Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Ак үй Акаевдин “колундабы?”


Бүгүн “Кыргыз туусу” баштаган өкмөт гезиттери жарык көргөн жок.

“Ачык саясат” гезити “Акаевдин кадрларын Акүйгө ким алып келди, кайтыш болгон Карыпкуловбу же качып жүргөн Касымовбу?” деп суроо коюп, аларды К. Бакиев өзү алып келгенин, ажолукка жетелеп жеткизген ака-үкаларынын баарын кызматынан айдады, алардын ордуна Акаевдин кишилери – М. Садыркулов, И. Чудинов, А. Тагаев, Ч. Баекова, И. Айдаралиев, Э. Ибраимова, М. Суталинов, Ю. Тойчубеков, Э. Карабаев, К. Ташиев, И. Болжурова, К. Исаев, Б. Болотбеков, С. Балкыбеков, И. Ырсалиев ж. б. д. у.с. олтурат. Көрсө Т. Акундун “ Революция бир эле күн жашады” дегени туура чыкты” деп жазды. Гезитке муну менен катар эле “Ата Мекен” партиясынын төрага орунбасары Ташполот Балтабаевдин “Биздин бийликтин өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй саясатка күчү жетпейт”, ушул эле партиянын Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча координатору Илич Нарматовдун “Түштүк элинде да бүгүнкү бийликке болгон ишенич өчүп баратат” деген маектешүүлөрү жарык көрдү.

Кабарчынын: “Элдик революциялык комитеттин Ошто өткөрө турган акциясын түштүк эли колдойт деп ойлойсузбу? Деги эле түштүк жергесинде бүгүнкү бийликке болгон элдин маанайы кандай?” деген суроосуна Илич Нарматов, “Өзүңөр жакшы билгендей, Сузак аймагы президент Бакиевдин туулуп-өскөн жери. Бул жерде Бакиев элдин колдоосунан куржалак калды деп таккесе айтууга болбойт. Бирок бул адамдардын саны күн санап азаюуда. Менимче бүгүнкү бийликке нааразы адамдар 80 пайызга жетип калды” деп жооп берди. Гезит мындан тышкары ЖК депутаты, билим, илим, эл агартуу комитетинин төрагасы И. Өмүркуловдун “Бийлик мени эле эмес, үй-бүлөмдү да коркутуп жатат” деген интервьюсун шардана кылды. Анда Кыргызстан боюнча 250 миңге жакын студент барын, бюджеттен КР Илимдер Академиясына бир жылда – 142 млн. сом бөлүнсө, президент К. Бакиевдин кайтарууга – 110 млн. сом бөлүнөрүн, академияда иштегендердин айлыктары 2-3 миң сомдун тегерегинде экендигин айтып чыкты.

“Аалам” гезити “Саясий бейне” деген рубрика алдында: “Үсөн Сыдыков Ак үй менен кош айтышты” аттуу макала жарыялады. “Ү. Сыдыков кийинчерээк Акаевдин режими менен катуу кармашып жүргөн адам болуп чыга келди. Атүгүл революциянын алдыңкы сабына туруп, бийликти кулатышты. Анан президенттин админстрация башчылыгына учуп чыкты. Акүй ашканасын мыкты билген тажрыйбалуу жолдоштордун айтымында Ү. Сыдыковдун кетиши менен ал жактагы эки топтун тирешүүсүнө чекит коюлду”, - деп жазды гезит баяндамачысы Бахтияр Шаматов.

Ал андан ары Ү. Сыдыков кетип баратып “Манас” ордени менен сыйланганын, мындай сыйга И. Исаков алда канча татыктуу экенине карабай сыйланбай калганын, ал жолбошчылык кылган “Жаңы Кыргызстан” партиясы А. Бекназаровдун ревкомуна кошулуптур деп айтып жатышканын жар салды. Гезит дагы бир макаласынын атын “ Кыргызстанды энергетикалык кризис менен эле азык-түлүк кризиси, кант кризиси каптады” деп атады. Булардан тышкары УТРК чатагына байланыштуу нааразылыкка чыккандардын бири Алексей Филатовдун “Эшимканов – куурчак, марионет театрынын кожоюнубу?” деген аталышта гезит кабарчысы менен баарлашуусу басылды.

XS
SM
MD
LG