Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

Курултайлар кулач жаюуда


Нарындагы элдик жыйын. 29-март 2010
Нарындагы элдик жыйын. 29-март 2010

Бириккен оппозиция 7-апрелде бүтүн өлкө боюнча элдик курултайларды өткөрүүгө камынып, жер-жерлерде уюштуруу комитеттери иш алып барууда.

Элдик курултайлардын максаты жөнүндө Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын төрайымы жана Элдик курултайдын борбордук аткаруу комитетинин жететкчиси Роза Отунбаева маалымат бөлүштү.

- 17-мартта Элдик курултайда бийликке жети талап коюлуп, анын аткарылышына 24-мартка чейин убакыт берилди эле. Эгер аткарылбаса жер-жерлерде элдик бийлик орнотуу максатында курултайлар башталары маалымдалган. Мына алгачкысы Чүйдө өткөнү жатыптыр. Ушул тууралуу маалымат бере кетесизби?

- Азыр Элдик курултайдын аткаруу комитетинин бөлүктөрү ар бир облуста түзүлүп калды. Мурдагы күнү Нарында, өзүңүздөр көрдүңүздөр, Д. Үсөнов менен беш сааттык жолугушуу болду. Биздин исполкомдун мүчөлөрү, облустун өкүлдөрү ошол жерде туруштук берип, абдан чоң ишти жасашты. Бүгүн Чүй облусунда дагы түзүлүп атат, бул эң чоң уюштуруу комитетинин бири. Мындан кийин биз курултайларды даярдаганга киришебиз. Бул уюштуруу комитеттери жетисинде курултайды ачат деген сөз.

-Элдик курултайдагы талаптар өзгөрдүбү? Айталы, бийик тоо шартында жашагандарга электр акысын төлөөдөн жеңилдик берип жатканы сиздердин талаптардын аткарыла баштаганы эмеспи?

- Эч нерсе өзгөргөн жок. Өзүңүздөр көрүп атасыздар, беш саат Нарында өкмөт элге туруштук берип атат. Ошентип Кыргызстандын ар бир шаарына барып беш сааттан эл менен алышсын өкмөт. Өздөрү болсо байып атат, жеп-ичип атат, ушунчалык кыянаттык менен бийликти колдонуп атышат. Мына баласына тапшырып берип атат. Закондордун баарын бузуп атат. Мына кечээ болсо Эркин Бөлөкбаевдерди жаттап алгансып, 8 жылдан кем кылбай, кыянат иштерди жасап атышат. Эмне үчүн ошолордун баарына чыдап отуруш керек экен.

- Сиз өзүңүз деле уксаңыз керек, президент Ынтымак курултайында оппозицияны сындап, каралагандан башка альтернативдүү программасы жок деп айтты. Сиздердин программаңыздар барбы?

- Сөзсүз. Биздин программабыз элди тоноо эмес, элдин байлыгын эл аралык жуликтерди алып келип сатуу эмес, элдин алдында берген антты бузуу эмес. Өзүнүн туугандарын ушул жерге эч качан койбойм деп 2005-жылы айтты эле. Ушундай нерселердин баарын кайра ордуна коебуз, стратегиялык объектилердин баарын ордуна коюу, тегеректеги чоң башка дүйнөлүк сценадагы элдер менен өзүбүздүн карым-катышты кайра оңдоо деген программабыз бар.

Соттор ушунчалык кыянаттык менен иштегенин өзүңүздөр көрүп атасыздар, мейли Исаков болобу, мейли Бөлөкбаев болобу, булардын баарын элдик душман кылып, сегиз жыл берип атат. Эмне ушундай жылдар булардын түшүнө киргенби. Булардын баарына биз дагы жооп беребиз.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG