Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Укуктук башкатырма: президенттин ыйгарым укугу бир жылга кем


Конституциялык Cоттун 2003-жылкы Баш мыйзам негизинде чыгарган чечимине таянып Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону быйыл 23-июлда өткөрүү токтомун чыгарды. Мамлекет башчылык ыйгарым укугу бир жылга кыскартылып жатканына кайыл болгон К. Бакиев кийинки мөөнөт шайлоого бара тургандыгын ырастоодо.

Быйыл 23-июлга белгиленген президенттик шайлоо маалынан эрте деп эсептелинерин парламент талкуусунда социал-демократиялык фракциянын мүчөсү, депутат Иса Өмүркулов ырастады.

- Анан эми Конституциялык Cоттун элде баркы кетип жатканы ушунда. Мурунку Конституциялык Cоттун жолун бул да ээрчип баратат. Мурyнку Конституциялык Cот А.Акаевдин бир нече референдумдарын туура деп келип, улам-улам шайлоого алып барып 15 жыл башкарткан. Анан эми бул Конституциялык Cоттун дагы биринчи эле принципиалдуу чечими мыйзамсыз болуп чыкты. Себеби ал Конституцияда октябрдын эң акыркы жекшембисинде, деп жазылып турат. Болду, андан бөлөк жазуу жок.

Конституциялык Cоттун 19-марттагы чечимин апыл-тапыл караган парламенттин конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитети президенттик шайлоонун 23-июлга коюлушун августта Бишкекте өтүшү белгиленип жаткан каадалуу жыйынга байланыштуу түшүндүрдү.

- 23-июль – бейшемби. Мында жума күндөн эс алууга чыкчулар көбөйөрү эске алынды. Биздин адамдар Ысык-Көлгө кетишет. Ошондуктан бейшемби шайлоочулар көбүрөөк келе турган күн,- деп айтты комитет төрагасы Зайнидин Курманов.

Конституциялык Cот чечими менен ушу тапта иштеп жаткан президенттин ыйгарым укугунун бир жылы кемип жатканын парламенттин төрага орунбасары Чолпон Баекова да белгилеп, шайлоону жазында же күзүндө өткөрүүнүн эч кандай зарылдыгы жоктугуна токтолду. Анын айтуусунда, айыл чарба өлкөсүндө күзүндө жыйым-терим күчөйт.

- Мындай нерсе, өзүңөрдүн эсиңерде бар, мындай нерсе биздин шартыбызда болгон эмес. Анан экинчи нерсени айтып кетейин дедим эле, оппозиция болсо президенттин азыркы иши туралуу позициясын билдирип, ушул шайлоо эртерээк өтүшүн эңсеп жаткан болчу.

Парламенттеги социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Бакыт Бешимов ыйгарым укугу бир жылга кемип жаткан азыркы президент жаңы шайлоого 2007-жылкы Конституция боюнча гана бара тургандыгын айтты.

- Мыйзамды бузайын десе анын жолдору табыла берет. А бирок таза ыймандуу өткөрөйүн, десе бул экинчи мөөнөтү болот. Эгерде президент К. Бакиев шайлоого барса. Ошондуктан биз бүгүн позициябызды билдирдик, бул болсо мөөнөтүнөн мурдагы шайлоо деп.

Президенттин ыйгарым укук мөөнөтүнүн кемип калышы мыйзамга кайчы келбестигин «Ак жол» партиясынын төрага орунбасары Автандил Арабаев да ырастады.

- Бүгүнкү күндө эми мөөнөтүнөн эрте бүттү деп айтуунун өзү дагы баягы мыйзамга туура келип жатпайбы. Мына карагыла, логикалык жаткан алганда деле 2005-жылга 5 жыл кошкондо 2010-жыл болуп атпайбы. Бирок Конституциялык Cот чечим кабыл алганда жалаң Конституцияны гана албастан, юридикалык практиканы да эске алып, анан ошонун негизинде чечим чыгарып жатат.

Бирок да андай чечим артынан толгон-токой түшүнбөстүктөрдү жаратарын «Ар намыс» партиясынын жетекчиси Феликс Кулов «АКИпресс» агенттиги аркылуу жарыя кылды. Анын ырасташынча, 23-июлдагы шайлоодо азыркы президенттин атаандашы жеңишке жетишип калса ортодо чоң укуктук талаш чыгат. Себеп дегенде К. Бакиевдин ыйгарым укук мөөнөтү 2010-жылдын августуна чейин созулары 2005-жылкы шайлоодо, андан эки жыл кийинки жалпы элдик референдумда бекемделген.

XS
SM
MD
LG