Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Э.Каптагаев: БЭКтин милдети - элди туңгуюктан алып чыгуу


"Улуу биримдик" партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаев “Азаттыктын” түз ободогу маегинде БЭКтин алдыдагы милдети - бийликке нааразылыгын билдире албай туңгуюкта турган элге жол көрсөтүү деп билдирди.

“Азаттык”-Эмилбек мырза, Бирдиктүү элдик кыймылдын бүгүн боло турган Улуттук кеңешинин алгачкы жыйынында анын курамын бекитүүдөн тышкары дагы кандай маселелер каралып, кандай чечимдер кабыл алынат?

Э.Каптагаев: -Негизги маселе - Кыргызстандагы абал. Ушул абалга алып келген себептер жана андан чыгуунун жолдору талкууланат. Бирдиктүү элдик кыймылды түзүп жатканда бул багытта көп максаттарды алдыга койгонбуз. Бүгүн ошол максатты ишке ашыруунун жолдору талкууланат.

“Азаттык”- Ушул жыйындан кийин Бирдиктүү элдик кыймыл энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы ушул айдан тарта нааразылык акцияларын өткөрөт деген маалымат пайда болду. Анын чындыгы барбы?

Э.Каптагаев:- Өкмөт энергетика тармагындагы жайлар менен кошо улуттун кызыкчылыгына, улуттун келечегине түз таасир берүүчү стратегиялык жайларды толугу менен сатабыз деп жатышпайбы. Мына ошого каршылыгыбызды билдирип, аларды элдин жалпы энчиси катары алып калууну көздөй турганыбызды айтканбыз. Мына Бишкек ТЭЦи менен катар “Бишкек жылуулук тармактары” жана “Түндүк электр” ишканалары 24-январда сатыкка коюлганы жатат. Булардын сатылышына элдин баары каршы.

Бир бүтүн нерсе катары иштеп жаткан энергетика тармагын бөлүп-жарып алышканы аз келгенсип, аны сатуу 2-3 кишинин эле чөнтөк байлыгын көздөгөн иш экендиги айдан ачык болуп турат. Алар биздин элдин жана мамлекеттин келечегин ойлогон жери жок. Биз акция өткөргөндө ошону ачык айтып, эл менен кеңешип, пикир алышабыз. Элдин буга нааразы экендиги көрүнүп эле турбайбы, ким эле тезек жагып отурганга макул болсун? Тезек жагуу кыргыздын маңдайына бүткөн тагдыры болуп калбас үчүн жалпы эл пикирин айтып токтотуусу керек.

“Азаттык”- Өзүңүз айткандай буга чейин деле сатуу токтотулсун деп билдирип келесиздер. Бирок ал эске алынган жери жок. Эми нааразылык билдирүүнүн кандай жолун тандап аласыздар?

Э.Каптагаев:- Саясий куйтулардын партиясы “Ак жолдун” жана куру намыс партиясынын мүчөлөрү эл колдобойт деп айтып жатышат. Бул алардын жеке ич күйдүлүк ою. Чыныгы турмушту билиш үчүн айылдарды кыдырып көрүшсүнчү, баары бир гана электр энергиясы менен көмүргө байланыштуу бийликти каргап отурушат. Элдин мына ошол пассивдүү нааразылыгы активдүү, ачык наарызылыкка өсүп жетет. Жалпы элдик нааразылык жалпы элдик ишенбөөчүлүк менен коштолуп, бийликти жалпы элдик тааныбастыкка алып келет.

Мына ошондо оппозицияга бир аз эле киши бирикти, алар кызмат берсе эле чыга качат деген куру сөз экендиги аныкталат. Анткени, биригип аткан партиялар менен саясатчылар эриккенден кыймыл түзүп жаткан жери жок. Алар элдин жана мамлекеттин түйшүгүн көтөрөбүз, азыркы бийликтин кызматы да, талканы да кереги жок дегендер. Башкача айтканда, “баш канжыгада, кан көөкөрдө” деген адамдар биригип отурат.

Азыркы бийлик элди аткандан да, жок кылгандан да кайра тартпас түрүн элдин баары көрүп турат. Мына ошого чыдайм, элдин жүгүн көтөрөм, кандай кыйынчылык болсо да аягына чейин чыдайм дегендер чогулуп отурат. Ошон үчүн БЭКтин максаты абдан терең жана умтулуусу кандай кыйынчылык болсо да эч нерседен кайра тартпай турган умтулуу.

“Азаттык”- Бирдиктүү элдик кыймылга кирген “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев БЭК март айында жалпы өлкө боюнча нааразылык акциясына чыгат деп билдирген эле. Ал оюңар ишке ашчудайбы жана андагы негизги талап эмне болот?

Э.Каптагаев: - Бул элдин талабы. Бийлик такыр эле керең, көр бийлик болуп алды, калп эле укмаксан, көрмөксөн болуп билгенин жасап жатат деп жер-жердеги элдин баары айтып жатат. Бул 5-6 кишинин эле ич күйдү сөзү эмес.

“Азаттык” - Эгер сиздер нааразылык акциясына барсаңар аны эл колдойт деген ишеним барбы? Себеби азыр эл арасында оппозицияга ишеним жок, ага үмүт артпайт деген сөздөр көп эмеспи?

Э.Каптагаев:- Андай сөздү атайылап таратып жатышат. Азыркы бийлик уурдап жатат, башкасы бийликке келсе дагы уурдайт, андан көрө ушулар эле тура берсин деген сөздөрдү атайын таратып жатышат. Мындай пикир натуура. Азыр элдин 99 пайызы бийликке каршы оппозицияда турат. Бирок алар жол таппай туңгуюкта карайлап турат. Мына ошол туңгуюктан жол көрсөтүп чыгаруу - Бирдиктүү элдик кыймылдын башкы милдети.

XS
SM
MD
LG