Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:03

Т.Сариев: Бийликке каршы саясий күчтөр биригиши зарыл


"Ак шумкар" партиясынын төрагасы бийликтин оппозицияга карата жасап жаткан мамилесин саясий көз караштын тайкылыгы деп баалады.

-Темир мырза, Aйтыңыз маарек болсун! Бир жумадан бери оппозициячыл саясий партиялар менен кыймылдардын лидерлери өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жаңы жалпы элдик кыймыл түзгөнү жатасыздар. Бирок ар бири президент болом деген оппозиционерлердин башы бирикпейт деп бүшүркөгөндөр арбын болууда. Демилге ишке ашат деген ишеним барбы?

-Демилге ишке ашат. Баары эле президент болом дешет деген туура эмес. Эгерде оппозиция сунуштаган концепцияны саясий чөйрөдө чындап иштеп жүргөндөр же өзүн саясатчымын, саясат талдоочумун деп эсептегендер окуса жакшы түшүнөт. Анткени, ал жерде

Бир лидердин айланасына чогулат деген туура эмес. Бир лидердин тегерегиндеги адамдар эмес, бир команда же пикирлеш адамдар чогулуш керек.

президенттин ыйгарым укуктарын кескин кыскартуу сунушталган.

Биз парламенттик башкаруу системасына өтүү жолун сунуштап жатабыз. Эгерде ошол система иштеп кетсе Кыргызстанда жогорку 3 бийлик системасы курулат.

Биринчиси - эл шайлаган президент. Экинчиси парламент жана анын төрагасы, үчүнчүсү - жоопкерчиликтүү, ийкемдүү жана парламенттин алдында жооп берип турган өкмөт болот. Ошон үчүн бир лидердин айланасына чогулат деген туура эмес. Бир лидердин тегерегиндеги адамдар эмес, бир команда же пикирлеш адамдар чогулуш керек. Биз ошон үчүн иштеп жатабыз.

-Ар кандай демилге элдин колдоосу жок ишке ашпайт. Сиздердин демилгени эл колдойт деген ишеним барбы? Себеби, 2006-жылдагы митингдерден кийин оппозициядан элдин көңүлү калган деп көп айтышат эмеспи...

-Колдойт деген ишеним бар. Ага биз өткөргөн курултайдагы элдин деми далил. Андан тышкары биз жакында партиянын да курултайын өткөрдүк. Анда жер-жерлерден келген адамдар өздөрүнүн көйгөйлөрүн, талаптарын айтышты. Андан тышкары биз жөн жаткан жокпуз. Жер-жерлерди кыдырып, партиялардын мүчөлөрү жана катардагы эле адамдар менен жолугуп, ар кандай жыйындарга барып жүрөбүз.

Ошондо элдин баары бийликке нааразы экендигин айтып жатышат. Бул бизди абдан жакшы көргөндөн эмес, биздин сөзгө ишенгенден улам ушинтип айтып жатышат. Андан тышкары бийликке элдин ишеними жок экендигин көргүсү келбеген адам эле байкамаксанга салбаса калыс адамга баары эле көрүнүп турат. Анткени, бийликке нааразылыктар абдан жогору. Буга бийликтин өзү берген убадасын аткарбаганы башкы себеп.

- Биз “Акыйкат үчүн” кыймылына кирбеген Элдик революциялык кыймыл жаңы элдик кыймыл түзүлсө ага кирет деген маалымат алдык. Анда Элдик революциялык кыймылдын президентти мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетсин деген талабын башка кыймылдар дагы колдойбу?

-Сүйлөшүүлөрдүн башкы багыты ушундай. Саясий партиялардын, кыймылдардын лидерлери менен кеңейтилген чөйрөдө сүйлөшүүлөр болуп жатат. Анын кезектегиси шейшембиде болот. Эгерде сүйлөшүүлөр натыйжалуу болсо жакын арада жаңы бир кыймылдын түзүлүшү толук мүмкүн.

Бирок эң негизгиси бийликке каршы саясий күчтөр биригүү зарыл деген ойго келишти. Экинчиден, азыркы системаны алмаштыруу зарыл деген максат башкы максат болуп жатат. Элдик революциялык кыймыл эгерде силер биздин талабыбызга макулдук берсеңер реформаны Бакиевсиз өткөрүү деген ураан менен жасайлы деп жатышат. Эгерде бул сунушка бардык күчтөр макул болсо биригүү ушул ураандын негизинде болушу мүмкүн.

-Темир мырза, өткөн жумада Нарынга бардыңыз эле. Ошондо сиздерге аңдуу болдубу? Аны кандай баалап жатасыз?

-Аңдуу гана эмес ушул Бишкектен баштап биздин артыбыздан ээрчип барышып, Кочкордун астынан бетине кап кийген автоматчан адамдар тосуп алышты. Машинанын алдына темир тоскучтарды таштап өткөрбөөгө аракет кылышты. Ал жерде райондун акими, ички иштер бөлүмүнүн башчысы келишти. Аны баары көрүштү, баары эле айтып жатышат.

Мени өткөрбөй коем деген бери дегенде саясий көз караштын тайкылыгы. Биз барабыз деген жерге баары бир барабыз, эл менен жолуга беребиз.



Андан тышкары мамлекеттик кызматкерлер менен атка минерлердин саясий жактан тайкылыгы да мени таң калтырат. Бакиев өзү башынан өткөргөн күндөрдү тез эле унутуп койдубу? Өзү бир кезде Торугартка таш кулатып өткөрбөй коюшту деп өтө чоң тема кылып айтты эле.

Азыр андан жаман иштерди кылып жатышат. Мурда таш кулатышса азыр автоматчан адамдар жол тосуп жатышат. Бакиевге бул маалымат жетсе ал катуу ойлонушу керек. Мындай аракет менен ал бизге тоскоолдук кыла албайт, тескерисинче элдин кыжырына тийип жатат.

XS
SM
MD
LG