Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Эркектердин саламаттыгы начарлоодо


Дарыгерлер тамеки тартуу да эркектердин ден соолугуна терс таасир тийгизээрин белгилешүүдө.
Дарыгерлер тамеки тартуу да эркектердин ден соолугуна терс таасир тийгизээрин белгилешүүдө.

Бир аптага созулган “Эркектердин саламатты" жумалыгы бүгүн жыйынтыкталат. Адистер кийинки убакта Кыргызстанда көптөгөн себептерден улам эркектердин саламаттыгы начарлап баратканын айтышууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен 22-июндан 27-июнга чейин Урология илим изилдөө институтунда “Эркектердин саламаттыгы" жумалыгы деп аталган кайрымдуулук акциясы өтүп жатат. Мындай акция Кыргызстанда соңку 5 жылдан бери белгиленип, жыл сайын 1500дөн ашык эркек медициналык текшерүүдөн бекер өтүп, дарыланууга жолдомолорду алышат. Акцияны өткөрүүнүн башкы максаты – эркектер арасында өзүн сактоонун, учурунда ооруну аныктоонун маанилүүлүгү тууралуу маалымат берүү жана эркектердин саламаттыгына коомчулуктун көңүлүн бурууда болуп жатат.

“Эркектердин саламаттыгы" акциясы тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин башкы урологу, Урология илим изилдөө институтунун директору, профессор Акылбек Усупбаев буларга токтолду:

- Биз бул акцияны 5 жылдан бери өткөрүп келатабыз. Мурдагылардан быйылкы акциянын өзгөчөлүгү – мурдагыдай бир эле биздин борбордо эмес, Бишкектеги бардык ооруканаларда жана аймактык ооруканаларда өтүп жатат. Таласта бир эле уролог бар экен. Андыктан биздин борбор Таласка 2 уролог адисти жөнөттү.

Дарыгер жыл сайын мындай иш-чаараны өткөрүүгө эркектердин өмүрүнүн орточо узактыгы аялдардан 7-10 жылга азайып жана ар кандай кырсыктын алдын алууга көп учурда мүмкүн болсо да, көп эркектер жаш кезинде каза болуп калып жатышы себеп болуп жатканын да кошумчалады.

Соңку убакта эркектер арасында жыныс органынын рагы, простата бездери да тездик менен өсүүдө:

- Кийинки учурда эркектердин оорулары өсүп жатат. Мисалы простата безинин ооруларын эсептеп көрсөк, 2005-жылы оорулардын саны 6 миңден ашык эле, 2007-жылы 8 миң, 2008-жылы болсо 11 миңге чыкты. Жыл өткөн сайын эркектердин дарттары да көбөйүп, өмүрү да кыскарып жатат.

Сексуалдык проблемалардын өсүшү да – эркектердин жашоосунун сапатын төмөндөтүүдө. Андрологиялык проблемалардын фонунда эркектер арасындагы депрессияны аныктоо жана дарылоо да өтө төмөн. Эркектердин арасында аракечтик менен баңгилик да жогору. ВИЧ СПИДге кабылгандардын 80 пайызы да - эркектер.

Эркектердин 60 пайызы импотенция же алсыздык менен жабыркаса, ал эми алардын 10 пайызы гана адистерге жардам сурап кайрылат. Профессор Акылбек Усупбаевдин айтымында, акыркы убакта эркектер арасында тукумсуздук да өсүп баратат:

- Эркектер арасында аракечтикке, баңгиликке, травматизмге кабылуу жогору. Жаракат алгандардын 80 пайызы – эркектер. Тукумсуздук да өсүп жатат. Кыргызстандагы эркектердин 10 пайызын тукумсуздукка кабылгандар түзүүдө.

Жугуштуу жыныстык оорулар менен ооруп, бирок жакшы дарыланбай жүрө берүү да эркектер арасындагы көп дарттарды пайда кылууда. Эркектер улуттук менталитеттин күчтүүлүгүнөн да, дарыгерлерге уялып кайрылышпайт. Айрыкча айыл жериндегилер. Эркектер өз жанын кыюуга – суицидге аялдарга караганда үч эсе көп барууда.

“Азаттыкка” берген маалыматында профессор Акылбек Усупбаев эркектер арасында соңку мезгилде өсүп аткан дарттар катары буларды атады:

- Мурдагы жылдарга салыштырмалуу простата безинин сезгениши 40 пайыз эле, азыр 55 пайызды түзүп жатат. Аденома бездери менен ооругандар 11 пайыз болуп, заара таштарынын дарттарына кабылгандар 6 пайызга жетти. Алардын арасында рак оорулары да көп кездеше баштады.

Адистердин пикиринде, “Эркектердин саламаттыгы" жумалыгында оорулууларды уролог адистер гана карабай, башка адистиктеги дарыгерлердин болушунун да зарылдыгы келип чыгууда. Ошондой эле алдыда Урология илим изилдөө борборунун адистери Кыргызстандын бардык аймактарында болуп, “Эркектердин саламаттыгынын күндөрү” аттуу акцияларды өткөрүшмөкчү.

"Эркектердин ден соолугу" жумалыгы башталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:34 0:00

XS
SM
MD
LG