Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:41

М. Чолпонбаев: БЭКтин күчүн бөлүп-жаруу аракети болууда


БЭКтин мүчөсү Мукар Чолпонбаев менен оппозиция лидерлерине каршы колдонгон кылмыш иштери жана бириккен оппозиция президентикке көрсөтүп аткан талапкерлер жөнүндө маек.

- Сиз бир катар оппозиция лидерлерине каршы козголгон кылмыш иштерди териштирүүдө адвокат катары катышып жатасыз. Азыр ал иштер кандай жүрүп жатат. Маселен Исмил Исаков, Эмил Каптагаев жана башкалардын үстүнөн жүрүп жаткан соттук иштер?

- Бул кылмыш иштеринин жүрүшү, биринчи Исмаил Исаков боюнча иш конституциялык сотко берилгендигине байланыштуу аскердик сотто каралуусу убактылуу токтотулган.

Ал эми Эмил Каптагаевди калган соттолуучулардан ажыратып жалгыз өзүн соттоо болгон аракети боюнча биз Каракол шаардык сотунун судьясына ишеним көрсөтпөө жарыялаганбыз. Мына азыр ага ишеним көрбөгөндүктөн Ысык-Көл облустук сотуна кароого кеткен. Мына ошол себептен экөө токтоп турат.

Эркин Бөлөкбае эки айга камакка алынгын. Анын камакка алуусун негизсиз деп эсептейбиз. Анткени угузулган айып Бөлөкбаевдин кылган иштерине туура келбей турган болуп турат. Анткени Петровка айылында болгон улуттар аралык кагылыштарга катышкан, ошону уюштурган деген күнөөлөрдү коюп атат.

Бөлөкбаев кагылыштар болгондун эртеси күнү Петровкага барып, ал жердеги көчөнү тоскон элдерге тынч конструктивдүү маанайда сүйлөшүүлөрдү жүргүзөлү деген үгүт жүргүзүүгө аракет кылган. Мына ошол учурда Эркин Бөлөкбаевди атайын ички иштер органдарынын атайын бөлүктөрү уурдап чыгышып, бул жерге камакка алышкан.

Эркин Бөлөкбаев оппозициянын лидерлеринин бири катары эсептелип жүргөндүктөн анын артынан орусча айтканда “охота” кылып жүрүшкөн. Шартка байланыштуу ошо менен гана камакка алып коюшту.

- Ушул козголгон кылмыш иштеринин соттук териштирүүлөрдүн келечегине кандай карайсыз?

- Башка кылмыш иштерине караганда булардын келечеги жок. Ошого карабастан биринчиден алагды кылуу, экинчиден эптеп эле оппозициянын лидерлерин мунун баары соттолуп аткан кишилер деп элге мокочо катары көрсөтүүнүн аракетинде жасалып аткан иштер деп айтсак болот.

- БЭКтин бир эмес үч талапкери чыга турган болду президенттик шайлоого. Буга сиздин көз карашыңыз?

- Менин көз карашым мындай, оппозиция бул жерде бир эле адамды алып чыгышты. Бул - Алмаз Атамбаев. Ал эми экинчи көрсөтүлгөн Исмил Исаков дублер деп айтсак болобу, ар кандай шарттарга туура келип калышы мүмкүн деп гана чыккан нерсе. Ал эми үчүнчү лидерибиз Темир Сариевди көрсөтүү жөнүндө “Ак шумкар” партиясынын съездинде чечим кабыл алдык. Бирок акыркы чечим болбой калган. Ал съезд биздин партиянын саясий бюросу БЭКтин бюросу менен кеңешип туруп анан чечет деген. Мына ошого байланыштуу Темир Сариев толук бойдон шайлоого чыкты, катышат деп айткан натуура сөз. Өкмөттүк ММКлар кандай болсо дагы эптеп-септеп Сариевди түртүп чыгарып, БЭКтин ичинде ажырым жараткысы келген аракет деп айтсак болот бүгүнкү күңдө.

- Демек “Ак шумкар” партиясынын лидерлери менен БЭКтин ортосунда бул маселе боюнча кеңешүүлөр жүрөт экен дагы?

- Азыр консультациялар жүрүп жатат. Анткени эгер консультация өзүнүн аягына туура чыга турган болсо, анда Темир Сариев бир талапкерибизди колдоп чыгууга даяр.

- Мукар мырза, бийлик менен оппозициянын сүйлөшүүсү боюнча сиз БЭК тарабынан делегат караты дайындалган элеңиз. Ошол сүйлөшүүлөр кайрадан болушу мүмкүнбү, же таптакыр эле байланыш үзүлүп калдыбы ошол мезгилден бери?

- Кайра сүйлөшүүлөр жүрүшү мүмкүн. Бирок сүйлөшүүлөрдү кандай шартта жүргүзүш керек? Эгер түздөн түз эле биздин укугубуз мындай, биз мындай кылабыз деген эле талаптар менен жүрө турган болсо, анда эч кандай сүйлөшүү мүмкүн эмес.

Эгерде саясий чечимдерди кабыл алуу аракети менен жүрө турган болсо, анда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө толук мүмкүнчүлүк болот.

Мисалы айталы, президенттин администрациясына жана оппозицияга кирбеген үчүнчү күчтөр ортомчу болуп, оппозиция менен бийлик сүйлөшкүлө деген өздөрүнүн сунуштарын берди. Бирок бүгүнкү күнгө чейин биз уга элекпиз, бийлик тарап ошолорго дагы оң жооп бергенин.

Демек бийлик азыр өздөрүнүн күчүнө толук ишенип, кандай болгон күндө дагы элдин үнүн үнүн укпайбыз деген өзүнүн аракетин көрсөтүп атканын түшүнсөк болот. Биз конструктивдүү саясий маанайдагы сүйлөшүүгө даярбыз.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG