Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Кайрадан “тезек дарты” каптады


Бүгүн жарыкка чыккан басылмаларда негизинен энергетика тармагындагы кризис тууралуу кеп болду.

“МК Кыргызстан” гезити бул санын демейдегидей эле журналист Елена Агееванын “Президентке кат” рубрикасынын алдында жарыяланган “Алло!” деген макаласы менен баштады. “Курманбек Салиевич!” деп жазат автор, “чет өлкөдөн дарыланганыңыз сиздин лексиконуңузга жагымдуу таасир этип жатканын байкап калдым. Эгер мурда сиздин жакшы көргөн эки: “Мен бүткүл эл тарабынан шайланган президентмин” жана “Мен билбей калыпмын” деген сөздөр болсо, эми буга үчүнчүсү “Жеке жоопкерчилик тартуу керек” деген сөз кошулган экен.

...Жылуулук сезону башталары менен жарык өчүрүлбөйт деп Чудинов сизге каратып туруп калп айтыптыр. Мурдагыдай эле жер-жерлерде жарык өчүрүлүп жатат. Ал эми “Түндүкэлектронун” контролерлору үй-үйлөрдү кыдырып, ар кимдин отун-суусун түгөлдөп, өзгөчө мамлекеттин стратегиялык энергиясы болгон тезектин бары-жогун текшерип жүрүшөт. Баса, бечара Балкыбековдун тезеги бар болду бекен? Себеби энергетиктер тезеги жоктор менен электр жылыткычтарын токко сайгандарды катуу көзөмөлгө алганы калды өңдөнөт” деп кеп кылды.

Ушул эле гезит кыргыз өкмөтү ичип-жегенди гана билген, бирок эчкимге жооп бербеген, тил-оозу чыгалек жаш балага окшоп калганын белгилеп, өлкө энергетикалык жана экономикалык апааттын босогосуна келип калганын, ага карабастан бийликтеги атка минерлер мамлекеттин бюджетин шабыратып, жибек курттай жеп келатканын жазды. Депутат Бакыт Бешимовдун айтуусунда, Кыргызстандын бюджетинин 44 пайызы мына ушул атка минерлердин кызмат үстөлүн кармап турганга жумшалат. Ошол эле учурда өлкөнүн социалдык тармагына араң 9 пайыз, билим берүүгө 7 пайыз гана каражат чегерилет.

Гезит булардан тышкары жарык жашоо издеген кыргызстандыктар бүтүндөй үй-бүлөлөрү менен Ата Журтун таштап, көчүп кетип жатканын маалымдады. Мисалы, быйылкы эле жылы өткөн жылга салыштырганда башка өлкөлөргө кеткендердин саны эки эсеге өскөн. Булардын дээрлик баары - Баткен менен Жалал-Абад дубанынан. Ал эми ырасмий маалыматтар боюнча, кыргыз мандикерлеринин КМШ өлкөлөрдөгү жалпы саны миллинго жетсе, анын 80 пайыздан ашуунун Оштон баргандар түзөт. Маселен Маскөөдөн Кыргызстанга келген 45 жаштагы Айбек Алтымышбаев мындай дейт. “Мен 5 жылдан бери өз өлкөмдү көрө элек элем. Аябай өзгөрүп, өтө жакырланып кетиптир. Эң эле жаманы мекендештеримдин көңүлү кирдегенин көрүп зээним кейиди. Мен бул жерде жашаганга эми көнө алгыдай эмесмин. Ата Мекен деген мен үчүн, сен жакшы жашаган, сен керек болгон, сени урматтаган, сени адам катары санаган жерде деп ойлойм. Кыргызстан ошондой өлкө болобу, болбойбу бу да белгисиз. Биз сыяктуу чет өлкөдө жашагандар үчүн Ата Журт, ата-бабалардын киндик каны тамган жер деген түшүнүктөр маанисин жогото баштады” деп айтып берген.

“Дело №...” гезити Өнөржай, энергетика жана отун ресурстар министринин орунбасары Акылбек Түмөнбаев менен интервью жарыялады. Министрдин орунбасары 1-марттан тартып 794 млн. кВт-саат электр энергиясы үнөмдөлгөнүн, ушул үнөмдөлгөн энергия кыштан чыгуу үчүн жумшаларын билдирди. Кабарчынын “Бул энергия канчага чейин жетет?” дегн суроосуна орунбасар: “Ал биздин жаккан жарыгыбыздын керектелишине жараша болот, эгер өткөн жылдагыдай суткасына орто эсеп менен 68 млн. кВт. саат кетсе 12 гана күнгө жетет, эгер аны дагы үнөмдөп, суткасына 40-45 млн. кВт. саат энергия жумшасак 21 күнгө жетет, Бишкек ТЭЦин максималдуу пайдалана алсак жаздан чыгып кетебиз, Токтогул суу сактагычын да сактап калабыз, мындан башка жол жок деп айтты.

Министрдин орунбасары кабарчынын:”Аз эле күн мурда Тажикстан Түркмөнстандан электр энергия алды, алганда да аябагандай көп көлөмдө, күз-кыш мезгили үчүн эле 1млрд. кВт. сааттан ашуун энергия ала баштады. А сиздин министрлик эмне себептен түркмөн тарап менен макулдаша алган жок?” дегенине “Биз деле аракет кылып көрдүк, бирок Түркмөнстан электр энергиясын бербей койду. Ал эми Тажикстан менен ал өлкө кошуна турат. Бизге болсо андан ала турган энергия ошол эле Тажикстан же Өзбекстан же Казакстан аркылуу келмек. Өзбекстан менен 2002-жылдан бери карай мамилебиз татаалдашып кеткен” деп жооп берди. “Балким сүйлөшкөндү билбей жаткан чыгарсыздар. Эмне үчүн Орусиядан энергия албайсыздар, ал жакта энергия мол эмеспи?” дегн суроого А. Түмөнбаев Орусиядан ташып келүү проблемалары бул маселенин оң чечилишине тоскооолдук кылып келатканын айтуу менен, эгер орун эле керек болсо иштеп турган кызматын азыр да таштап кеткенге даяр экендигин, бирок анын ордуна келген адам деле ушндай кадамдарга бармагын, айтор бүгүнкүдөй абалда эптеп кыштан аман-эсен чыгуу маселеси башкы орунда турганын айтып аңгемесин жыйынтыктаган.

Ушул эле гезит Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтканына таянуу менен Кыргызстандын тергөө изоляторунда мыйзамсыз 59 адам камоо мөөнөтү эбак өтүп кеткендигине карабастан абакта олтурганын, Ишенбай Кадырбеков камалагандан кийин Кыргызстанда адам укугун сактоо боюнча көптөгөн кемчиликтер ачыкка чыкканын маалымдады. Гезиттин дагы бир кабары боюнча Кыргызстанда ушул жылдын октябрь айына эсептегенде жарандардын орточо айлык акысы - 5 миң 136 сомду түзгөнүн, өлкөнүн статкомунун эсеп-кысабына караганда 9 ай ичинде орточо эмгек акы 36,2 пайызга өскөнүн, бирок ырасмий маалыматтар боюнча 62 миң адам жумушу жок жүргөнүн маалымдады.

Гезит ошону менен бирге эле “Дело №..” гезитинин кабарчысы Вадим Ночевкинди УККга профилактикалоо үчүн чакыртканын, анткени ага дейре кабарчы энергетка тармагындагы жоготуулар тууралуу жазганын, демек энергетика маслеси боюнча гезиттин жазгандарына бийликтегилер ыраазы эместигин, баса президенттин улуу баласы Марат Курманбекович Бакиев УККнын коррупция жана контробандага карыш күрөшүү башкармасын көзөмөлдөөрүн, ал эми В. Ночевкинди “түзөтүп коюу” ишин анын кол алдындагы капитаны Абдылдаев жүргүзгөнүн кабарлап, деги биздин башыбыз “биз корупционербизби же аткезчилербизби?” деп ката баштады деп баяндады.

XS
SM
MD
LG