Кыргызстандык спорт ардагери Алмаз Кудайбергеновдун пикиринде сүрөөнгө алып жаткан орусиялыктар мурдакыдай алдыңкы орундарды камсыз кыла албай жатышат. Орусиянын спортчулары учурда 3 алтын, 4 күмүш жана 6 коло медалы менен онунчу орунда турушат.
Олимпиадада лыжанын фристайль түрү боюнча бийиктиктен секирип, абада калкып, акробатикалык көнүгүүлөрдү жасоо ыкмасы боюнча кыз-келиндердин мелдештери жыйынтыкталды. Мында кытайлык кыздар алдыңкы орунду ээлеп, мыкты даярдыгын көрсөтүп жатышкан.
Бирок чечүүчү финалдык таймашууда австралиялык Лидия Лассила акробатикалык көнүгүүлөрдү так, туура аткарып, калыстардын жогору баасына арзып, олимпиада чемпиону аталды. Кытайлык кыздар Нина Ли менен Синсинь Гуо күмүш жана коло байгелүү болушту.
Ванкувер олимпиадасында эр-азаматтар ар бир командада төрттөн болуп, алардын ар бири 10 км. аралыкка лыжа менен жарышып, 4 этаптык эстафеталык мөрөй талашууга катышты.
Натыйжада 40 чакырым аралыктагы эстафеталык таймашууда Швеция өлкөсүнүн жигиттери Ванкувер олимпиадасынын чемпиону аталып, марага озуп келишти. Норвегиялыктар экинчи жана Чехиянын командасы үчүнчү орундарды ээледи.
Кыз-келиндер арасында 5 миң мертге коньки жарыштары соңуна чыкты. Мында чехиялык Мартина Сабликова биринчи орунду камсыз кылып, чемпион аталып, экинчи алтын байгелүү болду. Германиялык Стефани Бекерт менен канадалык Клара Хьюз күмүш жана коло байгелүү болуп, мыкты даярдыгын көрсөтүштү.
Кыз-келиндер да 3000 метрге коньки менен шорт-трек жарыштарында командалык эстафеталык мелдешке чыкты. Улам мыктылары ирелип олтуруп, Түштүк Корея, Кытай, Канада, АКШ өлкөлөрү баш байгеге талапкер болушту.
Тилекке каршы калыстар марага биринчи келген түштүк кореялык кыздарды мелдештин эрежесин бузду деген чечимин чыгарып, экинчи келген кытайлык кыздарга жеңишти ыйгарып койду.
Марага үчүнчү келген канадалыктарга оңдой берди болуп, аларга күмүш байгелер ыйгарылды. Америка Кошмо Штаттарынын кыз-келиндер командасы коло байгелүү болушту.
Эки кишилик бобслейдин кыз-келиндер жарышында биринчи жана экинчи орундарды канадалыктар ээлеп, күйөрмандарын сүйүнттү.
Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун айтымына караганда кыргызстандык Дмитрий Трелевский мурда күнү тоо лыжасынын гигант-слалом мелдешине катышып, марага 76-болуп келип, ишенимди актай албады.
-Ванкувер олимпиадасынын таасири менен Кыргызстанда дагы кышкы спортко көңүл бурулса, себеби эмдиги жылы Алматыда өтө турган кышкы Азия оюндарына азыртан даярдык көрүү зарыл. Ошондой эле Орусия, Казакстанда убактылуу иштеп жана жашап жатышкан кыргызстандыктар уул-кыздарын кышкы спорт ийримдерине катыштырса, натыйжасы жакшы болмок, -дейт бишкектик спорт күйөрманы Касымкул Оболбеков.
Эр-азаматтар арасында хоккей мелдештеринде баш байгеге талапкерлер аныкталды. Чейрек финалдык беттешүүлөрдө америкалыктар швейцариялыктарды 2:0 эсебинде утуп, аларга жарым финалдык таймашууга жол ачылды.
АКШ командасы жарым финалда финдер менен мөрөй талашат. Себеби, чейрек финалда финдер чехтерди утуп алуу менен жарым финалга чыкты.
Экинчи жарым финалдык беттешүүдө оюн ээлери Канада менен Словакия өлкөлөрүнүн эр-азаматтар командалары мөрөй талашмак болду. Мындай укукка ээ болуш үчүн словакиялыктар шведдерди 4:3 эсебинде утса, канадалыктар орустарды 7:3 эсеби менен жеңип алышты.
25-феваралда Ванкувер кышкы олимпиадасында керлинг, фристайл, лыжадагы экилтик таймашуулар, кыз-келиндердин лыжалык эстафеталык жарыштары жана муз үстүндө көркөм бий таймаштарына күйөрмандар күбө болушту.Эң кызыктуусу- кыз-келиндердин хоккейден финалдык беттешүүлөрү болмокчу.
Канадалык “Ottawa Citizen” гезитинин маалыматына караганда Ванкувер олимпиадасы теле көрсөтүүлөр боюнча олимпиадалык рекордго жаңы чек коймок болду.
Эл аралык олимпиада комитети билдиргенине караганда Ванкувер олимпиадалык мелдештерин дүйнөнүн 3,5 миллиард калкы көгүлтүр экран аркылуу көрүп жатышат. Бул көрсөткүч мындан төрт жыл мурдагы Турин олипиадасынан 47 пайызга арбын күйөрмандар олимпиадага күбө болуп жатышканын маалымдайт.
АКШ менен Канада мамлекеттеринин хоккей командаларынын беттешүүлөрүнө 11 миллионго жакын теле көрүүчү күбө болгон. Америка Кошмо Штаттарынын ИВС телеканалы ар күн сайын 167 миллион элге олимпиадалык мелдештерден берүүлөрдү түз алып көрсөтүүдө.
Ванкувердеги кышкы олимпиаданын уюштуруу иш чараларын Сочи-2014 кышкы олимпиадасынын мүчөлөрү байкап, аралашып, иш-тажрыйбаларына күбө болуп жүрүшөт.
Күйөрмандар үчүн Ванкуверде “Сочи-2014 Орус үйү” көргөзмө уюштуруп, меймандарды дагы кабыл алууда.
Сочи шаарынын мэри Анатолий Пахомов дагы олимпиадалык иш-чаранын жөн жайын баамдап, байкап Ванкуверде жүрөт.