Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:34

Бийлик коркутуулар менен күчүн көрсөтүүгө ынтызар


“Азатыктын” “Бетме-бет” аттуу тегерек үстөл талкуусу ишембиде “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Ө.Текебаевдин Таласта кармалышы жана саясий куугунтуктоолорго арналды. Талкууга ЖКдагы “Ак жол” фракциясынын жетекчисинин орун басары Ажыбай Калмаматов, Саясий куугунтуктоолорго каршы күрөшүү комитетинин төрагасы Топчубек Тургуналиев жана саясат талдоочу Токтогул Какчекеев катышты.

“Азаттык”- Топчубек мырза, “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин кармалышына анын куралды мыйзамсыз алып жүргөнү жана уруксаатсыз митинг өткөргөнү негиз болду деп тартип коргоо органдары билдиришти. Албетте, анык-чынына сот жетет деп үмүттөнүп турабыз. Бирок бул акыркы кезде саясий куугунтуктоо күч алды деген пикирди далилдеген окуя болду деп жатасыздар. Ага эмне себеп?

Т. Тургуналиев: - Саясий куугунтук коомдук көрүнүш катары авторитардык же тоталитардык, үй-бүлөлүк, мафиялык диктатура кезинде сөзсүз боло турган көрүнүш. Кыргызстанда акыркы жылдары, өзгөчө акыркы айларда күн санап саясий куугунтук болуп жатат. Өткөн жылдын 30-декабрында Бириккен элдик кыймылдын бирден-бир негиздөөчүсү жана жетекчиси Исмаил Исаковго каршы 2 кылмыш иши козголгон. Мындан 4-5 күн мурун дагы бир кылмыш иши козголду. Эркин Бөлөкбаевге да каршы кылмыш иш козголгон. Аны сот 27-январда караганы жатат. Элдик революциялык кыймылдын өзүн соттошту.

Андан башка Аликбек Жекшенкуловго каршы кылмыш козгой албай, баласы менен инисине козгошту. Себеби Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги “кыргыз бийлигине акчаны биз бөлгөнбүз, аны кыргыздын биринин колуна да карматкан эмеспиз, аны жардам катары берип, өзүбүз коромжулаганбыз” деп ачыктан-ачык айтыптыр. Ал эми расмий эскертүү алгандардын арасында А.Бекназаров,Т. Тургуналиев,А. Жекшенкулов бар. Жөнөкөй кагаз менен эскертүү алгандардын санай берсек андан көп.

Ошондуктан Текебаевди кармап, соттой баштаганы Бакиев башында турган бийликке ажалы көзүнө көрүнүп калгандыгын билдирет. Себеби, 2005-жылдын 10-июлунда Кыргызстандын шайлоочуларынын 90 пайызы аны чоң үмүт менен чын жүрөктөн ишенип шайлаган. Ал эми мага окшоп жанында жүргөндөр жандап, чапкылап, сүрөп жүргөн.

Таласка болсо Өмүрбек Текебаев, Аликбек Жекшенкулов, Бакыт Бешимов, Роза Отунбаева, Дүйшөн Чотонов, Бабырбек Жээнбековдор Бириккен элдик кыймылдын чечими менен “Ата Мекен” партиясынын конференциясын жабык имарат ичинде өткөрөлү деп эле барышкан. Бул өзү Текебаевге эле жалгыз каршы эмес, Бириккен элдик кыймылга, оппозициялык аракеттерге каршы болуп жатканы белгилүү. Дагы бир маанилүү себеби - 2010-жылда боло турган президенттик шайлоо. Ал мөөнөтүнөн мурда болуп калышы мүмкүн. Ошого бийлик жанталашып, оппозицияны басууга, оппозиция аркылуу аны колдогон жүздөгөн элдин жүрөгүнүн үшүн алууга өттү.

“Азаттык”- Ажыбай мырза, мына ушундай куугунтуктоолордун күчөшүнө парламентте көпчүлүктү түзгөн “Ак жол” партиясынын добушу менен кабыл алынган мыйзамдар жана бир үй-бүлөнүн башкаруусуна унчукпай макулдук берип турган парламент түрткү берип жатат деген ойлор күчөдү. Ага макулсузбу?

А.Калмаматов: - Мен андай ойдо эмесмин. Мисалы Кыргызстанды башкарган жетекчилер же өкмөттүн өкүлдөрү өлкөнү талап, сатып туруп эртеңки күнү башка жакка качып кеткени турат деген ойду айта албайм. Себеби мына “Ак жол” партиясы жөнүндө айтып жатасыз. Парламентте бул партиянын 71 депутаты бар. Алардын ар биринин өз тарыхы бар. Демек алар Кыргызстандагы бардык нерсени сатып туруп качып кетет дегенге эч бир негиз жок.

“Азаттык”- Демек сиздин оюңузча, оппозиция өкүлдөрүнө карата бийлик тарабынан жасалып жаткан коркутуулар, кысымдар саясий куугунтук эмеспи?

А.Калмаматов: - Саясий куугунтуктун өзгөчө белгилери болот. Мисалы менин жанымда олтурган Топчуке Акаевдин убагында чыныгы саясий куугунтукка туш келген. Экинчиден, мамлекет болгондон кийин мамлекеттин тагдырына таасирин тийгизе турган иштер болсо аны өз нугуна коюп койбош керек. Аны башкарып, башка нукка салыш керек. Маселен бир кишини кармап эле текшерип баштаса мен оппозициямын, саясий көз карашым үчүн эле текшерип жатышат деген туура эмес. Мындай иштерди текшерип, тескеп туруш керек. Саясий куугунтук болгон болсо ал эмне себептен, кандай негизде болгонун турмуш өзү далилдейт.

“Азаттык” - Токтогул мырза, сиз саясат талдоочу катары акыркы кезде жүрүп жаткан окуяларга эмне негиз берип, эмне үчүн болуп жаткандыгын талдап берсеңиз?

Т.Какчекеев: - Муну бир өңчөй айтуу кыйын, бирок айтпай коюу да туура эмес. Мына Топчуке мырза экөөбүз 2005-жылдын 17-мартында Жалал-Абадда кезиктик эле. Ошондо ийри отуруп, түз сүйлөгөндөрдүн ичинде К. Бакиев, Топчуке, Роза Отунбаева, Нур уулу Досбол, Үсөн Сыдыков болгон 17 киши бар элек. Эми момундай иш болуп жатканына айран таң калып жатам! Адам катары таң калып жатам. Анткени Бакиев Акаевдин кылык жоруктары мен президент болсом эзели болбойт деп айткан болчу. А бүгүн эмне болуп жатат?

Ушул эле президентибиз ишин баштаганда Даниянын гранты менен “Саясий экстремизм” деген долбоор боюнча иш жүргөн. Ошондо саясатта бир жүрүп, оппозицияда бирге болуп кийин бийликке келгенден кийин саясатта бир болгон адамдарды камап, кемсинтип, алардын Конституцияда жазылган укуктарын кысымга алуу саясий куугунтук гана эмес, саясий экстремизм деген түшүнүктү берет деп айтылган. Мына ошондуктан биз мындай абалдан кайра тартышыбыз керек. Саясат таануучу катары мен эл кабыл алган Конституция жана анын кепили болгон президент бар, Конституцияда эмне жазылган болсо аны ага президент кепил болуп бериш керек деп айтаар элем. Милиция болобу, башкасы болобу аларды тукуруп коюп, анан кепилдик милдеттен баш тартуу туура эмес.

Азаттык” - Мына ушундай иштер эмне себептен жасалып жатат, негизги максаты эмне?

Т. Какчекеев: - Себеби, мисалы Ү. Сыдыков, М.Садыркулов, Исмаил Исаков, анан вице-премьер Э.Ибраимовалардын кызматтан кеткендеринин себеби келерки президенттик шайлоого кудуреттери жептейт, же макул болушкан эмес. Ошондуктан шайлоого күч топтолуп, жыйналып жатат. Күч жана бийликтин демонстрациясы жүрүп жатат. Ушулардын баары коомчулукка коркунуч туудуруп турат деп айта алам.

“Азаттык”- Топчубек мырза, азыр саясат талдоочулардын айрымдары жана бийлик өкүлдөрү оппозиция бийликти колго алуу гана максаты менен ар кандай башаламандыктарды уюштуруп, кырдаалды атайылап күчөтүү максатын көздөп турат. Ошон үчүн алардын аракети коом тарабынан колдоо тапкан жок деп жатышат. Абал чын эле ушундайбы, же бийликтин коркутуп-үркүтүүлөрүнөн улам өз оюн ачык айтуудан коомдун бийликке нааразы бөлүгү чочулап турабы?

Т. Тургуналиев: - Оппозиция бийлик үчүн гана аракет кылып жатат дегендин чындыгы бар. Анткени дүйнөнүн ар бир өлкөсүндөгү оппозиция бийлик үчүн гана күрөшөт да! Биз элдин күчү менен Бакиевди баш кылып оодарабыз деп ачык эле айтып жатпайбызбы. Бул жерде эки оппозиция бар. Анын бири - атом бомбасынын да күчү жеңе албай турган элдин күчү. Ошол эл бийликке оппозиция. Ошон үчүн мен элдин 90-95 пайызы бийликти жактырбай гана калган жери жок, аны жек көрүп оодарыш керек деп жатышат. Экинчиси - Кыргызстанды мыкты жолго сала турган системаны курууга багыт алган оппозиция. Анткени кептин баары системада.

Ал эми оппозиция атайылап чакчелекей салып жатат деген куру жалаа. Анан оппозицияны эл колдобойт деген да туура эмес. Мына мен бир-эки айдын ичинде Талас, Чүй, Жалал-Абад, Ош аймактарын кыдырып келдим. Элдин баары колдобойт деген туура эмес. Колдоонун ар кандай тепкичтери бар. Алар оппозиция бириккиле, андан кийин колдоп беребиз деген талап коюшкан. Эл өзү ушундай талап коюп, бизди тезек тергиле деп, караңгылыкка салып кыйнап бүттү, ошон үчүн бийликти кетиргиле деп жатышат. Эгерде силер алдыга чыга турган болсоңор биз колдоп беребиз дегендердин саны жүз миңдеп турат. Алар эбак даяр болуп калды. Бирок аларды коркутуп жатпайбы. Ушундан улам жогорку бийликтегилердин коркутуп алам, ок менен атып токтотуп алам деген идеологдору абдан катуу жаңылышат. Бул болбогон нерсе.

“Азаттык” - Ажыбай мырза, чын-чынына келгенде оппозиция өкүлдөрү менен алардын жакындарына ачылган кылмыш иштери, Кара-Буурадагыдай бура бастырбай жатканы элдин тымызын нааразылыгын күчөтүп жатат. Ал акырындап отуруп 2005-жылдагыдай кырдаалга алып келет деген ойлор көп. Сиздин оюңузча ошондой кырдаал бышып келатабы, же жокпу?

А.Калмаматов: - Мына үч жарым жылдан бери тынч оокат кылбай, күндө пикет, күндө митинг болуп, күндө кетсин деген кыйкырып болуп жатат. Бул кетсин деген талап бизге кетпес кесел болуп калды го? Эми кантип жакшы нерсени көрө албайбыз? Мына мен өзүм статистикалык маалыматтарды карап көрдүм. Маселен 2003-жылы биздин бюджеттин чыгаша бөлүгү 16 миллиард 300 миллион сом экен. Ал эми быйылкы 2009-жылы чыгаша бөлүгү 52 миллиард сом болуп жатышынын өзү эле өсүштүн белгиси да! Капиталдык курулушка 3 миллиард 600 миллион сомго жакын салым бөлүнүптүр. Анын ичинен 2 миллиард сомго жакыны Камбар-Атага кетет экен. Ушулардын баарын карап көрсөк эле өсүш болуп жаткандыгы көрүнүп турбайбы.

Анан агарган нерсенин баарын эле капкара дей берсек чындыгында бардык нерсе кара көрүнүп калат да. Анткени бир нерсени үч жолу кара деп айтсак карарып кетет. Ошон үчүн тилегибизди оңдоп, ниетибизди жакшылап президентибизге жардам бериш керек. Мына Топчуке өзүңүз президенттин жанында жүрүп жардам бердик деп жатасыз, эми дагы жардам бериңиз. Иштеген адамда катачылык болбой койбойт, катачылык кетсе өзүңүздүн акыл-эсиңиздерди айтышыңыздар керек.

“Азаттык”- Демек коомдо бийликке карата нааразылык бышып жетилип калды деген пикир туура эмеспи?

А.Калмаматов: - Ал үчүн элди кыдырып келиш керек. Мисалы үчүн мен 3 депутат Абдирейим Кулбаев, Осмонали Аттокуров менен бирге Чаткалга барып келдик. Кыштын кыраан чилдеси болгондуктан Чаткал менен Ала-Букада шарты катаал. Ал жердеги элдердин өздөрү 1990-2000-жылдарга салыштырмалуу жашоо Кудайга шүгүр өсүш бар, жакшы жолго түшүп жатабыз деп айтып жатышат. Факт деген факт, же болбосо жөнөкөй айылдарды кыдырып көрсөк деле турмуш жаман эмес экен. Мисалы биз Чаткалдын Терек-Сай деген айылында болдук. Ал жерде кандай көйгөй бар десек чөнтөк телефон тоонун ичинде жакшы иштебей жатат, ошону чечип бергиле дешти. Ар бир үйдө 2-3төн машина турат. Эми бул өзү өсүштүн белгиси да. Ушундай өсүш болуп жаткандан кийин жапатырмак биригип, жакшы иштерди баштасак Кыргызстан оңолуп кетет да!

“Азаттык”- Токтогул мырза, классик революционерлер айткандай Кыргызстанда революциялык кырдаалды күчөтүүгө бийликтин кандай аракеттери өбөлгө түзүшү мүмкүн жана бийлик аны болтурбоо үчүн кандай кадамдардан артка чегинүүсү зарыл?

Т.Какчекеев: - Бүгүнкү күндө бийликтин аракети Интернет алып келген маалыматтан артта калып жатат. Эгерде эртең туура эмес кылып, кырдаалды күчөтүп жиберсе, элди кемсинтип, басмырлап, Конституциянын чегинен чыккан мамилелер болсо, же курал колдонулса эл чагылгандай чартылдап кетүүгө шарт түзүлүп калды. Анткени эл эч кимге боорун бергиси келген жери жок. Ар бир мамлекетте өнүгүү боло берет, бирок кыргыз элинин миллион адамы башка жакка тентип кеткени белгилүү да. Эгер өнүгүп жатса, анда эл эмне үчүн башка жакта жүрөт? Демек, бийликте кыргыз эли үчүн, кыргыз мамлекети үчүн деген ой болсо жана оппозиция болобу, башкасы болобу тең ата кылып, бир үстөлгө чакырып, бир пикирде сүйлөшүш керек.

“Азаттык”- Эми сиздерде бере турган акыркы суроом бул: Кыргызстандын келечеги үчүн оппозиция, бийлик жана жалпы коомчулуктун башын кандай маселе же окуя бириктириши мүмкүн?

Т. Тургуналиев: - Оппозиция менен бийликтин башы эч качан бирикпейт. Себеби дегенде бийлик бир пикирди, бир максатты көздөйт. Оппозиция болсо бийликке келгенде момундай программаны ишке ашырам деп таптакыр башка идеяны көздөйт. Бирок оппозиция менен бийлик улуттун кызыкчылыгы, мамлекеттин келечеги үчүн көп маселелер боюнча компромисске келип, эриш-аркак иштесе болот.

А. Калмаматов: - Топчукем эң туура айтты. Конструктивдүү оппозиция болсо экөөнүн ортосунда консенсуска келсе болот. Бирок алардын ар биринин амбициясы аттын башындай болуп, ар бири түшүндө өзүн президент көрүп турганда бир сөзгө келип, отуруп сүйлөшүшү өтө кыйын.

Т. Какчекеев: - Манас атабыз, Семетей, Сейтек, Бакай, Алманбет баары кыргыз элинин сыймыгы, бирок алардын баары аскер башчылары болгон. Кемал Ата-Түрк, Муамар Кадаффи, Камал Абдел Насер, Черчилль, Де Голь да аскер адамдары болушкан. Ошондуктан кыргыз эли эзелтеден аскердик тартипке баш ийип, ошо деп ураан чакырган эл болгондуктан биздин бийликке таза аскер башчылары келиш керек. Ошондо Кыргызстан жана эли оңолот!

"Азаттык" - Талкуунун урматтуу катышуучулары сиздердин ой бөлүшкөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз, чоң рахмат!

XS
SM
MD
LG