Кыргызстандын президенттигине ат салышуу ниетин билдирип, БШКга арыз бергендердин саны азырынча үчөө. Ал эми катыша алат деп аты аталгандардын саны алтыдан ашты.
Бирок эрегиштин чыныгы атаандаштары, президент жетектеген “Ак жол” партиясы менен оппозициянын Бирдиктүү элди кыймылынын бирдиктүү талапкери ким болору белгисиз. Саясат талдоочулар эки тарап бири-бирин карап, кайсы талапкер чыкса ошого жараша атаандашты тандоо ниетинде турат деп божомолдоп жатышат.
Бул жагдайдан алганда “Ак жол” партиясынын 11-апрелге белгиленген курултайын май айына жылдырышы бийлик кимди талапкерликке көрсөтүүнү чече албай жатат деген божомолду күчөтүүдө. Анткени буга чейин БЭКтин штаб жетекчиси Азимбек Бекназаров президент Курманбек Бакиев ден соолугуна байланыштуу жарышка түшө албай, ордуна инилеринин бирин тандайт экен деп билдирген эле.
Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын төрагасы Улугбек Ормонов мындай божомолдор негизсиз деп четке кагып, себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:
-Партиянын саясий кеңеши курултайды 11-апрелде өткөрүү боюнча чечим кабыл алганда президенттик шайлоо болору белгисиз болчу. Ошондуктан саясий кеңеш эки жолу курултай өткөрбөй бир жолу эле талапкер көрсөтүп, шайлоого даярдык көрүү үчүн курултайды өткөрүү мөөнөтүн жылдырып койду. Ушул сөздөрдүн бардыгы туура эмес.
Ал эми саясат талдоочу Табылды Акеров бийликчил партия курултайын өткөрүү мөөнөтүн атайылап жылдырып, оппозициянын шайлоого даярдык көрүүгө чамасын жеткирөө аракетин көрүп жатат дейт:
- Оппозициячыл күчтөр бирдиктүү талапкер көрсөтө албай калыш үчүн ушундай тактика колдонулуп жатат. Андай ыкма оппозициячыл талапкерлер программасын элге жеткире албай калыш үчүн жасалып жатат.
Табылды Акеровдун баамында, оппозициячыл күчтөр бийликтин тандоосун күтпөстөн өз талапкерин эртерээк аныктап, шайлоого даярдык көрүүсү абзел:
-Оппозициячыл партиялар жалгыз талапкер көрсөтө турган болсо аны тез арада көрсөтүп, анын программасын элге тааныштыра башташы жана шайлоого даярдык көрө башташы керек. Анткени бул жерде президенттик шайлоону оңой утуп кетиш үчүн тактикалык ыкма менен күрөш жүрүп жатат.
Ал арада оппозиция өкүлдөрү эл азыркы бийлик саясатынан тажап, башка күчтөр келишин самап калды деген ишенимде. Саясат талдоочулар мындай токпейилдик жеңишке алып келбейт, анткени бийлик административдик басым менен жеңишке жетүү пландарын эбак аныктап койгон. Ага жакында жүргүзүлгөн эл каттоодон кийин миллиондой жараны сыртта жүргөн Кыргызстандын калкынын саны беш жарым миллион деп алгачкы маалыматтарды берип жатканы жакшы далил деп жатышат.
Президенттикке талапкер болууга даяр экендигин билдирген экс-Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу мындай кооптонууга негиз жок деген ойдо:
-Кеп башка нерседе! Ал эл кимди тандап алат деген маселе. Бакиев бийликте, анын административдик ресурсу бар, аны эч ким жеңе албайт деп отура берсек сөзсүз түрдө Бакиев кайра эле жеңип алат. Биз эл өзүнө татыктуу президентти шайлай алабы же шайлай албайбы деген маселени биринчи планга коюшубуз керек. Башкы маселе мына ушунда!
Ал эми БЭКтин Улуттук кеңешинин мүчөсү, БШКга арыз берген Исмаил Исаков оппозициянын алдыдагы чечими бийликтин талапкер тандоосуна эмес, шайлоону таза өткөрүү боюнча оппозиция койгон талапка президенттин берген жообуна жараша болот дейт:
-Митинг өткөргөндө бул боюнча сунушубузду президентке ачык жолдогонбуз. Эми азыр анын жообун күтүп жатабыз. Эгерде шайлоону таза өткөрөм деген ниети жок болуп, биздин сунуштарыбыздын бири да кабыл алынбаса анда бизде бир гана жол калат. Ал бардыгыбыз шайлоодон баш тартышыбыз мүмкүн же болбосо 20-апрелден кийин мөөнөтсүз акцияларды өткөрөбүз. Аны баштаганга азыр даярданып жатабыз.
Оппозиция президенттик шайлоодон баш тарта турган болсо башкы утушу эл менен бирге болуу дейт Исмаил Исаков:
-Эл менен бирге болобуз. Көрүнүп турбайбы, Грузияда эмне болуп жатат, Молдовада эмне болуп жатат! Эл азыр мурдагыдай эмес. Бийлик баарын коркутуп койдук деп ойлоп жатат. Эч ким эч нерседен корккон жери жок. Тескерисинче элдин баарынын кыжыры келип, качан баарыбыз чогулуп каршы пикирди айта алабыз деп карап турган учуру.
Ал эми БШК шайлоого катуу кам ура баштаганда жарандык коом өкүлдөрү эки жыл мурдагы парламенттик шайлоонун анык жыйынтыгын жарыялоосун жана президенттиктен мурун парламенттик шайлоо өткөрүүсүн мамлекет башчыдан талап кылды. Бул жагдайдан алганда президенттик шайлоодон кийин эки тараптын тирешин күчөткөн учур көп болот деп түкшүмөлдөгөндөр арбын.