Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Абдуллах Гүл, “Тезек саясаты” термеси, “Ак шумкарды” алсыратуу...


26-майда кыргызстандык окурмандар үчүн «Эркин Тоо», «Ачык саясаты», «Көк асаба», «Кыргыз туусу», «МСН», «Тамчы кабар» гезиттери жарык көрдү.

«Эркин тоо»

«Эркин тоо» жана «Кыргыз туусу» гезиттери өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин «Түркиядан ала турган сабак көп» деген «Заман Кыргызстан» жумалыгына берген интервьюсун айрым кыскартуулар менен жарыялады. Бул маек Түркия президенти Абдуллах Гүлдүн Бишкекке расмий иш сапары алдында уюштурулду.

- Түркия биз үчүн КМШ чегинен сырткары өлкөлөр ичинде ири инвестор катары саналат. Ошентсе да кийинки жылдары инвестиция көлөмү көз көрүнөө азайып баратканы байкалат, - дейт өлкө башчысы.

59 жаштагы Абдуллах Гүл адистиги боюнча экономист, мусулман өлкөлөрүнүн экономикасы боюнча докторлук диссертация жактаган. Лондондо стажировкадан өтүп, 8 жыл Сауд Аравиясында Ислам өнүктүрүү банкында экономист болуп иштеген.

Андан ары анын Түркиянын исламдык «Жыргалчылык» партиясынан парламентке депутат болгонун, мамлекеттик министр жана басма сөз катчы болуп иштегенин, кийин «Жакшылык» партиясына лидер болуп, парламентке депутат болуп кайра барганын, Түркиянын премьер-министри, өлкөнүн тышкы иштер министри болуп иштеп, бийликтин бир топ бийик тепкичтеринде жүрүп, тажрыйба топтогонун, 2007-жылдын 28-августунан тарта Түркиянын 11-президент экенин «Эркин-Тоо» гезити ирети менен баяндайт.

«Ачык саясат»

26-майда жарык көргөн «Ачык саясат» гезити өткөн жумадагы «Учур» гезитине чыккан «Ак шумкар» партиясынын лидери, президенттикке талапкер Темир Сариевди сындаган макалага каяша жарыялады.

-«Учур» гезитине чыккан ал макала учурдун талабына шайкеш келбейт. Бийликтин гезиттери Темирди тепкиге алса бир жөн эле. Оппозициялык маанайдагы «Учур» гезитинин Темир Сариев жөнүндө учурган «канатсыз өрдөктөрү» канымды кашайтып турат» - деп жазуу менен Рыскелди Мамбетов, - Темирди тепкилегенче «тезек саясатын» термеге келтирсек, «Ак шумкарды» алсыраткыча, азыркы бийликти акылга келтирсек» -деп жыйынтыктайт макаланын автору.

«Ачык саясат» гезити «Татыктуу аз болсо, талапкер көп…» деген макаласында президенттикке талапкерлер тууралуу баяндап, “өкүнүчтүүсү, оппозициядан президенттикке негизги талапкерлер башкы атаандашы Курманбек Бакиев менен атка минерлер армиясын унутуп коюп эле, бири-бири менен атаандашып, бири-биринин чүмбөтүн сыйрый баштагандыгы. Мунун баары эмнени каңкуулайт: Кыргыз элитасы мамлекетти жөндүү башкарып, сактап калууга али кудуретсиз экендигинде эмеспи? – деп тыянак чыгарат журналист Авдувахап Мониев.

Ушул «Ачык саясат» гезитинде саясый куугунтукка каршы комитеттин төрагасы Топчубек Тургуналиевдин «Арбагы ыйык кыраан Докем» деген маркум Дооронбек Садырбаевден эскерүүсү жарык көрдү.

"Докемдин көөнөрбөс мурасын асыроо, үйрөнүү иретинде, анын жаркын элесине таазим кылып, жаш кинорежиссерлордун Дооронбек Садырбаев атындагы борбору түзүлсө дурус болоор эле. Бишкектин бир көчөсүнө анын ысымын ыйгаруу да зарыл", - деп маселе коюп, өз пикирин билдирген Топчубек Тургуналиев.

«Кыргыз туусу»


26-майдагы «Кыргыз туусу» гезити Камбарата-2 ГЭСин биринчи гидрожабдуусун жеткирүүсүн башкы жаңылык катары жар салды.
Салмагы 97 тонна, 6 метрден ашуун бул дөңгөлөк Төө-Ашуу жолунан бир топ кыйынчылыктар менен өткөнүн, июнь айында гидрожабдууну орнотуу иши башталарын баяндап, эми мындай жумушчу дөңгөлөктөн дагы экөөнү алып келүү алдыда турганын, анын ар биринин наркы 150 миң рублге барабар экенин жазуу менен: "Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи гидроагрегатынын жумушчу дөңгөлөгүн жеткирүүнү кытайлык «Кайшень-Юань» компаниясынын адистери жүзөгө ашырды. Ташып жеткирүүнүн баасы АКШнын 190 миң долларын түздү, - деп маалымдайт «Кыргыз Туусу» гезити.

Ошондой эле ушул «Кыргыз Туусу» гезити аркылуу инженер-энергетик Бурулбүбү Жумашева – «Бишкекке жаңы ТЭЦ куру зарылдыгын белгилеген.

- Эски ТЭЦ 1955-жылдан бери иштеп келет. Жаңы курулган үйлөрдү жылытууга кудурет жетпейт. Ошондуктан Жалдагы ТЭЦти куру абадай эле керек, - деп маселени кабыргасынан коет энергетик Бурулбүбү Жумашева.

26-майда жарык көргөн «Кыргыз Туусу» жана «Эркин Тоо» гезиттери Кыргыз өкмөтүнүн Түркия Республикасына болгон карызынын мөөнөтү 33 жылга узартылганын, Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтыгы тууралуу да кеңири баяндаган макалалар түрмөгүн жарыялады.

«Көк асаба»

26-майда жарык көргөн «Көк асаба» жумалыгы кытайлык кыргыз окумуштуусу Макелек Өмүрбайдын «Адам турмушун доллар менен ченеп калдык» деген интервьюсун жарыялады.

- Кытайлык кыргыздар кыргызча так сүйлөшөт. Мисалы: Сиздер музей дейт экенсиңер, - бизде – ажайыпкана. Мен Кыргызстандын көп жерин көрдүм, - деп Макелек Өмүрбай кыргыз тили, Эне-Сай орхон жазуулары, «Манас» эпосу, доорубуздун залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов тууралуу аңгеме-дүкөн курган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG