Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Авторитардык Кыргызстандан тоталитардыккабы?


Бүгүн жарык көргөн гезиттердин дээрлик баары өтүп кеткен Элдик Курултайдын жүрүшүн чагылдырган материалдарга жана андагы сүйлөнгөн сөздөргө орун берди...

“Учур” гезити оппозиция лидерлери Өмүрбек Текебаев, Аликбек Жекшенкулов, Кубатбек Байболов жана башка саясатчылар Американын Карнеги Борборунун чакыруусу менен Вашингтонго аттанганы жатканын кабарлады. Ошол эле убакта “Ата Мекен” партиясынын төрага орунбасары Алманбет Шыкмаматов гезит кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып, партиянын жол башчысы Ө. Текебаевди ыплас жолдор менен жаманатты кылуу күч алганын билдирди. Ушул эле гезит дүйнөлүк финансы кризиси Кыргызстанда катуу да, узак да болорун баяндаган Сергей Нурмамбетовдун макаласын сунуш кылды. Биринчиден, деп жазат автор, Кыргызстан Орусияда жана Казакстанда өндүрүш төмөндөгөнүнө байланыштуу эмгек мигранттарынан түшүүчү акчанын бир бөлүгүнөн ажырайт. Экинчиден, Орусия менен Казакстандагы өндүрүштүн төмөндөөсү менен Кыргызстанда өндүрүш төмөндөйт. Ал тургай мунун залакасы оор болот. Үчүнчүдөн, инвестициянын көлөмү азаят. Кыргызстанга инвестиция салуучу Орусия менен Казакстан азыр салган акчаларын чыгарып кетип жатат. Эми эмне кылуу керек? Кошуна өлкөлөр кризистен чыгып, (кризис канча мезгилге созуларын эчким болжоп болбойт) өз экономикасын оңдоп-түзөп алып, андан кийин башка өлкөлөргө бурула баштайт. Ошондуктан бардык жагынан коңшуларга көз каранды болгон Кыргызстан өз алдынча эч нерсе кылалбайт. Анткени анын экономикалык модели ушундай жолдор менен түзүлүп калган...

“Аалам” гезити министр Ишенгүл Болжурова менен Улуттук университеттин ректору Ырысбек Өмүркановдун чыр-чатагын жиликтөөгө алган кабарчы Жолдошбек Зарлыкбековдун макаласын сунуш кылды. Өмүркановдун бети менен бүт Кыргызстандын ЖОЖдорунун бети көрүнүп турат. Коррупция бар. Чыр арбын. 18 ректор азыр арызга кол коюп, министрди кызматынан кетирүү аракетинде, жогорку окуу жайларында туташ паракордук күчөгөнүн студенттер четтен айтып жатышат деп баяндалат анда. Ушул эле гезит менен баарлашкан экономист Айылчы Сарыбаев “Эмне үчүн депутаттар мамлекеттин эсебинен жашашы керек?” деп суроо коюп, “...депутат өзү мамлекеттик бюджеттин же элдин эсебинен жашап жаткан мите сыяктуу десек болот. Булар мителик жашоодон сырткары мамлекетке каршы мыйзамдарды кабыл алууда. Электр энергиясын сатабыз деген мыйзам мамлекетке, элге каршы мыйзам. Демек мамлекет өлөсөл абалда туруп, андан бетер өлтүрө турган кишшилерди шайлап алып жатат” деп кейиди.

“Асман преss” гезитине маек курган “Жаңы Кыргызстан” партиясынын баш катчысы Исмаил Исаков, президенттин коомдук палатаны түзүү демилгесин авторитардык өлкөдөн тоталитардык өлкөгө калдам таштоо деп баалады. Экинчиден, анын айтуусунда Акаев учурундагы дүжүр чалдар азайып бараткандыктан анын ордуна бийликти мактап тура турган бир орган керек болуп калган, ошондуктан анын түзүлүшү эч кандай натыйжа бербейт. Жакында эле иштен алынган Үсөн Сыдыков жөнүндө Исаков, президент ага “Манас” орденинин ордуна “Элдик баатыр” наамын берсе болмогун, себеби элдик революция учурунда эмгеги чоң болгонун кошумчалады. Ал эми ревкомдун мүчөсү, белгилүү саясасатчы Топчубек Тургуналиев болсо “Ү. Сыдыков үч доордо иштеп, Кыргызстанды курутканга кошкон салымы зор. Тезекти желек кылып жашап жаткан Кыргызстанда орден тагыныш уят иш. Азыр орден ала турган учурбу? “Жаңы Кыргызстан” партиясындагылар президент эптеп өкмөттү кетирсе өздөрү барып алардын креслосуна олтургулары келип күтүп жаткандар” деп айтты. Гезит дагы бир кабарында Акүйдөн жүргүзүлгөн саясый келишимге ылайык генерал И. Исаков баштаган “жаңы кыргызстанчылар” өкмөттүн жаңы курамын түзмөй болду деп маалымдаганга үлгүрдү.


“Жаңырык пата” гезити “Элди бузуп бүтүштү” деген рубрика алдында “Телетерроризм” аттуу макала жарыялады. Макалада бүгүнкү бийлик башчыларынан тартып Кыргызстандагы ар кандай телеканалдарга чейин Орусиянын шовинисттик, баскынчылык саясатын жүргүзүп, андагы берүүлөр толугу менен Акүйдүн кожоюндары тарабынан ишке ашырылып жатканын, кыргыз элинин рухий дүйнөсү талкаланып жоголуу чегине келгенин кеп кылган. Гезит мындан тышкары “Жемекраттар башкарган жемарал”, “Актанып, жойпуланган чиновниктер” деген макалалардын жанына Оштун экс-губернаторлорунун бири Анвар Артыковдун интервьюсун тартуулады. Артыковдун ою боюнча, курултай атайын Акүйдөн даярдалган сценарийдин негизинде өткөн. Болгону Бакиевдин бийликтеги өмүрүн узартууга шарт түзүү болгон. Курултайда туңгуюктан кантип чыгабыз деген суроого жооп болгон жок. Андан аркы сөзүндө Анвар Артыков, “10 жылдан бери оппозицияда жүрөм” деген Т. Сариев 3 жыл мурда эле Акаевдин уулу Айдар менен дос болгонун, “Акаевге оппозиция болуп келгем” деген Атамбаев дал ошол Акаев учурунда 5 завод сатып алып байыганын, мурда Акаевдин айланасында жүрүп, Бакиевди түрмөгө олтургузуш керек деген депутаттар 24-марттан кийин биринчилерден болуп Бакиевди колдоп чыкканын, ошолордун баары азыркыга чейин парламентте олтурганын айтып чыкты.

“Лица” гезити АКШ президенти Обома Ө. Текебаевди кантип шыктандырганын, курултай Бакиевге мартка чейин мөөнөт бергенин, кокус ага дейре курултай койгон талаптар аткарылбаса массалык нааразылыктар жарандык баш ийбөөчүлүк менен коштолоорун жазды. Гезиттин ушул эле санында Лейла Саралаеванын Кыргызстандын бюджети тураалуу парламенттик баяны жана Кыргызстанда АКШнын Кристенсен Фонду жана Кыргызстан менен кызматташтык боюнча Швейцариялык Бюро демилгечи болуп өткөрүп жаткан коллективдүү көрмө тасмалардын Кыргызстандагы 1-фестивалы жөнүндө да кеңири маалымат берилген.

XS
SM
MD
LG