Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

А. Дубнов: “Мен азырынча муну кырсык эмес, киши өлтүрүү деп айта албайм”


Кой-Таш айылынын жанында болгон каргашалуу окуянын орду
Кой-Таш айылынын жанында болгон каргашалуу окуянын орду

“Ачык саясат” гезити Өмүрбек Текебаевдин:”... аларды кыйнап өлтүрүп туруп, тоого алпарып өрттөп жиберишкен”, Топчубек Тургуналиевдин: “Куугунтук-репрессия, террорго айланды” деген аталыштагы интервьюларын окурмандарга тартуулады. Садыркулов менен анын көзү тирүүсүндө Алматыдан акыркы ирет жолугуп, сүйлөшкөнү жөнүндө орусиялык журналист-эксперт Аркадий Дубнов “Немис толкуну” үналгысындагы маегинде айтып берген.

Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Дайыр Асановдун сүрөтү жана сөзү менен жаңы санын ачкан бүгүнкү “Кыргыз туусу” гезити, президенттин мурдагы админстрация башчысы Медет Садыркуловго байланыштуу ИИМ министри Молдомуса Коңгантиевдин: “Күйгөн машиненин ичинде Казакстандан келе жаткан Медет Садыркулов болушу мүмкүн экендиги азырынча күмөн” деп айткан сөзүн шилтеме кылуу менен 13-март күнү, таңкы саат 4-5тер чамасында болгон каргашалуу кырсыктан ажал тапкандар аныктала электигин кабарлады.

Гезитке ошондой эле өлкөнүн ,баш прокурору Элмурза Сатыбалдиевдин: Бирөөгө кылмыш иш козгосок эле ал оппозициячыл болуп чыга келет” деп айткан сөзүн баш тема кылган гезит баяндамачысы Папан Дүйшөнбаевдин макаласы жарыяланды. Автор макаласынын аягын: “Оппозициянын ультиматумдук талаптарынан эч нерсе чыкпайт, кабыл алынбайт, аткарылбайт. Конкреттүү фактылардын негизинде козголгон кылмыш иштери иликтенип, аягына чыгарылат, Мына ушундан улам оппозиция өкүлдөрү мыйзам менен жашоосу зарылдыгы, ал эми сүйлөшөлү десе бийлик ар убак даяр экени дагы бир жолу дайын болуп олтурат” деп жыйынтыктаган.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун баяны кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири, маркум Салижан Жигитовдун бейнесине арналган. Мындан тышкары “Билим берүү министри “кара” мурастан арылгысы келет, “Жаңы салык Кодекси ЖОЖдордун жон терисин сыйрыйбы?”, “ЖАМУга жан эмес, жандануу керек” деген ат менен билим берүү тармагынын көйгөй маселелерин көтөргөн макаалалардын топтомуна орун берген.

Гезит булардан тышкары “Улутту туңгуюкка, жакырчылыкка батырган ысырапкорчулукпу?” деген маселе өкмөттүк деңгээлде талкууга алынганын кеп кылып, аш-той өндүү оңбогондой каражат чачылып өткөрүлүп келе жаткан шаан-шөкөттөрдү канткенде азайтуу керектигин талкууга алган ой-пикирлерди баскан.

“Аалам” гезити: “Садыркуловдун түбүнө ким жетти?” деген жалпы тема менен жарыкка чыкты. Баяндамачы Бактияр Шаматовдун бир бет макаласы ушул тууралуу баяндайт. Гезит ошондой эле Орусия ММКлары – “Коммерсант”, “Независимая газета”, “Время новостей” ж.б. басылмалардын Кыргызстандагы акыркы окуяга берген түшуүндүрмөлөрүн орус тилнде көчүрүп жарыялаган.

“Медет Садыркуловдун өлүмү бийлик менен оппозицияга, ансыз да өтө оор абалда турган Кыргыз мамлекетинин аброюна урулган оор сокку. Мен Медет Садыркулов менен таашныш эмес элем. Бирок Сергей Слепченко менен жолгушкам. Кыргызстан үчүн жүрөгүн бергенден кайра тартапаган чыныгы орус мужугунун ушинтип бир заматта жок болуп кеткенине ишенүү мен үчүн өтө оор” деп жазат Маскөөдөн Сергей Фуфаев.

Саясат таануучу Жыргалбек Турдукожоевдин “Өлкөбүз “көк мээлер аралчасына” айланабы?” аттуу макаласында өкмөттүк эмес уюмдардын айланасында жакындан бери парламаенттин ичи-тышында чууга айланган маселе жиликтенет. Автор кыргыз парламентиндеги коммунисттер фракциясынын бул боюнча позициясын сынга алат. Коммунист Масалиев, “Акжолчу” дагы 2 депутат авторлош болгон бул документ – “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга олттуу түзөтүүлөрдү киргизүүгө алып келе турганы баяндалат. Коомдо аздыр-көптүр туруктуулук болуп, жалпы калктын толкубай турганы бул өкмөттүн эмес, так ошол өкмөттүк эмес уюмдардын эмгегин экенин белгилейт Жыргалбек Турдукожоев.

“Ачык саясат” гезити Өмүрбек Текебаевдин:”... аларды кыйнап өлтүрүп туруп, тоого алпарып өрттөп жиберишкен”, Топчубек Тургуналиевдин: “Куугунтук-репрессия, террорго айланды” деген аталыштагы интервьюларын окурмандарга тартуулады.

Садыркулов менен анын көзү тирүүсүндө Алматыдан акыркы ирет жолугуп, сүйлөшкөн адам Борбор Азия боюнча Орусиялык эксперт Аркадий Дубнов болгон. “Биз кечке “Казакстан” мейманканасында чогуу болгонбуз. Анан алар “Лексус” машинесине түшүп Бишкекке жөнөп кетишкен. Экөөбүз көпкө сүйлөшүп олтурганбыз. Медет 2007-жылдын декабрында кесилген сөөмөйлөр менен кулакты квартирасына таштап кеткен окуяны дагы бир ирет эстеп өткөн. “Баары жайында, чочуй турган эч нерсе жок” деген болучу.

Бул сырдуу жана каргашалуу өлүм Кыргызстандагы мындан аркы окуяларга өтө катуу таасиринин тийгизет. Кыргызстанда баласынан чоңуна дейре айтып калган үйбүлөлүк башкаруу бийлигинин аброюна катуу көлөкө түшүрөт.. Бирок мен муну азырынча кырсык эмес, киши өлтүрүү деп бүтүм чыгаруу менен айталбайм. Мени таңкалтырганы мамлекет бул окуянын тегерегиндеги ушак-айыңдарды болтурбоо үчүн катарына оппозиция өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер, алтургай чет өлкөлөрдөн чакыртылган адистер кирген мамлекеттик коммисся түзүүнүн ордуна кыргыз президенти ведомстволор аралык коммиссия түзүү тууралуу баш прокурорго тапшырма бергени болууда,”- деп айтты “Немис толкуну” үналгысынын кабарчысына берген маектешүүсүндө А. Дубнов.

Андан ары гезит “Кара жумадагы каргаша же 13 санынын табышмагы” деп аталган чакан макаласында орустар жаман ырым катары санаган 13 саны туурасында сөз кылган. М. Садыркулов 1953-жылдын 13-декабрында туулганы жана 13-март күнү өлгөнү маалымдалат. Гезит айрым саясатчыларга суроо берип ойлорун жарыя кылат.

Бакыт Бешимов:- Биринчиден- бул бардык маселени күч менен чечүү. Өтө криминалдашкан, коррупцияга батып кеткен режимди колдосо акыры барып анын курмандыгы болот. Бул тарыхта болуп өткөн нерсе. Мен Медет Садыркулов менен бир курста окугамын, өтө өкүнчтүү.

Мукар Чолпонбаев:- Мен буюртма өлүм деп эсептейм. Анткени мындан 1 жарым жыл мурда ага өлгөн кишинин сөөмөйүн жаңы жылга белек кылып бербеди беле. Садыркулов өтө көп нерсени билет. Ал акыркы күндөрү БЭК менен бирдикте аракет кылуу жөнүндө сөз жүргүзө баштаган. Ошондуктан ал бийлик адамдарынын колунан курман болду деп эсептейм.

Токтогул Какчекеев:- Иликтөө иштеринин жыйынтыгы чыкканча андай-мындай деп айтуу эртерээк.

Касымбек Раимкул уулу:- Дүйнө автоиндустриясы эң коопсуз деп тааныган унаалардын бири “Лексус 470” машинасы, анын сүзүшкөндө эле дароо өрттөнүп кетиши акылга сыйбаган көрүнүш.

Улугбек Ормонов: -Биз азыр маалыматтарга ишенбей турабыз. Бул маселе толук такталган соң Жогорку Кеңеште атайын жыйын өткөрөбүз.

Ушул эле гезитке Саясый куугунтукка каршы комитеттин билдирүүсү жарык көрдү. Буга улай интервью берген Ө.Текебаев Садыркулов өлөрдөн бир күн мурда аны менен сүйлөшкөнүн, ошондо ал “Мен К. Бакиевдин жеке бийлигин түптөгөнгө эбегейсиз салым кошком. Бирок ал эл үчүн эмес, жеке өз үйбүлөсүнүн кызыкчылыгы үчүн иштей баштаганда нааразылыгымды билдирип отставкага кеткем. Эми эл алдында күнөөмдү акташ үчүн мен ачык күрөшкө чыгам” дегенин айтып берген.

Гезитке ушул эле гезиттин башкы редактору Бабырбек Жээнбековду коргоо комитетинин билдириүүсү да басылып чыкты.
XS
SM
MD
LG