“Жаңырык апта” гезитиндеги маегинде Мирослав Ниязов бийлик алмашары менен элдин турмушу оңолот деген тилек орундалбаганын, анын ордуна жердешчилик, коррупция, тууганчылык күчөгөнүн, көз карандысыз мамлекет дегенибиз менен 540 млн. долларлык азык-түлүктөрдү сырттан сатып алып турарыбызды айткан. Саясат жагдайына токтолгон М. Ниязов, бийликтин кадыры төмөн болгон соң жалпы өлкөнүн да кадыры төмөндөрүн, бүгүнкү күндө Кыргызстанга шайлоо жолу менен эмес тандоо жолу менен келе турган саясый күчтөр керектигин... азыркы президент да Кыргызстанды кризистен чыгарганга күчү жетпестигин түшүнгөнүн кеп кылган.
Гезиттен мындан тышкары “А. Жекшенкуловдон азыркы бийликтен кандай аласасы бар?”, “Кыйын кезең же ой-кырдагы адашуулар”, “Автор + Усубалиев = Байтереков, Зарлыкбеков”, “ Ырынан чыры көп “патриот” Данияр Үсөнов”, “Туура Суу 1 айылы сел каптоо коркунучунда” деген ж.б. макалаларды окууга болот.
“Учур” гезити гезит кабарчысы Семетей Талас уулунун “Медет Садыркуловдун өлүмү саясый буйрукпу?” деген макаласын жарыялады. Гезитке ошондой эле Туризм боюнча мамагенттиктин башчысы Турусбек Мамашовдун “Өз эмгеги менен байыгандар тынч уктайт”, КДК лидери Жыпар Жекшеевдин “Жүз граммдан шыңгытып эле жүрөм”, Мирослав Ниязовдун “Бийлик деңгээли плинтустан да ылдый түштү” деген интервьюлары басылды.
Аталган басылма БЭК 27-март күнү өлкө тагдырына кайдыгер карабаган жарандарды Бишкектин М. Горький аянтына нааразылык митингине чакырып атат деп, Медет Садыркуловдун жубайы Айнагүл айымга 3-4 күн мурда Казакстандын белдүү адамдары жолугуп кайтыптыр деп, “Акжолчу” депутат Эрик Арсалиевдин артынан аңдуулар башталгандай деп, Алмаз Атамбаевди Ысык-Ата, Аламүдүн райондорунун тургундары ээрчип митингке чыгуу иш-чараларын көрүп жатат деп да маалымат таратты.
“Лица” гезитинин бул санындагы макалаларынын басымдуу бөлүгүн президенттин мурдагы админстрация башчысы Медет Садыркуловдун кайгылуу өлүмүнө байланыштуу материалдар түзгөн. “... ал өтө парадоксалдуу адам эле. Анын достору душманга, душмандары доско айланып турган. Жаңы жылдык белек катары адамдын кесилген кулагы менен сөөмөйүн белекке алган мамлекеттик ишмер буга дейре дүйнөдө эч качан болгон эмес.
Ал ошондо эле саясаттан кетип калса болмок. Бирок ал кеткиси келген эмес. Аны саясаттан “кетиргилери” келсе да кеткиси келген эмес. Ал саясат жасагысы келген. Акыры ал дал ошол саясаттан өрттөнүп кетти... “ сөз баштаган “Лица” Лейла Саралаеванын “Садыркуловдун шакирттери” деген рубрика алдында экс вице-премьер-министр Элмира Ибраимова менен көлөмдүү маектешүүсүн окурмандарга сунуштады.
Элмира айым Садыркуловдун өлүмү саясый буйуртма өлүм болгонун, ИИМ министри М. Коңгантиев өзүн коркутуп, суракка алам дегенин, акыркы кездери аны да жок кылабыз деген коркутуулар болуп атканын, бирок өз өлкөсүнөн эч кайда кетпестигин, анткени бул жер анын Ата Мекени экендигин айтып берген.
Ушул эле гезитке БЭК М. Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу парламенттик угуу өткөрүп, аны телевизор аркылуу бүткүл Кыргызстанга уктуруу талабын койгонун, 20дан ашуун бейөкмөттүк уюм президент К. Бакиевге ИИМ министри М. Коңгантиевди отставкага кетирүү боюнча кат жолдогонун кабарлады.
Дүйнөдөгү эң эле нускалуу жана таасирдүү “Нью Йорк Таймс” гезитиндеги М. Садыркуловго байланышкан чакан маалымат жана Маскөөнүн “Время новостей” гезитине белгилүү орус журналисти, Борбор Азия боюнча сасяый эксперт Аркадий Дубновдун курган маеги да басылган. Ушул эле санга депутат Бакыт Бешимовдун “Садыркулов билген маалыматтардан кимдир бирөөлөр аябай корккон” деген аталыштагы интервьюсу да жарык көрдү.
Бакыт мырза М. Садыркулов репрессиялык машина түзүү идеясын колдогондордун, Кыргызстандагы бардык саясый системаны деформациялоого жана эл ишенимине ээ болбогон парламентти түзүүгө катышканын белгилеген. Ошону мене бирге эле ал адамдарды минтип мыкаачылык жол менен жок кылуу азыр элдин эсин элейтип турганын, эл эсине келген соң, өз өлкөсүндө өз жарандарынын өмүрүн сактай албаган өкмөттүн, президенттин, күч органдарынын кимге кереги бар экенин түшнөрүн, ошондуктан өзгөрүүнүн мезгили келип жеткенин да баяндап берген.