Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Элдик кыймыл президентти кетире алабы?


Таластагы Элдик жыйындан бир көрүнүш
Таластагы Элдик жыйындан бир көрүнүш

Элдик революциялык кыймылдын Талас шаарындагы курултайынын башкы маселеси президентти мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү болду. Бирок бул талап азыр ишке ашпайт деген пикир коомдо күч.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсү боюнча, элдик революциялык кыймыл көтөргөн демилгени колдосо болот, себеби ага өлкөдө кырдаал жетилип калды:



-Албетте, президентти мыйзам чегинде кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетирсе болот. Ал Конституцияда жазылган. Мында эң негизги курал коомдук пикир болот. Бул жарандардын конституциялык укугу. Тез аранын ичинде системаны гана алмаштырбастан эски адат, жаман салттарды пайда кылып, ошону тутунуп жаткан кызмат адамдарын жана биринчи кезекте президентти алмаштыруу бүгүнкү күндүн күн тартибиндеги маселе.

Ал эми бийликчил “Ак жол” партиясынын Жогорку Кеңештеиш депутаты Афтандил Арабаев мындай демилгеге коомдо эч кандай негиз жок деген ойдо:

-Азыр президентти кызматтан кетиребиз дегенге укуктук жактан да, саясий жактан да эч кандай негиз жок. Албетте коомдо ар кандай партиялар жана уюмдар бар. Мындай демилге көтөрүү алардын жеке иши жана субьективдүү көз караштары. Бирок мындай кадамга барууга эч кандай негиз жок.

Ал эми экс-премьер министр, Социал-демократтар партиясынын лидери Алмаз Атамбаевдин баамында, президент коомдо айтылып жаткан ушундай пикирлерди эске албаса эл кызматтан кетирүү талабын жапырт колдошу ажеп эмес:



-Баардыгы болушу мүмкүн. Анткени азыркыдай башкарып турса элдин турмушу азыркыдан да бешбетер кыйындап кетсе, албетте эл чыдабай кетиши мүмкүн. Кырдаал бышып жетилип калса эл дүрт этип кетет. Азыркыдай башкаруу уланса андай кырдаал жазга чейин жетилип кетиши мүмкүн.

Оппозициячыл “Ачык саясат” гезитинин Таластагы курултайга катышып жаткан башкы редактору Бабырбек Жээнбековдун билдирүүсү боюнча, курултайда президенттин элдин талабын угуп, аны аткаруусуна мөөнөт берүү ойлору да айтылды. Бирок мөөнөтүнөн мурда кетирүүгө эл өзү аракет көрүүгө мажбур болуп калышканы байкалууда дейт Жээнбеков:

-Элди карап отуруп азыркы бийликке ыраазы болгон адамды табуу кыйын болуп калган экен деп ойлоп жатам. Ошондуктан, элдик кыймылдын жетекчилери президент бүгүн эле кетсин десе элдин массалык түрдө чыга турган түрү бар. Бирок жазга чейин бийликке мүмкүнчүлүк берип, эгер ага чейин эч кандай чара көрүлбөсө гана ошого жараша чара көрүү деген ойдомун.

Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев болсо оппозициячыл кыймыл көтөрүп жаткан демилгеге эч кандай негиз жок деп эсептейт:

-Ал үчүн президент мамлекет башчы катары кетирген одоно катачылыктар негиз катары көрсөтүлүшү мүмкүн эле. Андай эч бир негиз жок. Биринчиден, элдин турмушу начар деп айтууга болбойт. Эгер жашоо начарлап кетсе бир жөн эле. Тескерисинче, мынакей эмгек акы, пенсия, жөлөк пулдардын көлөмү өсүп жатат. Ошон үчүн андай талаптарга эч кандай негиз жок.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин баамында, 2005-жылы революциялык жол менен президентти кетирүүгө тарыхый учур, башкача айтканда Акаев төртүнчү жолу президенттик шайлоого барат деген кооптонуу түрткү берген. Ал эми азыр чукул аракеттерге баруунун кесепети Кыргызстан үчүн кандай болоорун терең салмактоо зарыл дейт О.Молдалиев:

-Теориялык жактан алганда, албетте ишке ашырса болот. Бирок бул өтө коркунучтуу жол. Себеп дегенде, кан төгүлүп кетиши мүмкүн. Экинчиден, Тажикстандагыдай акыбал түзүлүп, элибиздин ортосунда жарака кетип калышы жана ререгионализация болуп кетиши мүмкүн. Анткени, 2005-жылдагы кырдаал менен азыркы учурду салыштырганга такыр болбойт. Азыр диний кырдаал да абдан кыйын болуп турат. Иши кылып 3-4 маселе кыйындап кетип, мамлекетибиз туңгуюкка кептелип калышы ажеп эмес. Ошон үчүн бул жолго барбаш керек. Бийликти мыйзамдуу жол, маселен, импичмент жарыялоо жолу менен алса болот. Биздин саясатчылар адегенде революция жасап коюп анан эмне кылыш керек деп ойлонуп калышат. 2005-жылы да так ошондой болгон.

XS
SM
MD
LG