Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:12

И.Исаков: Президент өзүнүн ишин такташы керек


Энергетикалык кризистин себептери, өлкөнү азыркыдай абалга алып келгендерге президент чечкиндүү чара көрүүсү керектиги тууралуу “Жаңы Кыргызстан” партиясынын баш катчысы И.Исаков “Азаттыктын” таңкы маегинде кеп салып берди

"Жаңы Кыргызстан” партиясынын өкмөттү кетирүү демилгесин парламенттеги “Ак жол” фракциясынын дагы колдоосун өтүнүп, фракция башчысы Азизбек Турсунбаевге кат жолдогон экенсиздер. Ал сунушуңарды “Ак жол” фракциясы колдоор бекен?

-Мен ойлойт элем, эгерде “Ак жол” фракциясы Кыргызстандын элине пайда келтиребиз десе сөзсүз колдошу керек. Себеби дегенде бүгүнкү өкмөт энергетикалык кризиске алып келүүсү менен өлкөбүздүн эң чоң байлыгы суу ресурстарыбызды ойлонбостон колдонушканга өздөрү шарт түзүп берди. Аларды көзөмөлдөп, катачылык кетиргендерди караганга дагы мүмкүнчүлүктөрү болбоду. Экинчиден, өлкөдө кылмыштуулук жана коррупция өркүндөшүнө мыйзам чегинде бөгөт коюп, ошол жетекчилерди сураганга күчтөрү жеткен жок. Эгерде ушуларды ойлоп, бир чечимге келсе “Жаңы Кыргызстан” партиясынын сунушун “Ак жолчулар” колдошу керек.

-Энергетикалык кризис демекчи, “Жаңы Кыргызстан” партиясынын энергетикалык кризистен чыгуу боюнча өзүнүн программасы барбы?

-Албетте энергетикалык кризистен чыгуу боюнча жеке эле “Жаңы Кыргызстан” партиясы эмес, башка дагы көптөгөн Кыргызстандын патриотторунун өздөрүнүн пландары дагы бар, жолдору дагы бар. Энергетикалык кризистен чыгуунун эң негизги жолу ошол тармакты жетектеген шылуундардын бардыгын кызматтан алыш керек. Бул эң чоң маселе. Ошолорду жумуштан алганда азыркы энергетикадагы жоготуу 70 пайызга азаят эле. Экинчиден, үч акционердик коомдун ордуна эки департамент түзүп, аларды дагы реформа жасаш керек. Үчүнчү жолу, ошол тармактарды мамлекеттин колунда кармап калыш керек. Себеби дегенде булар айтып жатышат, “биз жеке менчикке сатабыз”- деп. Жеке менчике сатуу менен стратегиялык обьектилердин бардыгы, анда жеке ишканалар, өнөр жай, медицина тармактары, Бишкектеги мамлекеттик мекемелер ошол жеке менчиктин көзүн карап калышат. Ошону менен бирге Бишкектеги борбордук жылуулук борборду шаардын карамагына өткөрүп берип, мамлекеттик чоң колдоо болгондо ал өз алдынча жакшы иштеп кетет эле. Ошондой эле бизде орто жана чакан ГЭСтерди курууга мамлекет тарабынан кичине эле түрткү болсо аларды иштетип коюуга мүмкүнчүлүктөр бар. Эң негизгиси КМШ мамлекеттери менен тез аранын ичинде сүйлөшүп, керек болсо суранып убактылуу кыштан чыкканга алардан электр энергиясын алып турсак, андан кийин ага чейин программаны түзүп туруп жанагы иштерди аткарганда, биз бүгүнкү орчундуу маселеден чыкканга шарт түзүлөт. Эң негизги маселенин дагы бири президент Курманбек Бакиев өзүнүн ишин такташы керек. Же айткан убадаларын аткарып эл үчүн иштеп бериши керек же болбосо бүгүнкү шылуундардын көзүн карап отурушу керек. Мына, маселе ушунда.

-Президент Курманбек Бакиев Германияда дарыланып жатып, телефон аркылуу тиешелүү жетекчилерге көрсөтмө берип турбадыбы. Маалыматтарга караганда, өлкө башчысы айрым чиновниктердин ишине канааттанбагандыгын билдириптир. Анын келиши менен өкмөттө кескин кадрлык өзгөрүүлөр болушу мүмкүнбү?

-Албетте болушу керек. Себеби дегенде өлкөнү ушундай деңгээлге алып келип койду. Президент эми элдин ой-пикирин угуп, алардын үй-бүлөсүн, бала-бакырасын ойлоп туруп, ушул кыйынчылыкка алып келген жетекчилерди кызматтан кетирүүсү керек. Анткени бир топ чиновниктерге чара көрүүгө шарт түзүлүп калды. Мына ушунун негизинде жогорку бийлик эшалонунда сөзсүз кадрлык өзгөрүү болушу зарыл.

- Исмаил мырза, сиздин баамыңызда кайсы тармактарда көбүрөөк кемчилик болуп жатат?

-Азыр тармактардын 90 пайызында кемчиликтер болуп жатат. Мунун бардыгы барып келип энергетика тармагына байланыштуу болууда. Анткени энергетика экономиканын туу чокусу деп айтып койсок болот. Себеби энергетика бардык тармакка тиешелүү. Ошол эле мамлекеттик мекемелерге, ишканаларга, катардагы карапайым калктын күнүмдүк жашоосуна тикелей таасири тийип жатпайбы. Анын кесепетинен 90 пайыз тармак өнүкпөй, артка кетүүдө. Бул маселени өлкө башчысы тез арада колго алып, чара көрүүсү керек.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG