 млрд.кубометр болсо ноябрь, декабрь, январь, февраль айларында анын көлөмү 5,5-5 млрд. кубга чейин төмөн түшөт. Мындан улам андагы генераторлорду иштетүүгө мүмкүнчүлүк болбой калат. Муну адистер айтып жатат” деп маалымдап, бир жагынан каржы кризиси этектен алса, бир жагынан энергия кризиси алкымдан алып, азык-түлүктүн кымбаттыгы төбөдөн уруп, кыргыз элин жети атасы көрбөгөн шорго малып, мамлекетти суурса чыккыс сазга батырганы калды өңдөнөт деп баяндады. Гезит менен мударис Кусеин Исаев да баарлашып, тарыхый салт-санаага ылайык жерди эч качан сатпашыбыз керек боучу, азыркы Конституциянын 5-беренесиндеги жер тууралуу маселени түп тамырынан бери кылдат чыгуу керек деп белгиледи. Окумуштуу андан ары жеке менчик деп атып Ысык-Көлдүн түндүгү бүтүндөй сатылып кеткенин далилге тартты жана муну менен Кыргыз Республикасынын жетекчилери, министрлер, депутаттар кыргыз элине, эртеңки муундардын келечегине чыккынчылык жасап жатканы өкүндүрөрүн билдирди.

“Аалам” гезити Ысык-Көл аймагында ишмердигине тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” партиясына мүчө болуп киргендер жөнүндө жазды. "Булардын көпчүлүгү 30 жаштагы жумшсуз жаштар. “Хизбутчулар” өзгөчө көлдүн Түп, Жети-Өгүз райондорунда жайылып баратат,"-деп белгилеген гезит.

"Ушул жылдын апрелинде К. Бакиев ишкерлерди текшерүүгө мараторий жарыялаган эле, бирок текшерүү ошондон кийин эки эсе күчөдү. Салыкчылары токтосо, финполициясы текшерүүгө өттү” деп, “2005-жылдын март айында Улуттук Банктын Жала-Абаддагы филиалынан киши колдуу болуп жок болгон 23 млн. акчанын дайыны ушу күнгө чейин белгисиз. Баш прокурордун жардамчысы К. Асангелдиевдин айтымында бул факт боюнча козголгон кылмыш иши айыпталчу адам изин суутуп кеткендигине байланыштуу токтотулган имиш” деп жазып чыкты. Ушул эле гезит аркылуу “Эрк” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу “Бакиевдин намысы, уяты болсо өз каалоосу менен кетсин” деп айтып, “эл саясатчылар чогулуп чогулуш жасаса эле “а, алар бийликке таарынгандар” дешет экен. Жок, биз эч качан бийлик үчүн элди алдап чуркаган эмеспиз. Жакында биздин партия да борбрордук аянтка жыйын өткөрөбүз. Башкы максатыбыз – азыркы бийликтин элге каршы жасап жаткан саясатын токтотушубуз керек” деп билдирди.

XS
SM
MD
LG