Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:14

Эрте шайлоонун кам-чому башталды


23-июлга белгиленген президенттик шайлоонун кам-чому эмитен көрүлө баштады. Борбордук шайлоо комиссиясы маанилүү саясий иш-чараны өткөрүүнүн жол-жоболорун иштеп чыгып, жер-жерлерде шайлоо өткөрүү комиссияларын түзүүгө киришкени турат.

Маалынан бир жыл эрте өткөрүлүп жаткан президент шайлоого мамлекет казынасынан 172 миллион сом бөлүнүшү керек.

Шайлоого канча акча кетерин Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин эле эсептеп чыккан. Комиссиянын ал болжолу эле эмес, укукчу адистердин президенттик шайлоо эмдиги жылы өтөрүн ырастап-тактап жаткан пикирлеринин баары суу кечпей, Конституциялык соттун шайлоо 23-июлда өтөрүн ырастаган чечими ишке ашууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын уюштуруу-укук бөлүмүнүн башчысы Өмүрбек Сарбагышев облустук, ошондой эле республика борборлору Ош менен Бишкектин шайлоо комиссиялары ишке киришкенин маалым кылды.

- Биз түзүү иштерине кириштик. Бул жобо Шайлоо кодексинин талаптарына ылайык түзүлдү.

Борбордук шайлоо комиссиясы жер-жерлерде шайлоо комиссиялары кандай тартипте түзүлөрүн аныктаган жоболорду иштеп чыгып, уюштуруу иштеринин кыйласын облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларына жүктөгөнү турат. БШК төрагасы Дамир Лисовскийдин ырасташынча, комиссия төрт айдын ичинде президент шайлоону укуктук эреже-талаптардын негизинде өткөрүшү керек.

- Сиз деле көрүп жатпайсызбы, мына майрам күндөрү деле отурум өткөрүп, сутка бою иштеп жатабыз. Баары график боюнча кетип баратат. Азыр шайлоо комиссияларына кимдер мүчө болору көрсөтүлүп жатат. Жер-жерлерде кулактандыруулар жарыяланды. Облустук комиссиялар иштеп жатат. Райондук комиссиялар түзүлүүдө.

Дамир Лисовский президенттик шайлоо өткөрүүгө 172 миллион сом сарптала тургандыгын маалым кылды. Бул акча эмдиги жыл бюджетине киргизилген эле эми аны быйылкы жыл бюджетине өкмөт которуп бермекчи.

2003-жылкы Конституция боюнча шайлоо президенттин бешинчи жылында, октябрь айынын акыркы жекшембисинде өтүшү белгиленген. Ушундай эле маселе 1995-жылы да козголуп, а кездеги президент 1990-жылы парламент тарабынан шайланганын эстеп, 1991-жылдын октябрындагы жалпы элдик шайлоону жадынан чыгарып койгону эмдигиче эскерилип келатат.

Парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Иса Өмүркулов 23-июлга белгиленген иш-чараны маалынан эрте өтчү шайлоо деп эсептейт.

- Мен ойлойм, ушул негизи маалынан эрте шайлоо болуш керек. Андайга президенттин толук укугу бар. Ага эчким каршы болбойт. Туура дешмек. Ушундай кырдаал орноп жатканда, оппозиция күчөп сындап жатканда. Мына элге салдым деп маалынан эрте шайлоого барса бийликтин да кадыры бийик болмок.

Конституциялык сот чечиминен кийин мыйзам бузулду, деп айтыш туура болбостугуна “Акжол” партиясынын төрага орунбасары, парламент депутаты Автандил Арабаев токтолду.

- Бул жерде эч кандай Конституция бузулган жок. Кеп ушул шайлоону өткөрүүдөгү укуктук жөрөлгөлөрдүн баарын сактоодо болуп жатат. Шайлоо деген бир күн, биз добуш берген күн гана эсептелбейт.

Минтип шайлоону маалынан бир жыл эрте өткөрүүнүн чоо-жайын Бириккен элдик кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров башкача шарт-жагдайга байланыштырат.

- К.Бакиев турганда таза шайлоо болбойт. Мына анын биринчи башталышы 27-март болот. Шайлоо бүткөнгө чейин ошону тынбай үзгүлтүксүз жүргүзүп тура турган болдук.

Азыркы бийлик атаандаштары президенттик шайлоо октябрь айынын соңунда өтүшүн жактап келишкен. Ал мөөнөт үч айга артка жылдырылгандан бери саясий тиреш кайрадан күчөп, жаз-жай ичи Кыргызстан көчө жыйындардын төөбастысында калыш ыктымалдыгын байкоочулар эмитен эле айта башташты.

Өлкө башчылыгына ким татыктуу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:56 0:00

XS
SM
MD
LG