Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:55

“Кетсин!” дей бербей, келип кет...


Мурда гезиттердин көбү мына ушул шейшемби күндөрү чыгып келсе, эми алардын көбү бейшемби жана жума күндөргө ооп кетти.

“Эркин тоо” гезити “Ала-Тоодогу америкалыктар” аттуу макаланы окурмандарга сунуш кылды. Гезит кабарчысы жыл жаңырар менен Кыргызстандын бир топ ишкер айымдары “Манас” аэропортунун аймагында жайгашкан АКШ авибазасына барганын, андагы сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болгонун, мисалы, ушул жылдан баштап америкалыктар Кыргызстанда өндүрүлгөн суудан тартып, жер-жемиш, эт, сүт азыктарына чейин алып турмай болушканын кубанып жазат. Автор авиабазада жалпысынан 1700дөй адам иштесе анын 650дөйү кыргызстандыктар экенин, иштеген ишине жараша ар бири 300 доллардан 1 жарым миң долларга чейин айлык алышарын, тагыраак айтканда ашпозчу болуп иштегендер 2 күн эс алып, 2 күн иштеген 15 күнүнө 1000 доллардан маяна алышарын мисалга тартат.

Ошону менен бирге эле авиабазадагы аскер адамдары өткөн жылы өз чөнтөктөрүнөн Чүйдөгү 4 балдар үйүнө 155 миң доллар чогултуп бергенин кошумчалап, буга чейин айрым адамдардын плакат көтөрүп: “Америкалыктар кетсин!” дегендерин көрүп, чын эле булардын эмне кереги бар деген элек, бирок баарын кыдырып, өз көзүбүз менен көргөндөн кийин жагдайды түшүнгөндөй болдук. Акырында америкалыктар менен кучакташып, ырдап, бийлеп, сүрөткө түшүп, эски досторчо жылуу коштошуп кайттык” деп сөз кылган.

Гезит мындан тышкары “Султан Раев, балалык кыялдан министрге чейин”, “Даанышман өтөт сөз калат” деген макалаларды, акыркы күндөрү Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдарды жарыялады.

“МСН” гезити газ жөнүндөгү макаласын баяндап баратып, кезинде Аскар Акаев республиканын бардык социалдык объекттерин электр жабдуулары менен жабдып, жылуулукту жана тамак-аш жасоону бүтүндөй электр энергиясына өткөрүү тууралуу өкмөткө тапшырма бергенин, анан 92-95-жылдары 3200дөн ашуун мектеп, ооруканалар, бала бакчалар, административдик имараттар жана 363 миң жеке үй электр энергиясына өткөрүлгөнүн эске салган. Андан ары гезит: “Ошондон кийин электр энергиясын пайдалануу 3 эсеге, электр түйүндөрүндөгү авариялар 6 эсеге өскөн. Электр энергиясына өтүп жатып бир нерсени түшүнгөн эмес экенбиз, биз аны такыр эле түгөнбөй тургансып ойлопбуз. Көрсө түгөнөт тура. Ал эми арзан электр энергия менен калкты камсыз кылуу үчүн көп сандаган подстанцияларды, электр түйүндөрүн куруп чыгуу керек экен.

Ошондуктан өнөржай, энергетика жана отун ресурстар министри Ильяс Давыдов чиновниктерибиздин ар биринин акыл-эсине мына ушул жагдайдагы абалдын кандай экендигин жеткирүү үчүн жан үрөп жатпайбы, демек, жашоо-тиричилик үчүн газ менен көмүрдөн баш тартууга болбой тургандыгын турмуш өзү көрсөттү” деп баяндады. Аталган басылмага ошону менен бирге эле “Капитализм” деген макала басылды. Анда 2007-жылы Кыргызстандын тышкы карыздарын жабуу боюнча фонд түзүлгөнү, анын эмне жасагандыгы тууралуу кеп болот.

“Ачык саясат” гезити бул санын “Бийлик чабуулга өтүүдө” деген макала менен баштады. 17-18-январда райондордо болуучу Бириккен Элдик Кыймылдын лидерлери менен Талас элинин жолугушуусуна бут тосуу бийлик тарабынан эмитен эле күчүнө кирди деп жазган гезит, мындан бир гана жыйынтык чыгарса болорун, бүгүнкү Бакиев бийлиги өзүнөн бөлөк көз караштагы адамдардын эл менен жолугушуусунан өрттөн корккондой коркорун кошумчалаган. Гезиттин келтирген мисалына караганда, Кара-Буура районунун акими С. Эшалиев өткөн ишмемби күнү атка минерлерин чогултуп, бир адам жолугушууга барса мага таарынбагыла деп күпүлдөгөнүн, кол алдындагыларын айыл-айыл, үймө-үй кыдырттырып жүргөнүн далилге тарткан.

Басылманын дагы бир макаласынын аты “Садыркуловдун саясый салмагы канча?” деп аталган. Баяндамачы Садыркуловдун “садагага” чабылышын, жакындап калган президенттик шайлоонун шарт-жагдайына алып барып такайт. Автордун айтымында, акыры Жаныш Бакиев МЧСтен (Медет Чоканович Садыркуловдон) кылдаттык менен реванш алды. Анткени Медет мырза ошол эле Ж. Бакиевдин жакын жөкөрү А. Мадумаровдун кабыргасын кайыштырып, парламенттен айдап чыгып, Бишкектин агездеги мэри Даниярды далысынан таптап, “көчөгө” узатып койгон болучу. Эми тараза ташы кайрадан Жаныш жакка ооду. Адахан Кимсанбаевич кайрадан Ак үйгө келип конду. Анткен менен М. Садыркулов оппозициянын күчтөнгөн белин сындырып бергенге келгенде Бакиевге оңбогондой кызмат өтөдү. А. Атамбаевди Акүйгө барганга көндүрүп, ортосунан кыл өтпөчүдөй сезилген оппозициянын ойронун чыгарып, бөлүп-жарганга жетишти. Эми Садыркуловдун жакшы эле ыңгайлашып алган жылуу ордун бошотуп бергенине караганда бийлик тарабынан биротоло садагага чабылса керек деп бүтүм чыгарды аталган макаланын автору.

Гезит булардан тышкары экс-президент А. Акаевдин “Комсмольская правда” гезитинен которулуп басылган “Чыңгыз тоо” деген макаласын сунуш кылды. Акаев анысында улуу жазуучуну эскерип жатып: “Айтматов өзүнүн 80 жылдыгына бир нече ай жетпей жашады. Балким, элчиликтен жана улуу жазуучунун улгайган кезде админстративдик өзүм билемдик менен көнүмүш чөйрөсүнөн кемпайлык менен четтетилгендиги кейиштүү өлүмдүн келишин тездетти белем” деп жазат.

“Ачык саясаттан” ушуну менен бирге эле “Бийликтин калыс чечери күмөн” аттуу макаланы, “Соттор ишеничтен кеткенби?” деген ой-пикирлердин топтомун, “Өлкө жок болуу коркунучунда” деген баяндаманы окууга болот.
XS
SM
MD
LG